Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Кыргызстандагы аскер кызматкерлери, жоокерлер заманбап аскердик техниканын тилин билеби, акыркы үлгүдөгү курал-жарактарды колдоно алышабы? Бул суроолорго генерал-полковник, Улуттук Гвардиянын мурдагы жетекчиси, Ооган согушунун аскердик-согуштук уюмунун башчысы Абдыгул Чотбаев жооп берди.

- Абдыгул мырза, алгач бүгүнкү майрамыңыз менен куттуктай кетели!

- Рахмат, сиздерди да, жалпы кыргыз элин, мекенди коргоочуларды майрам менен куттуктайм!

- Сиз Улуттук гвардияны жетектеп тургансыз, өзүңүз Ооган согушунун ардагерисиз. Акыркы убактарда кыргыз армиясынын дарегине көп эле сын-пикирлер айтылып атат, мисалы, биздин жоокерлер акыркы заманбап курал-жарактарды пайдаланууну, аскердик техникалардын тилин билбейт деген?

- Сурооңузга түшүндүм, бирок мен андай дооматтар менен макул эмесмин. Азыркы офицерлер, генералдар, прапорщиктер, сержанттар, катардагы жоокерлер кызмат кылгандан кийин ар биринин өздөрүнө жараша аскердик милдеттенмелери, кесиптери бар. Алар машыгуулардан өтүп атышат, баарына даяр эле.

- Мисалы үчүн кыргыз армиясынын колундагы аскердик техника, курал-жарактар Совет доорунан калган, ал эми акыркы жыйырма жыл ичинде Орусиянын өзүндө, АКШда, башка мамлекеттерде аскердик техниканын улам жаңы түрү жыл өткөн сайын өзгөрүп чыгып жатат деп айтылып атпайбы. Бул туурабы?

- Туура, биздин Кыргызстанда мурдагы СССРдин техникалары, куралдары калган, биз ошолорду колдонуп атабыз. Эми менимче, акырындык менен аларды жаңы техникаларга алмаштыруу керек.

- Заманбап техникалар жок болсо, биздин аскерлер, жоокерлер алардын тилин билбеши мүмкүн да...

- Техникалар бар, баары иштеп атат, жоокерлер ошону менен эле машыгып, окуп атышат.

- Сиз деле кабардар болушуңуз керек, өткөн жылы күзүндө пулемёттон ок атып, машыгуу учурунда эки жоокер каза болуп, дагы бир нечеси жаракат албадыбы?

- Ооба, билем, бул окуяны уккам. Бул жерде коопсуздук чаралары сакталбагандыгы үчүн ушундай трагедия келип чыккан. Мен бул боюнча коргоо министри, бир катар офицерлер менен сүйлөшкөм. Ал жерде офицерлердин же жоокерлердин пулемёт кармоону, атууну билбегени себеп болду деп айтуу туура эмес болуп калат.

- Сиз мурда жетектеген Улуттук гвардиянын жоокерлеринин даярдыгы кандай? Алар ар кандай коркунучтарга каршы турууга даярбы? Ошол Улуттук гвардиянын жоокерлерин, аскерлерин башка мамлекеттерге жиберип, окутуп, аскердик даярдыктан өткөрүү жагы кандайча чечилген?

- Даяр. Ар кандай коркунучтарга каршы тура алышат. Офицерлердин көпчүлүгү Орусиядан, Америкадан, Түркиядан, Казакстандан окуп келип атышат. Алар ал жактардан аскердик техника менен, жаңы курал-жарак менен иштөөнү да үйрөнүп келишет.

- Жакында эле парламенттин профилдүү комитетинде кыргызстандык аскер кызматкерлерин Пакистанга жиберип, аскердик машыгуудан өткөрүү тууралуу сөз болду. Сиз буга кандай карайсыз?

- Буга мен каршымын. Пакистанга жибергенден көрө өзүбүздөгү аскердик окуу жайларына мен сыяктуу дасыккан, тажрыйбалуу офицерлерди чакырып, жумуш берип, жаш курсанттарды окуткула деп сунуштаганы жакшы болмок. Мына мен Улуттук гвардияны жетектеп жүргөндө офицерлерди Америкага жиберип, окуттум. Бирок өкүнүчтүүсү – канча жигит окуду, бирөө да кайра Улуттук гвардияга же Коргоо министрлигине кайтып келип, иштеген жок. Кыргызстаныбызга кызмат кылабыз деген бирөө да болгон жок. Ошол убакытта мен билбей, аларды АКШга окууга жиберсем, кайра келип иштебей, кетип калышты.

- Демек алар чет мамлекеттерден кайтып келишкен жокпу?

- Бирөө Америкада калып кетти, ошол жактан үйлөндү, жашап калды. Улуттук гвардиядан кызматтан кетип, Бириккен Улуттар уюмунда иштеп, Африкада жана башка мамлекеттерде иштеп жүргөндөрү бар.

- Буга эмне себеп болду? Айлык акынын аздыгыбы?

- Биринчиден, алардын баштарын бир аз айландырып коюшту. Экинчиден, айлык акынын аздыгы да себеп болуп калса керек, анткени Улуттар уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда көбүрөөк төлөйт деп кызыгып, кетип калышты. Анын үстүнө алардын ичинде “мекеним, туулган жерим” деп чын дилинен күйгөн атуулдук сезими жоктор да болуп атат. Мен айтар элем, алар Кыргызстандын элинин, жеринин атуулдары (патриоттору) эмес.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG