Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өтүүдө. Буга байланыштуу президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” маек курду.

- Жыйында Борбор Азиядагы коркунучтарды алдын алууну темасы да талкууланары айтылып атат. Кандай коркунучтарды көрүп жатасыз?

- Борбор Азиядагы коркунучтар ЖККУнун ар бир жолугушуусунда эле күн тартибине коюлат. Бул көнүмүш тема болуп калды. Дайыма эле терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды ташууга каршы күрөшүү маселелери көтөрүлөт. Бирок өтө жакшы иш-чаралар жасалбай жүргөнүн мойнубузга алышыбыз керек.

ЖККУнун таасирдүүлүгү жөнүндө эксперттер тарабынан көптөгөн сын пикирлер айтылып жүрөт. Андай сын пикирлердин көбү негиздүү. Жайында өткөн бейформал саммиттин учурунда уюмдун таасирдүүлүгүн күчөтөлү деген маселе көтөрүлдү. Бирок кандай кылып көтөрөбүз, эмне кылабыз деген маселе дагы деле күн тартибинде турат.

Ал эми бул жолку жолугушууда "мындан ары эл аралык, ички маселелер боюнча ЖККУ бир пикирде чыгып жүрөлү" деген негизги болгону турат. Себеби НАТО биргелешкен пикир, билдирүүлөр менен чыгып жүрүшөт. Бул жакшы нерсе, бирок ал үчүн бирдиктүү саясат болуш керек. Ошол саясат кандай жол менен биригет - анын механизми ойлонто турган иш. Анткени ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бирөө да азыр демократиялык мамлекет боло элек. Демократиянын жолундагы мамлекеттер десек болот.

- Жыйында негизинен ЖККУнун ишин жакшыртуунун жолдору талкууланат экен. Уюм кандай реформаларга муктаж?

- Негизи уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чечиш керек. Анткени ар бир саммит болордун алдында эле Москва менен Минсктин ортосунда нааразычылыктар чыга калат. Мисалы, Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныйм деп убада берип коюп, Минск тааныбай койгон. Тажикстан болсо "аскер базалардын баасын төлөп бергиле, ошону чечип бергиле" деген маселе коёт.

Кыргызстанга былтыр "июнь коогалаңында жардам беребиз" деп сөз жүзүндө айтылган менен, кийин жардам сурап кайрылганда ЖККУдан оң жооп болгон жок. Кийин уюмдун баш катчысы Бордюжа бул Кыргызстандын ички иши болгонун айтты. Өзбекстан, Казакстан жана кошуна мамлекеттерден бизге келген гуманитардык жардамды ЖККУ берип атат деп ошону менен алдамыш болду.

Ал эми бизге убада кылган техниканы албай эле калдык. Жалгыз гана Армения анча-мынча унаа берди. Аларга рахмат айтып коюш керек. Бирок ал деле ЖККУга мүчө болгондугу үчүн эмес, эки тараптуу кызматташуунун негизинде берилди.

- Алмазбек Атамбаевдин шайлоодон кийинки “Манас” базасын чыгарабыз дегени коомчулукта талкууну жаратып атат. Деги эле Борбор Азиядагы коопсуздукту сактоого бул уюмдун күчү жетеби?

- ЖККУнун коопсуздукту сактоого күчү жетпейт. Бирок Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадагы “араб жазы” же “жасмин ыңкылабы” деген окуялардай кырдаал болуп кетсе, бийлигибизди кантип сактап калабыз деген маселе ЖККУ лидерлерин көбүрөк ойлонтуп атат. Ошондуктан биз бир аз тескери тарапта тургандайбыз.

Кийинки кезде Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жакын болуп, жакшы нукта кетип жатканын айта кетишибиз керек. Бирок бул эки тараптуу кызматташтыктын ЖККУга тиешеси жок.

Ал эми “Манас” транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылга чейин. Ушул жылда Америка жана НАТО Ооганстандан аскер күчтөрүн алып чыгып бүтүшөт. Бирок Ооганстандагы абал ал кезде кандай болот? Америкалыктар го чыгып кетип калат, биз аймактан эч жакка кете албайбыз. Коопсуздук биздин мойнубузга түшкөндө ЖККУнун күчү жетеби деген маселе келип чыгат. ЖККУ ал жакка эмес, түштүктөгү окуяга жардам бере албай койду эле. Ошондуктан базаны чыгарабыз дегени жакшы ой, бирок аны трансформация кылыш керек болот.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG