Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Башкы прокуратура бир катар аткаминерлердин чет элдик жаранды бардыгы атайын иликтөөнүн негизинде аныкталганын жарыялады.

Башкы прокуратура Кыргызстандагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчиси чет өлкөнүн жараны экенин аныктаганы ачыкка чыкты. Бирок чет өлкөнүн жараны делген чиновниктер мындай маалыматты четке кагууда.

Жарандыгы аныкталган аткаминерлер тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынын адиси Жыргалбек Курманбеков төмөнкүлөрдү билдирди:

- Кыргызстандын башкы прокуратурасы тарабынан өлкө конституциясы, «КРнын жарандыгы» боюнча, «Мамлекеттик кызмат», «Ички иштер органдары», «Улуттук коопсуздук сактоо» жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Бул мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда башка өлкөнүн жарандыгын алган адамдар мамлекеттик бийликте башкаруу кызматтарын жана укук коргоо органдарынын кызматкери болууга укугу жок. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин чет өлкөлүк жарандыгы бар экени аныкталды.

Башкы прокуратура бул жетекчилер кайсы өлкөнүн жарандыгын алганы тууралуу ачыктаган жок.

Бирок башка өлкөнүн жараны делген жетекчилердин айрымдары башкы прокуратуранын маалыматын четке кагышууда. Маселен, өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Гүлмира Шакирова өзүнүн кош жарандыгы тууралуу алгач ирет угуп жатканын билдирди. Ал кайсы бир өлкөгө жарандык сурап эч качан арыз жазган эмес, бирок муну жеке турмушуна байланышкан чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн деп болжойт. “Орусиянын жараны болгон мурдагы күйөөм балдарын тартып алуунун аракетин көрүп, жарандыкка документтерди тапшырышы мүмкүн. Тиешелүү айрым документтер анын колунда калган”- дейт Шакирова.

Ал эми УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Боёновдун жарандыгына байланышкан жагдайды УКМКнын маалымат катчысы Нурлан Токталиев төмөнкүчө неги:

- Чындыгында эле Акылбек Боёнов 2009-жылы коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, ардагери катары Орусиянын тиешелүү органдарына жарандык алуу боюнча арыз менен кайрылган экен. Бирок 2010-жылы 14-апрелде УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына башчы болуп дайындалган. Ошол эле жылдын 25-апрелинде Орусиянын миграциялык кызматынын Иркутск облусу боюнча башкармалыгы Боёновдун арызын канаатандырып, жарандыкты берген экен. Бирок бул боюнча Боёновду кабардар кылган эмес.

Ошентип Нарын облусунун биринчи чекисти Орусиянын жарандыгын алганын өзү да билбей калыптыр. Муну негиз кылган мекеме мыйзамдуу чечим кабыл алынаарын убада кылууда.

Чет өлкөнүн жараны делгендердин бири Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жалил Илипбаев жарыяланган маалыматка пикирин билдире элек. Облустук бул мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, башкы прокуратуранын жүйөөсүнүн тактыгын ички иштер министрлиги текшерип чыгат.

Кыргызстандын мыйзамдары башка өлкөнүн жарандыгын алгандардын мамлекеттик бийликтин жетектөөчү кызматтарында, укук коргоо тармагында иштешине тыюу салат. Ошондой болсо да чет өлкөнүн жараны болуп туруп жооптуу кызматтарда иштеген фактылар буга чейин деле жолугуп келген. Ал гана эмес, башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн максаттуу түрдө атайын кызматтарда жашыруун иштеп, маалымат сатып же берип жүргөн жооптуу кызматкерлер да катталган.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, Улуттук-Демократиялык партиянын лидери Артур Медетбековдун айтымында:

- Кыргызстанда болобу же дүйнөлүк практикада болобу башка өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтары мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктерди, коргоо, коопсуздук кызматкерлерин өздөрүнө иштетүүгө аракеттерди жасап келишкен. Мисалга, мындан эки үч-жыл мурун коопсуздук комитетинин 2 офицери Орусиянын кызматтарынын пайдасына иштегени үчүн кармалып, соттолгон эле.

Өткөн жылы мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусиянын жараны экени тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, депутаттар аны кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алган. Бирок кийинчерээк Кулматов Орусия жарандыгынан баш тартты деген маалымат тараган болчу. Ошондой эле сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирина Степкичеванын да кош жарандыгы бар экендиги былтыр парламентте айтылып, бирок коомчулукка анын чын-бышыгын тактаган маалымат али жете элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун пикиринде, өлкөдөгү маанилүү кызматтардын жетекчилигине башка өлкөнүн жарандарынын дайындалышы бийликтин одоно катасы:

- Биринчиден, мыйзамдык жактан туура эмес. Экинчиден, мындай адамдардын кызматта отурууга моралдык жактан укугу жок болушу керек. Алар өз арызы менен кызматтан кетиши керек. Бирок Жогорку Кеңеш маселе көтөргөнү менен кызматтан алуу колунан келбейт экен. Ошондуктан ушундай абалда отурабыз.

Башкы прокуратура жогорудагы жетекчилерди мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок деген мыйзамдын жоболорун таяп, аталган органдарга эскертүү жибергенин билдирди. Тиешелүү органдар кандай чара кабыл алынаары жөнүндө маалымат тараткан жок.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG