Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Маңзат соодасына аралашкан погончондор


Кыргызстанда акыркы жылдары маңзат соодасына күч түзүмдөрү аралашкан фактылар катталууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары маңзат соодасына күч түзүмдөрү аралашкан фактылар катталууда.

Маңзат соодасы боюнча Баткенде милицияда жана чек арада жооптуу кызматта иштеген ага-ини бир туугандар кармалды.

Атайын кызматтын билдиришинче, алар ири өлчөмдө маңзат соодасы менен шугулданып жүргөн, дагы башка күч түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн турган кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.

Маңзат соодасы менен алектенген жалаң күч түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн турган, кылмыштуу топту колго түшүрүү боюнча биргелешкен операция бир канча айга созулган. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиришинче, бул топ Тажикстандан Орусияга Кыргызстан аркылуу ири өлчөмдөгү ооган апийимин ташып жүргөн:

- 2015-жылдын 6-февралында биргелешкен атайын операциянын негизинде Баткендеги Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору кармалды. Ошол эле күнү Чек ара кызматынын жетекчилиги менен алдын ала макулдашуунун негизинде ошол кылмыштуу топко тиешеси бар кызматкер кармалды.

Кыргызстанда буга чейин да милиция кызматкерлери маңзат менен кармалган
Кыргызстанда буга чейин да милиция кызматкерлери маңзат менен кармалган

Расмий маалымат боюнча кармалгандар ага-ини бир туугандар. Бирөөсү Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жетекчиси, ал эми экинчиси аталган райондогу “Максат” чек ара бекетинин күзөт башчысы болгон.

Бул топтун дагы башка мүчөлөрү, Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын эки өкүлү былтыр күзүндө кармалган. Кармоо учурунда алардын жанынан 50 килограмм маңзат алынган.

Буга чейин да маңзат менен кармалган милиция кызматкерлери болгон. Ички иштер министрлигинин Маңзатка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эстебек Жумабеков учурда милиция өзүн тазалоого аракет кылып жатканын билдирди:

- Бул багытта абдан чоң иштер жасалып жатат. Былтыр үч кызматкер кармалды. Маңзат соодасы менен алектенип жүргөн бизден башка да кызматтын өкүлдөрү боюнча оперативдүү маалыматтар бар. Өзүбүздүн да кызматкерлер бар. Биз ал боюнча иштеп жатабыз. Жакында алардын баары чыгат.

Кыргызстанда күч органдардын өкүлдөрүнөн сырткары коомдук-саясий ишмерлер, журналисттер жана аты чыгып калган партиянын мүчөлөрү кармалган. Талдоочу Александр Зеличенко маңзат соодасы мурдагыдай эле гүлдөп жатканынан кеп салды:

- Мындай окуялар буга чейин деле болуп келген. Биздин коңшу мамлекеттер маңзат менен дипломаттарды, элчилерди кармаган фактылар катталган. Тилекке каршы, маңзат коррупциясына баары аралашкан. Маңзат соодасы өнүгүп жатат. Тартип коргоо органдары, мамлекеттик структуралар жана башкалар аралашып кеткен. Эми мунун жаңылыгы деле жок. Болгону бул бизнеске жаңы адамдар кошулууда. Ал адамдар өз кызмат абалынан пайдаланып жатышат.

Абдырахман Маматалиев
Абдырахман Маматалиев

Ушул тушта кыргыз өкмөтү маңзатка каршы күрөш программасын ишке ашыруу жолдорун издөө үстүндө. Бул программага былтыр жыл башында өкмөт башчы кол койгон. Бирок аны аны ишке ашыруу жол-жобосу дээрлик 10 айдан кийин гана кабыл алынган. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев муну иштин татаалдыгы менен түшүндүргөн эле:

- Маңзатка каршы программаны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу абдан оор болду. Анткени саясий кырдаал өзгөрөбү же жокпу, бул иш системалуу түрдө алдыга жылышы керек. Аткаруу бийлигиндеги күч органдардан башка мекемелер-министрликтер ырааттуу иш алып барышы зарыл. Бул программа “дежур кагаз” болуп калбасын деп өкмөт аябай чоң маани берип, документтин чала жерлерин таап, бир канча жолу артка кайрылганбыз. Каржы булактарын таап, эл аралык каржы институттар, уюмдар, өнөктөш мамлекеттер менен чоң иштер жасалды. Ошондуктан бир аз кечирээк кабыл алынып жатат.

Кыргызстанда 300гө чукул адам мыйзамсыз маңзат соодасына байланыштуу Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Мындай бизнес менен шугулданган 30га жакын топ бар экени аныкталган. Айрым серепчилер Кыргызстанда бизнестин бул түрүнө саясий чөйрөгө аралаша баштаганын, ошондуктан аны менен күрөшүү оор болорун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG