Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Түштүктөгү чек ара маселеси кайрадан Жогорку Кеңештин күзгү сессиясынын башкы талкуусу болчудай.

Жаңыдан гана ишин баштаган Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жалпы жыйынында бир катар депутаттар Баткен облусуна кошумча күч жөнөтүү, Чек ара кызматын Ошко которуу демилгесин көтөрүштү. Баткен облусунда акыркы айларда эле бир катар чек ара чатактары орун алган.

Тажикстан менен чектешкен айылдардын биринде жашаган Баткен облусунун тургуну Өмүрбек Рысалиев айыл тургундары "дагы эмне болуп кетет" деп, кооптонуп жашап калганын айтууда.

- Тажик-кыргыз чегинде маселе оор. Бирөөнү атып, бирөөнүн тамынын терезесин талкалаган, башкаларды кармап кеткен чыр-чатактар болуп жатат. Ар кандай коопсуз иштерден эл тынчсызданып жашоодо. Чек ара маселесине мамлекет жетишерлик көңүл буруп берсе, жакшы болот эле. Балким жаңжал чыгып кетпеси үчүн бул жакка кошумча күчтөрдү алып келеби. Ушуну карап, чечип беришсе жакшы болмок.

Баткендеги чек ара маселеси 5-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн темалардын бири болду. “Ата Мекен” партиясынын депутаты Ташполот Балтабаев Жогорку Кеңеш жыйынында Баткен облусунун тургундарынын оюн улап, облуска аскерлерди, кошумча күчтөрдү жөнөтүү зарылдыгын билдирди.

- Эл "бизди мамлекет коргосун" деген талап коюп жатат. “Бизди минтип карабай таштап коё турган болсо, көчүп кетүүгө аргасыз болобуз” деп айтышууда. Азыр ыкчам аракеттерди жасап, ал жерге убактылуу, же туруктуу жайларды куруп, бул жактагы чек арачылардын 30 пайызын ошол жакка жөнөтпөсө, ал жактагылардын күчү жетпей жатат.

Балтабаев өзгөчө кооптуу деп, Тажикстандын Исфара району менен чектешкен Баткен районунун чектерин атады. Айрыкча Тажикстандагы ноябрь айына белгиленген президенттик шайлоодо бул чөлкөмдө чыр-чатак тутанып кетиши ыктымал деп кооптонот депутат.

- Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрү оор. Булар Согди облусунун Исфара району менен чектешип турат. Андагы Чорку, Ворух деген Тажикстандын жерлери маңзат аткезчилигинин уюгу. Ал жерлердеги кырдаалды президенттик шайлоодо оппозиция саясий курал катары да пайдаланышы мүмкүн деген маалыматтарды жергиликтүү эл айтып жатат.

Күч жетиштүү, көйгөйлөр да аз эмес

Баткен облусундагы чек арачылар өздөрү даярдык жана сапат жагынан кошуна мамлекеттердин чек арачыларынан калышпай турганын айтышууда. Бирок сан жагынан аз экенин моюнга алышат. “Анткен менен чек арадагы кырдаал анчалык кооптоно тургандай абалда эмес” дейт Баткен районундагы атын атагысы келбеген чек арачы.

- Чек арачыларды көбөйтүш керек. Бул жердеги кошуналардыкы канча экенин толук билбейм, бирок биздикинен көп. Айылдын эли да айтып жаткандай, бир тополоң болуп калса, бизден беш-алты эле адам барабыз. Алардан көп адам келет. Көбүрөөк баралы десек, өзүбүз азбыз. Бирок даярдык жагынан, биздики мыкты, болгону сан жагынан азбыз.

Жогорку Кеңеште ошондой эле мамлекеттик Чек ара кызматын Бишкектен Ошко көчүрүү демилгеси да көтөрүлдү. Мурда Ошко көчүрүлгөн Чек ара кызматы борбордук аппараты былтыр кайра Бишкекке которулган. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов депутаттардын демилгесин комментарийлеп, Чек ара кызматынын борбордук аппаратын Ошко көчүрүү анын башкаруу жана чарбалык ишин солгундатып жиберет деген ишенимде. Ал аталган кызматтын буга чейин Ошко көчүрүлгөнүн мисал тартты.

Матеновдун пикиринде, Чек ара кызматынын борбор калаадан алыс болушу каржылык чыгымды тескерисинче көбөйтүп, башкаруунун сапатын төмөндөтөт. Ал эми Баткенге чек арачыларды көбөйтүү боюнча буларга токтолду.

- Азыркы убакта чек арачылардын 63 пайызы түштүк аймактарда, калган 37 пайызы бул жактарда. Андыктан күчүбүз жетиштүү. Бирок көйгөйлүү маселелердин бири келишимдик негиздеги келе турган чек арачылардын орундары толбой, бош орундар көп болуп жатканы. Буга айлык-маянанын аздыгы себеп. Эгерде алардын социалдык маселесин чечпесек, 10-11 миң сомго келишим менен чек араны кайтарууга келишпейт экен. Чек ара кызматында келишим менен келгендер жалпы чек арачылардын 38 пайызын түзөт.

Матенов ошону менен бирге Баткен чек ара отрядынын өзүндө эле келишимдик негизде 150дөй чек арачынын орду бош турганын, облустун эли өз балдарын бул орундарга жиберсе жакшы болорун кошумчалады.

Баткен облусунда акыркы айларда эле бир катар чек ара окуялары катталды. 1-сентябрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын Ак-Чечек айылынын аймагында Тажикстандын 4 жараны 5 ок атуучу курал менен кармалып, алар мергенчилер экени аныкталгандан кийин тажик тарапка өткөрүлүп берилген. Ал эми 20-августта Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинин Кыргызстан менен чектешкен жеринде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен.

Мындан тышкары жол, суу жана жайытка байланыштуу окуялар күн алыс катталып турат. Ошондой эле Кадамжай районунун бир тургунун өзбек чек арачысы атып салган окуя июнь айында катталган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG