Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:36

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов чек арадагы кырдаал боюнча суроолорго жоп берди.

“Азаттык”: Ноокенде өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык жаран мерт болду. Буга чейин да мындай окуялар болуп келген эле. Парламент буга карата кандай чара көрөт?

Токон Мамытов: Өзүңөр билгендей, мындан бир нече күн мурун чек ара маселесин парламентте козгоп, атайын Чек ара кызматынын төрагасын чакырып, жалпы чек ара кызматынын абалы, чек аралардагы абал боюнча маалыматты да укканбыз. Биз ошондо өзүнчө токтом кабыл алып ушул маселе каралган.

Баткен облусунда, Ошто, мына эми Жалал-Абадда ушундай кайгылуу окуялар болуп жатат. Биз буга да көңүл буруп, бул жөнүндө да сурайбыз. Менин билишимче, азыркы учурда Чек ара кызматынын жетекчилиги иликтөөлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Анын жыйынтыгы менен биз да тиешелүү чара колдонобуз.

“Азаттык”: Мына чек ара, андагы коопсуздук боюнча парламентте талкуулар болуп жатат деп айттыңыз. Эмне себептен чек арада ушундай окуялар тыйылбай жатат деп ойлойсуз. Башкы себеби эмнеде?

Токон Мамытов: Ачыгын айтыш керек, биздин Чек ара кызматы Өзбекстандын, а түгүл Тажикстандын Чек ара кызматынын деңгээлине чыга албай жатат. Себеби мамлекет соңку жылдарда тиешелүү көңүл бурган эмес. Акаевдин жана Бакиевдин учурунда да ушундай мамиле болгон. Мына эми гана чек ара кызматына көңүл бурулуп, парламент, өкмөт дагы тиешелүү чараларды колдонуп, буларга материалдык жактан да жардам берели, каражат жагын да карайлы деп жатабыз. Мындан сырткары чек арадагы аскерлердин санын да көбөйтүү керек. Көп проблемалар бар. Ошолорду комплекстүү түрдө чечсе болот эле.

Чек ара маселелерине арналган парламенттик угууларда мен сунуш киргизгем: кандайдыр бир мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде чек араны бекемдөө боюнча программа кабыл алыш керек деп. Антпесек ушул абалда кала беребиз.

“Азаттык”: Адатта кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал болгондо, аны талкуулаганда же иликтегенде өзбек тараптан жооп келбейт деп айтышат. Ушул чек ара маселелеринде мамлекеттер аралык кызматташууну кантип жандантса болот?

Токон Мамытов: Кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын ортосунда мамилелерди, карым-катнашты бекемдеш керек. Бир топ маселелерди парламент чечсин, өкмөт чечсин деп отуруп алып башкаларыбыз чара колдонбой жатпайбызбы. Мына, мен деле иштеп жүргөндө башымдан өтүп калды, мурда, бир убакта билесиңер биздин элдин экиден-үчтөн, машинасы менен, аты менен, малы менен, короо койу менен чек арадан ары айдап кеткен учурлар болуп жатпадыбы.

Мен иштеп турганда Ташкентке, Анжиянга, Ферганага эки-үч жолу барып, алардын жетекчилери менен жолугуп, мамиле, карым-катнаш түзүп бир топ маселелерди чечип калганбыз. Мына азыр ошол мамилерди кайра жандандырып, бекемдеш керек. Ушундай маселелерди сүйлөшүп чечсе болот. Эгерде таламандын так түшүндө, кыргызбы, же өзбек жараныбы чек араны бузуп келатса ага курал колдонбош керек, жөн эле токтотуп, иликтөө жүргүзүп, күнөөсү болсо айып пул тагып эки мамлекеттин органдарынын беттештирип туруп, берип коюш керек. Ушундай ыкмаларды колдонуш керек.

“Азаттык”: Азыр эки өлкө ортосундагы чек араны аныктоо иштери кайсы баскычка келди?

Токон Мамытов: Бул иштер бир топтон бери токтоп калды эле. Азыр кайра жаңыдан башталып жатат. Эки өлкө ортосундагы 1371 чакырым жердин 300 чакырымдайы тактала элек. Азыр ошону тактоо иштери жүрүп жатат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG