Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Ысык-Көлдүн Эчкили-Таш чек ара бөлүгүндөгү кандуу окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Бул маселе "Азаттыкта" да арай көз чарай талкууланып, ага
Жогорку Кеңештин депутаты, чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант Токон Мамытов менен УКМКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Гүлзат Шамсуддин катышты.




“Азаттык”: Катардагы чек арачы, өткөн жылы аскерге чакырылган жоокер келишим менен кызмат өтөгөн жоокерлерди жана командирин атып өлтүрүп отурат. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?


Токон Мамытов: Кайгылуу окуянын себептери көп болсо керек. Биринчиден, бул азыркы аскерге чакыруу системасынын иштебей жатканынын белгиси. Экинчиден, чек ара деңгээлиндеги командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздиги, алардын командирлик даярдыгынын аздыгы, үчүнчүдөн, тарбия маселеси тиешелүү деңгээлде аксап атканы. Ал эми төртүнчү орчундуу маселелердин бири – чек ара кызматын социалдык, каржылык, материалдык жактан камсыздоо маселесин өкмөт бүгүнкү күнгө чейин чечпей келе жатканы. Мына ушундай себептерден улам жаман окуя чыгып отурат.

Гүлзат Шамсуддин: Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин адам ресурстарына көңүл бурулбай калган. Анткени аскер бөлүктөрү болобу, базар болобу ал жакта биринчи орунда адам баласы турушу керек. Анын акыл-эс, аң-сезими кандай болот, мына ушуга маани берилбей калген. Бул жигит 1993-жылы туулган экен, эгемендик алгандан кийин туулган бала тарбияны кандай алган? Биз ошонун кесепетин көрүп жатабыз. Эң негизгиси –Кыргызстандын аскер саясаты кандай болушу керек, мына ушуну ойлонушубуз керек.





“Азаттык”: Элиталык деп эсептелген чек ара кызматында ички атмосфера кандай? Кызматкерлердин айлыгы канча?

Токон Мамытов: Күч структуралардын бюджети тууралуу ачык айтылбайт. Бирок чынын айтканда өтө зарыл болгон керектөөнүн да 30-40% гана жабдылат. Жогорку Кеңештеги биздин комитет бул маселени төрт-беш жолу көтөрүп, каржы министри Жапаров менен өкмөт башчы Бабановго тапшырма бергенбиз.

Бирок алар бизди бир нече жолу алдашты, жаңы жыл алдында, бюджетти бекитер алдында “жазында акча түшөт, апрель-майда кийирип берели” деп каржы министри өзү айткан. Кийин июнь айында келгенде “күзүндө чечилет, акыркы сөздү комиссия айтат” деп кутулушту. Комиссиясы деле эч нерсе кылган жок.

Бүгүнкү күнү өкмөттүн эң чоң күнөөсү – мына ушул чек арага кайдыгер караганы деп айтат элем. Анткени чек арасы болбосо мамлекет болбойт. Гимнди ырдап, гербди көтөрүп, желекти илип койгондон эле мамлекет болуп калбайт да. Жерибиз, чек арабыз – мамлекеттин биринчи атрибуту. Бүгүнкү чек ара кызматында болуп аткан маселенин баары – өкмөттүн кайдыгер мамилесинин натыйжасы. Анткени аларга бүт органдар кайрылып айтып атат: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси, андан калса чек аранын командачысы, депутаттар, профилдүү комитет чечим чыгарып атса, ошону аткарбай жатпайбы.

Гүлзат Шамсуддин: Биз жазында Улуттук коопсуздук боюнча концепция кабыл алдык, бирок аны жөн эле бир кагаз түрүндө кабыл алып калдык. Анткени ал жерде аны каржылоо системасын эч ким ойлонгон жок. Кайсы тармак кантип каржыланат, бул суроо жоопсуз калды.

Менимче, концепцияны кабыл алганда ар бир тармакка канча каржы кетет, ошонун баарын бөлүп жазып, беш жылга бир стратегиялык божомол берилүүгө тийиш эле. Өкмөт ошол концепцияны кабыл алгандан кийин аны каржылоону өзү киргизүүгө тийиш. Мына ушундан улам өлкөбүздөгү кадр саясаты кандай жүрүп жатат, тармактарга адис кызматкерлер келип иштеп атабы деген суроо туулат.

Ошондуктан бүгүнкү күнү чек ара кызматын толугу менен реформалоого убакыт келип жетти. Өлкөнүн коопсуздугу, жерибиздин бүтүндүгү эң биринчи маселе болуш керек, ата-бабаларыбыз бир чарчы жер үчүн кан төгүп келген.

“Азаттык”: Эчкили-Таш чек ара бөлүгүндөгү бул окуя, буга чейин Баткендеги чек ара бөлүктөрүндө муунуп өлгөн аскерлер болду. Мындан жоопко тартылган жетекчилер болгон жок. Мүмкүн чек ара кызматын реформалоо керектир?

Токон Мамытов: Бир эле чек ара эмес, жалпы Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча президент менен жакында сүйлөштүк. Бул маселени мамлекет башчы көтөрүп атат, бүгүнкү күнү ушул долбоордун үстүндө иштеп атабыз. Бирок бир нерсени айтып кетейин, буга чейин да реформалар болгон, жети-сегиз жолу болгон, бирок кагаз жүзүндө кала берген. Анткени каржылоо жок болсо, каржы министрлиги менен өкмөт көңүл бурбаса, кандай гана реформа болбосун аягына чыкпайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG