Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Боронов: Башкыcы - Лейлекте баш аман


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Баткендеги катуу жаандан пайда болгон сел 200дөн ашык үйдүн ичин жана чарбактарды, жолдорду каптап, ондогон үйлөрдү керектен чыгарды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттыктын" суроолоруна Лейлек районунан жооп берип жатып билдирди.

"Азаттык": Министр мырза, Лейлек районундагы жаратылыш кырсыгы боюнча бизге ар кандай маалыматтар жетип атат. Сиз ал жерге кырсыкка байланыштуу барган экенсиз. Жагдай кандай?

Кубатбек Боронов: Бешкент, Кулунду, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнө караштуу он айылдын аймагында нөшөрлөгөн жаандан сел жүрүп, турак жайларды, ички чарбалык жолдорду каптап кеткен.

Кечээтен баштап 60 куткаруучу, башка адистер жергиликтүү бийликтер менен чогуу иш алып барып атышат. Азыр Бешкент айыл өкмөтүн карап чыктык. Жергиликтүү комиссия отуз үй жараксыз деп сунуштаган. Бирок адистер буга чейин караган он эки үйдүн төртөөн жараксыз деп табышты. Бул айыл өкмөттө жалпысынан жыйырмадан ашык үй жараксыз болчудай.

Мындан тышкары 262 үйдүн ичине жана чарбактарга суу кирип кеткен. Негизинен ички чарбалык жана Транспорт министрлигинин карамагындагы жолдор жабыркады. Айылдардын миңден ашык кожолуктарына суу берүүчү чоң каналдын бир топ жерин кум-шагылга толтуруп салган.

Транспорт, айыл чарба министрликтеринин, жергиликтүү бийликтин, элдин жардамы менен тазалоо, кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Айылдардын ичүүчү суу системасы бузулуп кеткен жагдай да бар. Ал боюнча чаралар көрүлүп жатат.

“Азаттык”: Адистер чыгымдардын болжолдуу эсебин айтып атышабы?

Кубатбек Боронов: Бешкент айылы боюнча чыгымдын эсебин адистер 7 миллион сомдон ашык деп атышат. Андан азыраак да болушу мүмкүн. Материалдык чыгымды эсептөө бир күндө мүмкүн эмес. Комиссия иштеп атат. Үч-төрт күн керек. Эң негизгиси адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

“Азаттык”: Ушул эки-үч күн аралыгы опурталдуу, кээ бир жерлерде кар жаайт деп айтып атпайсыздарбы. Алдын алуу чаралары көрүлүп атабы? Министрликтин каруу-күчү жетеби?

Кубатбек Боронов: Алдын ала чараларын, мен адис катары айтып коёюн, элге түшүндүрүү жана коопсуздугун сактоо багытында гана жасай алабыз. Мисалы, бир айылдын үстүндөгү он сегиз коктудан түшкөн суулар менен шагылдар агып келип каналдарды толтуруп салган. Ага он сегиз тосмо кура албайбыз да.

“Азаттык”: Албетте, адамдын өмүрүн сактоого кам көрүү силерге окшогон министрликтин милдети эмеспи. Ошол кооптуу жерлерде жайгашкан адамдар, бүлөлөр бар да. Аларды эмне кылып атасыңар?

Кубатбек Боронов: Мына, кечээ Оштон чыккан куткаруучулар бүгүн эртең менен бул жерде болуп калышты. Убактылуу болсо да элдин турмушун жөнгө салып берүү үчүн 50 чатыр, төшөк, ашкана жабдууларын, гигиеналык буюм-тайымдарды толук ала келгенбиз. Суу чыкпай калган айылдарга суу ташуучу автоунаа ала келдик. Эми үйлөрү жараксыз болуп калгандарды кышка чейин кайра тургузууга жардам беребиз.

“Азаттык”: Ошол үй-жайсыз калгандардын эсеби барбы?

Кубатбек Боронов: Жогоруда айтылган турак үйлөрдө канчадан киши жашары эми такталып жатат.

“Азаттык”: Сүлүктүдө, Сузакта да жаратылыш кырсыгына кирептер болгондор бар деп атышат.

Кубатбек Боронов: Сүлүктү боюнча бизде андай маалымат жок. Сузакта сел эки үйдүн короосуна кирген. Үйлөр сак. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

“Азаттык”: Бүгүнкү кырдаалга кандай баа берип жатасыз?

Кубатбек Боронов: Өтө опурталдуу. 2012-жылкы кырдаал кайталанчудай болуп турат. Бул тууралуу эл менен жолугушууларда, маалымат каражаттары аркылуу буга чейин да айтып келгенбиз. Биз ушундай болорун алдын ала билгенбиз. Азыр биздин башкы максат жарандардын коопсуздугун коргоодо болууда.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG