Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Атайын кызматтын кылмышка шектүү кызматкерлери сот жообуна тартылбастан органда иштеп жүргөн фактылардын бети ачылууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгында иштеп жүрүп, Жеңишбек Турдуматовдун өлүмүнө себепчи болду деп кармалган офицер Бактыбек Эргешовдун кылмыш иши сот өндүрүшүнөн кыскарганы аз келгенсип, ал атайын кызматта иштеп жатат.

Бишкек-Ош жолунда катуу ылдамдыкта келатып, үч баланын энеси, 36 жаштагы Барниса Маркабаеваны сүзүп өлтүргөн атайын кызматтын дагы бир офицери Евгений Соловьевди Бишкек гарнизондук аскер соту жакында жоопкерчиликтен бошотту.

"Жуулуп" кеткен беренелер

Быйыл 1-июлдан экисине караган түнү Өзгөн-Ош жолунда Кара-Сууга караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну Жеңишбек Турдуматов ур-тепкиге алынган. Эсин жоготкон жабырлануучуну эртеси коопсуздук органдарынын офицери Бактыбек Эргешов эки шериги менен үйүнө жеткирген.

Өзүнө келе албаган Жеңишбекти апасы ооруканага алып барып, бирок ал он күндөн кийин жан берген. Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук милициясы 3-июлда "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, жабырлануучуну токмоктогон атайын кызматтын офицери Бактыбек Эргешов экендигин аныктаган.

Ошондон кийин ишти кароону Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы алып, кылмыш ишин "адам өлтүрүү" беренесине которгон. Бирок бир канча убакыт өтпөй эле Кылмыш-жаза кодексинин мына ошол 97-беренеси 104-беренеге өзгөртүлгөн. Аталган берене "атайлап денеге оор залал келтирүү" боюнча кылмыш белгилерин ичине камтыйт.

Бир канча убакыт өтпөй ал берене жумшарып отуруп, Бактыбек Эргешовго "кокусунан денеге залал келтирген" деген айып койулган. Кылмыш ишиндеги аталган айыптоо 109-беренедеги кылмыш белгилерине туураланган дегенди түшүндүрөт.

Бирок тергөө материалында беренелердин өзгөрүшүнүн себептери көрсөтүлгөн эмес. Бир канча жолку сот отурумунан кийин Ош гарнизондук аскер соту тараптар жарашып алды деген негиз менен аталган кылмыш ишин сот өндүрүшүнөн кыскарткан.

Каза болгон Жеңишбектин апасы Үмүт Турдуматова айыл аксакалдарынын басымы менен айыпталуучунун жаза чарасын жеңилдетүүгө гана макул болгондугун тастыктады.

Бирок Турдуматова айыпталуучу соттон эч кандай жаза чарасын албастан бошонуп чыгып, анын кайрадан атайын кызматка кайтып келишин мыскылдоо катары кабыл алды:

- Аксакалдарды ортого салып, алар “койгула эми, бир эл, бир жерсиңер” дегенинен мен айыпкердин жаза чарасын жеңилдетүүгө макул болгом. Анткени каза болгон уулумдун балдарына алар үй алып берген. Бирок Эргешов жеңил болсо да жазасын ала тургандыгын айтышкан болчу. Андан кийинки сотторго мени чакырбастан, сот аны жоопкерчиликтен толук бошоткон экен. Бул боюнча мага соттун өкүмүн да колума беришкен жок. Ал аз келгенсип, азыр ал жигит эч нерсе болбогонсуп атайын кызматта иштеп жүргөн экен. Мен буга чыдай албай, "алып берген үйүн кайтарып берем, аны алгач коюлган 97-берене боюнча камагыла" деп арызданып жатам. Адам өлтүрүүгө катышы болгон адам атайын кызматта иштеп жатса, заман каякка кетип баратат? Мен буга макул эмесмин. Мени алар алдап, каалагандай чечим чыгарса боло береби?

Билеги жана капчыгы жоондор заманы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын оперативдүү кызматкери Бактыбек Эргешов төрт айга жакын тергөө абагында кармалган. Сот анын ишин өндүрүштөн кыскарткан чечим чыгарган соң Эргешов коопсуздук органдарындагы кызмат ордуна кайтып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын өздүк курам боюнча орун басары Абдразак Дунаев Эргешов соттон акталгандыктан аны кызмат ордуна калыбына келтирүү боюнча чечим чыккандыгына токтолду:

- Ал окуя боюнча сот болуп, соттон ал бала акталып чыккан. Буга алардын элдешип алышканы себеп болгонбу, же жокпу, муну билбейм. Бирок соттун актоо өкүмү чыккан. Бизге Бишкектен борбордук аппараттан уруксат берсе, анан ал мурдагы жумушунда иштей берет. Соттун өкүмүн биз талдай албайбыз да. Биз жетекчилик киришпесин деп ага аралашкан эмеспиз. Соттун өкүмүн кадрлар бөлүмүнө алып барып бердик дешкен. Биз бирөөнү кызматтан бошотуп, же ордуна койо албайбыз. Анын бардыгы борбордук аппараттан чечилет.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет адам өлүмүнө шектелген атайын кызматтын офицери Эргешовдун кызмат ордуна кайтып келишинин себептерин түшүндүргөн тиешелүү укуктук жагдайды көрсөтө алган жок. Болгону анын азыр мурдагы оперативдик кызматта эмес, айдоочу катары иштеп жатканы боюнча маалымат беришти.

Атайын кызматка кандай гана орун болбосун жумушка алууда талапкердин тазалыгы кылдат текшериле тургандыгын эске алганда, бул ишке тобокел кылуудан коркпогон чоң жетекчилердин катышы болушу мүмкүн дешет талдоочулар.

Аныкталган иштин арты кууш

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев Эргешовду кызматына калыбына келтирген жетекчилердин жана тергөө органдарынын үстүнөн териштирүү болорун убада кылды:

- Мен бул боюнча иликтөө жүргүзүүгө тапшырма бердим. Эмне үчүн, бул кандай болуп кеткендигинин жообун издейбиз. Анткени кылмыш иши козголгондо эле ал адамды кызматтан четтетүү боюнча тергөө органдары сунуш берүүгө тийиш болчу. Бирок тергөөдө мына ошондой сунуш болгон эмес экен. Анан бул ишти тактап чыксак, ал жигит ал жакта турбайт. Ошондой эле анын кызматта калуусун камсыздаган тиешелүү жетекчилердин үстүнөн да териштиребиз. Эмнеге тергөө органдары учурунда сунуш бербегендигинин да себептерин иликтейбиз.

Ошол эле кезде Ош гарнизонунун аскер прокурору Темирбек Козуев учурунда адам өлүмүнө шектелген Бактыбек Эргешовду кызматтан четтетип, камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтирилгендигин белгиледи. Муну менен ал Эргешовдун кылмыш иши соттон кыскартылгандан кийинки анын кызмат абалына тергөөнүн кызыгууга акысы жок деп түшүндүрдү:

- Биз бул кылмыш ишин 104-берене боюнча сотко жибергенбиз. Анан соттун биринчи инстанциясы кокустуктан кол тийгизип, денеге оор зыян келтирүү деп аны которушкан. Биз муну менен макул болбой, кийинки соттук инстанцияга даттануу жөнөткөнбүз. Бирок анда да тараптардын жарашып алгандыгына байланыштуу деп ишти сот өндүрүшүнөн кыскарткан чечим чыккан. Бирок ал жигит акталган эмес. Ал чечим соттон акталды дегенди түшүндүрбөйт. Биз анын кайрадан кызматына калыбына келтирилгендигин билбейт экенбиз. Аны ошол коопсуздук органдарынан сураш керек. Негизи ал соттон акталбагандан кийин иштөөгө акысы жок болчу.

Атайын кызматтын офицерлери кылмышка шектелип, жоопко тартылбай калган учурлар ушуну менен эле чектелбейт.

Тосмо арыздардын тагдыры

17-сентябрда Бишкек гарнизондук аскер соту быйыл 29-февралда Сокулук айылы аркылуу өткөн чоң жолдогу адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына айыптуу деп табылган атайын кызматтын дагы бир офицери Евгений Соловьевдин ишин сот өндүрүшүнөн кыскартты. Бул кырсыктан үч баланын энеси, 36 жаштагы Барниса Маркабаева көз жумган болчу. Сот өзүнүн чечимин тараптардын жарашып алгандыгы менен байланыштырды.

Анткен менен каза болгон адамдын бир тууганы Эркин Маркабаев өзүнүн тосмо арызында айыпталуучунун жоопкерчилигин мамлекет чечсин деп жазып бергендигин белгиледи:

- Мен соттон ал адамды актап бер деп суранган эмесмин. Болгону жанагы тосмо арызда анын биздин материалдык жана моралдык чыгымдарды жаап бергендигин билдирип, ага жеке доом жок экендигин көрсөткөм. Бирок ошол эле кезде мыйзамдын алдында кандай жоопкерчилиги болорун жана ага жараша жооп бериши керек экендигин эскерткем. Ал мыйзам кандай жаза чарасын сураса ошого жараша жооп берүүгө тийиш болчу.

Жол кырсыгына күбө болгон Сокулук райондук автоинспекциясынын инспектору Мырзабек Бабаяров атайын кызматтын офицеринин абалын териштирүү үчүн райондук наркологиялык бөлүмгө алып барган. Ал жерде анын оозунан спирт ичимдиги жыттанып турганына карабастан “Соловьев соо” деген бүтүм чыккан. Ага ишенбеген инспектор офицерди республикалык наркологиялык борборго алып келип, анын мас абалында рулда болгондугун тастыктаган.

Инспектор Бабаяров Соловьев андан рулда башка адам болгон деп көрсөтмө берүүнү суранып, ал үчүн акча сунуштагандыгын, бирок ал андан баш тарткандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Мына ошондон соң Евгений Соловьевго жол эрежесин одоно бузган деген негизде кылмыш иши козголгон. Бирок сот чечиминде анын мас абалын тастыктаган экспертизанын жыйынтыгы эске алынган жок.

Ишти караган Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Алмаз Апышев атайын кызматтын офицерин жоопкерчиликтен бошотууга жабырлануучунун жекече айыптоодон баш тарткандыгы негиз болду деген жүйөнү бетке кармады:

- Мен анын соттун дарегине, башкы прокурордун атына жазган кайрылуу каттарын көрсөтө алам. Анда ал жабырлануучу тарап Соловьевго жекече айыптоодон баш тартып, дооматы жок экендигин жазып берген экен. Биз мына ошонун негизинде жаза чарасын жеңилдетип, айыпкердин мурда соттолбогондугун эске алып, анын ишин сот өндүрүшүнөн кыскарттык. Бирок бул аны толук актоо дегендикке жатпайт.

Ошондой эле соттолуучу Соловьевдин адвокаты Валентина Бочкарева жабырлануучу тарап жеке айыптоодон баш тарткандан кийин айыпкерди жоопкерчиликтен бошотууга мыйзам жол бере тургандыгын мисал келтирди. Бирок укук жаатындагы адистер жабырлануучу тараптын жеке айыптоодон баш тартышы айыпталуучунун жазасын жеңилдетүүчү жагдай катары гана каралышы мүмкүн деп түшүндүрүштү. Алар бейбаштык, уурулук жана карактоо сыяктуу майда кылмыштар боюнча гана сот жарашуунун негизинде айыпкердин ишин кыскартууга негиз таба ала тургандыгын эскертишти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG