Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Путин: Орусия Кыргызстанды ар тараптуу колдоону улантат


Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль, 2017-жыл.
Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль, 2017-жыл.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу маалында билдирди. Ал эки өлкө ортосунда 25 жылдык дипломатиялык кызматташтык жолун басып өтүү жеңил болбогонун ырастады:

- Бул жол оңой болгон жок, бирок постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө ушундай болду. Биз Кыргызстандагы абалдын турукташканына, өлкөнүн демократиялык түзүлүшү өнүгүп жатканына кубанычтабыз. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча сүйлөшүүлөр жеңил болбогонун билебиз. Президент Кыргызстандын кызыкчылыгын эмоционалдуу жана өтө катуу коргоду. Жараянга катышкан бардык тараптарды канааттандырган мунаса чечим болду. Быйыл ЕАЭБге Орусия төрагалык кылат, Кыргызстанды ар тараптуу колдоону улантат.

Орус президенти бүгүн Бишкекке Борбор Азияга сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган жана бул өлкөлөр менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Кыргыз-орус дипломатиялык мамилесине 20-мартта 25 жыл толот. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча Орусия биринчи орунду ээлейт. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG