Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Талдоочулар коопсуздук жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалын текшерүүнүн деңгээли төмөндүгүн белгилешүүдө.

Мындан улам кызматкерлердин арасында сабырдуулугун жоготуп, ачууга алдырып жиберген же өз өмүрүнө кол салууга чейин барган учурлар катталууда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин медициналык кароонун шарттары кандай абалда жана кайгылуу окуяга алып келген андай көрүнүштөрдүн түпкү себеби эмнеде?

Абай салбаган атайын кызмат

29-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 32 жаштагы кызматкери үйүнүн алдында өзүнө-өзү ок чыгарып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Трамватикалык тапанчанын огунан башына алган жаракаттан улам жарадар эсине келбей жатып ооруканада көз жумган.
Мамлекеттик бийлик органдары коррупциялашып кетип, үй-бүлөлүк кландар тууганчылыкка, жердешчиликке салып, билими, жүрүш-турушу жана саламаттыгы талапка жооп бербеген адамдарды кызмат орундарына тартышкан.


Бул окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кызматтык иликтөө баштады. Иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча жаш кызматкердин өз өмүрүнө кол салышына сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткени себеп болгон. Мындан улам атайын кызматка ишке алынган кызматкерлердин депрессияга жана стресске туруктуулугу кандайча текшерилет деген суроо койулууда. Анткени өзгөчө чекисттерди тандоодо алардын моралдык-психологиялык туруктуулугун аныктоо башкы талап катары каралат.

Коопсуздук иштери боюнча эксперт Марат Иманкулов муну кадр тандоого кайдыгер мамиле менен байланыштырды:

- Мамлекеттик бийлик органдары коррупциялашып кетип, үй-бүлөлүк кландар тууганчылыкка, жердешчиликке салып, билими, жүрүш-турушу жана саламаттыгы талапка жооп бербеген адамдарды кызмат орундарына тартышкан. Анткени аларда бир гана принцип - өздөрүнө ишенимдүү адамдар болушу керек дегенди карманышкан. Бакиев учурунда андан кийин жанагы Дүйшөбаевдин маалында деле атайын кызматка кадр тандоо мына ошондой мүнөздө жүргөн. Ошону айтып мен ал жактан чыгып кеткем. Мына азыр ошол менин айткандарым тастыкталып жатат. Жанагы каза болуп калган жаш жигит боюнча тергөө болуп жатса керек. Бирок анын мына ошол атайын кызматта иштеп туруп, сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип эле өз өмүрүн кыйып алганы өкүнүчтүү.

Атайын кызматка жумушка кабыл алуунун шарттары адатта өтө татаал эрежелер менен коштолот. Жобого ылайык атайын кызматка жумушка тартыла турган талапкердин зээни, билими, саламаттыгы жана физикалык даярдыгы боюнча көрсөткүчтөр бир нече этаптар боюнча талданып, анын чекисттик кызматка болгон жөндөмү бир канча жылдап иликтенет. Психологиялык тесттер анын тегин жана моралдык-эмоционалдык абалын текшерүүгө багытталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун жетекчиси Нурлан Токталиев өзүн-өзү атып алган чекисттин жагдайы боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи:

- Эми ал боюнча атайын текшерүү жүрүп жатат. Ал кызматкер буга чейин өзүн кандай алып жүрдү эле. Кандай өзгөчөлүктөрү бар эле? Эгерде андай болсо эмне себептен тиешелүү кызматтар тарабынан өз кезегинде көңүл бурулган эмес деген сыяктуу суроолордун арты менен маселе көтөрүлүп жатат. Негизи ар бир кызматкер жумушка кирерде кылдат текшерилет. Анын психологиялык абалы мезгил-мезгили менен иликтенип туруш керек болчу.

Кызматка даярдоонун кыйынчылыктары

Кыргызстандагы бийлик органдарында калыптанып калган кландык, жердештик жана өң тааныштык белгилери боюнча кызматка алуунун жайылышы кадр тандоонун негизги шарттарына кесепетин тийгизген. Мындан улам соңку жылдары чекисттердин арасынан коомдук жайда туура эмес жүрүм-туруму менен таанылып, мушташа кеткен, же бирөөгө ок чыгарган бир канча учурлар катталган. Мунун себептерин эксперттер адис тандоодогу жана окуу-тарбия иштеринде кетирилген кемчиликтерден көрүшөт.

Марат Иманкулов атайын кызматтын адис даярдоодогу системалык өксүктөрүнө токтолду:

- Союз маалында коопсуздук кызматына ишке алаарда анын ата-жотосуна чейин текшерип, бир канча жылдап ал талапкер атайын кызматтын байкоосунда болчу. Кийин көп дасыккан кызматкерлер кеткенден кийин алардын ордун толукташ үчүн ар кайсы чөйрөдөн адистерди чогултушкан. Албетте мындай шартта өздүк курамдын кесиптик деңгээли жана моралдык-психологиялык даярдыгы талаптагыдай болбой калат. Бизде мына ошол мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу жагы чечилбей келе жатат.

ИИМдин башкы имаратында атылган ок

Быйыл 16-майда ички иштер министрлигинин башкы имаратында милициянын подполковниги, эксперттик-криминологиялык борбордун кызматкери өзүнүн иш бөлмөсүндө атынып алгандыгы боюнча маалымат тараган. Бирок ички иштер министрлиги эксперт-криминалист Насыр Абдрахманов кылмыш ишине тиркелген тапанчаны текшерүү учурунда кокустан маңдайына ок жаңылгандыгын белгилеп, алгачкы маалыматты төгүндөгөн эле.

Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминологиялык кызматынын жетекчисинин орун басары Георгий Карагай бул боюнча иликтөө иши жүрүп жатканын белгиледи:

- Азырынча иликтөө аягына чыкмайын ал өзүн-өзү өлтүргөн, киши колдуу болгон же этиятсыздыктан улам ок жаңылган деп бир жактуу бүтүм чыгарууга эрте. Бирок мына ошол үчүнчү версия чындыкка жакын дегенге негиз бар. Анткени криминалистикада өтө дасыккан тажрыйбалуу адис деле жаңылыштык кетирет. Себеби курал-жарак менен көп иштеген адам аны менен алектенүү учурунда этият болуу сезимин жоготуп алышы мүмкүн. Анын аягы барып мына ушуга окшогон кайгылуу окуяга алып келет.
Кээде милиция кызматкерлерине караганда жөнөкөй жарандар бир кыйла токтоолугун көрсөтүшөт. Алардын көпчүлүгү кызматтык этика, эреже жана жол-жобо дегенди билишпейт.


Өткөн 4-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаардык милициясынын кызматкери убактылуу кармоочу жайдан сотко алынып бараткан адамды тапанча менен атып салган. Муну ички иштер органы аталган кызматкер тапанчаны туура эмес колдонуудан улам соттолуучуга ок жаңылган деп комментарий берди. Милиция кызматкеринин ишине шалаакылык менен мамиле кылган учур боюнча кылмыш иши козголду.

Ээ-жаа бербеген эмоция

Мындан сырткары милиция жарандарга орой мамиле жасаган, же ашкере эмоция менен ачууга алдырып өздөрү кылмышка кириптер болгон учурлар да аз эмес.

Жергиликтүү талдоочу Улан Турдалиев буга окшогон көпчүлүк жагдайлардын түпкү себеби айрым милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму талаптагыдай эместигинен келип чыгат деп эсептейт:

- Кээде милиция кызматкерлерине караганда жөнөкөй жарандар бир кыйла токтоолугун көрсөтүшөт. Алардын көпчүлүгү кызматтык этика, эреже жана жол-жобо дегенди билишпейт. Көп учурда ачууга алдырып, албуутанып кетип, өздөрү чыр-чатактын ырбашына себепчи болушат. Мындай учурда кээде кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жиберген учурлары да бар.

Себептер жана жагдайлар

Ички иштер органдарынын жетекчилиги деле милициянын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалы ойдогудай деп бир жактуу бүтүм чыгаруудан алыс. Айрыкча 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүш жана июнь айындагы этникалык кагылыш сыяктуу окуялар тартип сакчыларынын психикасына катуу таасир эткени айтылып жүрөт. Мындан сырткары жумуштагы ар кандай оорчулук жана социалдык көйгөйлөрдүн топтолуп кетиши алардын моралдык-психологиялык туруктуулугун мокотуп жатканы байкалган. Буга байланыштуу ички иштер органдарынын алдында психологиялык жардам кызматтары түзүлдү.

Ички иштер министрлигинин алдындагы аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы Нурдин Метеров каржылоонун жетишсиздигине карабастан милицияга психологиялык жардам көрсөтүү долбоору ишке киргизилип жатканын белгиледи:

- Биз азыр психологиялык кызмат менен биргеликте адаптациянын жана стресске туруктуулуктун деңгээли боюнча тесттерди өткөрүп, атайын долбоордун алкагында жумушту баштадык. Чыныдыгында органда иштеген жаш жигиттердин айрымдары психологиялык оор абалга кептелишет. Анткени жумуш оор, чен-өлчөмдөн ашыкча иштешет. Турмуштук көйгөйлөр, айлыктын аздыгы, үй-бүлөнү багуу керек деген сыяктуу маселелер биригип отуруп алардын айрымдары стресске кириптер болушат. Эгерде бизде психологиялык кызмат иштеп кетип, ар бир кызматкердин ал-абалы боюнча жетекчилик кабардар болуп турса жанагыдай өзүнө-өзү кол салган же бирөөгө негизсиз кол көтөргөн учурлар кызматкерлердин арасында азаят эле.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жумушка кабыл алынаардан мурун аскердик-медициналык кароодон өткөрүлөт. Алардын жалпы саламаттыгы жана психологиялык абалы текшерилип, анын негизинде кызматка алына турган адамдын адистикке жарамдуулугу аныкталат.

Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы Нурдин Метеров кызматкерлердин саламаттыгын текшерүү мезгил-мезгили менен жүргүзүлөөрүн айтып өттү:

- Бизде кызматкерлер жумушка жаңыдан киргенде, анан офицердик кызматка киришкенде жалпысынан эки жолу медициналык кароодон өтөт. Анан эгерде оорубаса пенсияга чыкканга чейин текшерилбейт. Анын ичинде психологиялык саламаттыгы да каралат. Бизде MNPI деген тест бар. Анын негизинде алынган жыйынтык 80 пайызга чейин туура чыгат. Мына ошонун негизинде биз психологиялык мүнөздөмө беребиз. Ошого карап, кадр кызматы аларды аттестациялоону улантат же талапкерди жумушка кабыл алууну токтотот.

Бирок адистер башында кароодон талаптагыдай өткөнү менен ар кандай кырдаалды башынан кечирген тартип сакчыларынын психикасы убакыт өткөн сайын өзгөрүүгө дуушар болоорун эскертишет. Мына ошондуктан аны өз учурунда калыбына келтирүүгө кам көрүү же алардын эс алуусун камсыздоо маселеси колго алынышы керек экендиги сунушталып жүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов бул маселе өзгөчө көңүл бурууну талап кылчу көйгөй катары каралып жатканына токтолду:

- Биздин ички иштер министрлигинин кадрдык саясатын мына ошол өксүктөрдү чечүүгө багыттап жатабыз. Биздин өздүк коопсуздук кызматы жана өздүк курам менен иштөө башкы башкармалыгы түзүмдөрдөгү жалпы абалды байкоого алып турушат. Жанагыдай окуялар каттала турган болсо, анын түпкү себептерин аныктап, тиешелүү жетекчилер тарабынан кандай кемчиликтер кеткендигин иликтеп турушат. Мына ошол сунуштардын негизинде абалды жакшыртуунун чаралары көрүлөт.

Ички иштер органдарын реформалоо долбоорунун алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көмөгү менен милициянын ишинин натыйжалуулугун артыруу чаралары көрүлүүдө. Буга тартип сакчыларынын иштөө усулдарын өзгөртүү жана алардын иш тартибин жеңилдетүү маселеси да кирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG