Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Коргоо министрлигинин Кант шаарындагы аскер бөлүгүндо 20 жаштагы катардагы жоокер каза тапты. Азырынча ал өзүн-өзү асып, жанын кыйган деп айтылууда.

Анткен менен каза болгон жоокердин ата-энеси буга ишенбей турушат. Өткөн жылы Кыргызстанда жети жоокер өз жанын кыйган. Бирок адам укугун коргоочулар бул иштер боюнча тергөө иштери толук жүрбөй жана күнөөлүүлөр жазасын албай калганын айтышат. Алардын пикиринде, жоокерлердин өз жанын кыйышына армиядагы “дедовщина” негизги себеп.

Өзү барбай, сөөгү барды

Баткендин Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Элдияр Камчыбек уулу ушул жазда аскерден бошоп, үйүнө бармак. Камчыбек Асановдун үй-бүлөсү бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жаткан болчу. Бирок капилеттен үйүнө алды менен суук кабар, андан соң Элдиярдын сөөгү келди.

Жоокердин атасы Камчыбек Асанов спорт менен машыгып жүргөн уулу өзүн-өзү асып, жанын кыйган деген кабарга ишенбейт:

- Балам каза болгон күнү айылда классташынын үйлөнүү тою болгон. Ага телефон чалган, башка достору менен да сүйлөшкөн. Апасына да телефон чалып, досунун тоюна белек бериңиз деп айткан. Арадан көп өтпөй эле ушундай болуп калды деп айтышты. Менимче, баламды жабыла уруп туруп, асып коюшкан болсо керек. Анткени анын өзү асынып калганына ошол жерди барып көргөн адам ишенбейт. Аскер бөлүктөгүлөр баламды таппай эки саат издедик деп жатышат. Дааратканага кирген адамга эле көрүнүп турган жерде экен.

20 жаштагы Элдияр Камчыбек уулу бул карапайым үй-бүлөнүн эң улуу баласы болчу. Окуя 10-январь күнү кечки тогуздарда Коргоо министрлигинин Кант шаарындагы номур 33 665 аскер бөлүгүндө болгон. Коргоо министрлигинин расмий версиясы боюнча, ал өзүн өзү асып, жанын кыйган.

Бул тууралуу министрликтин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнис Элеманов маалымдады.

- 2013-жылдын май айында чакырылган жоокер болчу. Аскер бөлүктөн анын сөөгү табылды. Аскер бөлүктөгүлөр көргөндө өзүнүн шымын курчаган курунда асынып туруптур. Бул Кадамжай районунан чакырылган жоокерибиз болчу.

Эламанов кошумчалагандай, жоокердин өлүмү боюнча Коргоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ага ылайык, буга жол беришкендиги үчүн бөлүктүн командири, анын орун басары жана ошол жерде иштеген үч кызматкер, Коргоо министрлигинин дагы бир кызматкери жумуштан четтетилди. Ал эми жоокердин эмне себептен мындай кадамга баргандыгын учурда Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Алардын билдиришинче, өткөн жылы өз жанын кыйган жоокерлердинн саны 7 болсо, 2012-жылы 10го жетти.

Жан кыюуга “дедовщина” мажбурлайбы?

Аида Курманалиева аттуу бир жарандын иниси туура бир жыл мурда Беловодск айылындагы №16 түзөтүү мекемесинде аскердик милдетин өтөп жатып, өзүн өзү жүрөккө атып мерт болгон. Буга ишенбеген жоокердин туугандары тергөө кайрадан жүргүзүлсүн деген талап менен өткөн жылдын ноябрь айында Ак үй алдына митингге да чыккан.

- Бир эле жыйынтыкка келип, өзүн өзү өлтүрдү деп ишти жаап койгонго биз каршыбыз. Биз өкмөт компенсация төлөсүн, аскер бөлүктөрү реформалансын, ал эми тергөө иштери кайрадан жанданып, изилденип күнөөлүүлөр жазалансын деген маселени көтөрдүк. Өзүн өлтүрдү деп тим болбой, ошого ким алып барды, эмне себеп болду ошону аныктасын. “Адамды өлүмгө алып барды” деген беренени козгошсун. Бул берене дегеле Кыргызстанда иштебейт экен.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова аскерде каза тапкан жоокерлердин укугун коргоп келатат. Анын айтымында, аскерде тартиптин жоктугу жоокерлерди ушундай кадамга аргасыз кылат.

- Аскерде “дедовщина” деген нерсе токтолгон жок. Бул эң негизги себеп болуп жатат. Мындан башка дагы негизги себептердин бири - аскер бөлүктөгү жоокерлердин коопсуздугун жана укугун коргоого жоопкер болгон аскер бөлүктүн жетекчилери жоопко тартылбай калганынан болууда. “Жоокер өзүн өзү өлтүрдү” деген гана жыйынтык чыгарып, эч ким жоопкерчиликке тартылбайт.

Бирок мындай пикирге саясий жана аскер иштери боюнча серепчи Токтогул Какчекеев кошулбайт. Анын пикиринде, өз жанын кыйгандар, бир гана армияда эмес, мектепте жана улуу жаштагы адамдар ортосунда да кезигет.

- Былтыр Бишкекте эле өспүрүм балдардан 40ка жакын бала өз өмүрүн кыйды. Ошто, Ысык-Көлдө да мындайлар болуп жатат. Улгайган адамдардын арасында деле өз жанынан кечкендер бар. Мунун баары өлкөдөгү социалдык абалга байланыштуу. Аскердин маселесине келсек, бир ротада бир чакыруудагы балдар келет. Керек болсо, бир айылдан келген балдар бар. Анан кайсы “дед” болмок эле.

Өткөн жылдын ноябрында уулдары аскерде каза тапкан бир канча ата-эне Ак үй алдында митинг уюштуруп, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну, кылмыш иштеринин калыс иликтенишин талап кылышкан болчу. Аларды вице-премьер-министр Токон Мамытов кабыл алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG