Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстан чет элдиктерге сыйлыкка берген куралдар кылмыштуу топтордон табылып жатканы айтылды.

Мындай маалыматты юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 30-апрелде өкмөттүн жыйынында билдирип, мамлекеттин атынан курал белекке берүүнү токтотуу сунушу менен чыкты. Кыргызстанда мыйзам боюнча башка өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине “сиңирген эмгеги үчүн” сыйлыкка курал берүүгө мыйзам жол берет.

Сыйлыкпы же беделби?

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Орусияда уюшма кылмыш тобунун мүчөсү кармалган кезде жанында Кыргызстандан сыйлык катары алган куралы болгон.

- Уюшма кылмыш тобунун мүчөсү кармалып, анын жанына курал чыккан. Ал куралды Кыргызстандын бийлиги сыйлык катары берген экен. Бул жерде ал тапанча кандайча сыйлык катары берилип калды деген суроо туулат.

Бул фактылар мамлекеттин беделине шек келтирерин айткан юстиция министри өкмөттүн атынан курал сыйлыкка берүүнү токтотуу сунушу менен өкмөткө кайрылды.

- ИИМ тармагына 10 чакты жеңил машине сатып берет экен. “Ушул машиналарды бизге сатып берди, “сиңирген эмгеги үчүн” деп, Орусиянын 5-6 адамына курал сыйлык берели дешет экен. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Анткени бул белек эмес, курал сатуу болуп жатат. Бизде кимге курал сыйлыкка берилиши керек, кандай шартта берилиш керек деген так жобо иштелип чыккан эмес. Орусиянын расмий бийлик өкүлдөрүнө берилсе бир жөн, катардагы эле жарандарга берилип калып жатпайбы. А балким ал жерде соттолгондор бардыр? Анда биз мамлекет катары уят болуп калышыбыз мүмкүн.

Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы, экс-министр Зарылбек Рысалиев өкмөт жыйынында куралды белекке берүү министрликтин өз демилгеси менен эмес, өкмөттүн гана буйругу менен болот деп тактоо киргизди.

Ушундай эле пикирин “Азаттыкка” ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев да билдирди:

- Курал ИИМ тарабынан эмес, өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан берилет. ИИМ документтерин гана даярдап берет. Өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан документтер жиберилсе, биз ошону тактап, даярдап берүүгө гана жардам беребиз. ИИМдин бул ишке тиешеси жок, бирөөгө курал-жарак бергенге акыбыз жок.

Айрым маалыматтарда учурда өкмөттө бир катар чет элдик адамдарды тапанча менен сыйлоо демилгеси көтөрүлүп жаткан. Өкмөт жыйынындагы талаш да ошондон улам чыккандай. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Шыкмаматовдун демилгесин алгылыктуу деп баалаган.

Курал берүү сыйлык эмес, бизнеспи?

Кыргызстандын “Курал жөнүндөгү” мыйзамы башка өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине куралды сыйлыкка берүүгө уруксат берет. Аталган мыйзамга өткөн жылы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, ок атуучу куралды сыйлыкка берүүгө президент, өкмөт башчы жана парламент спикери укуктуу. Сыйлык катары берилүүчү ок атуучу курал болуп негизинен тапанча жана мергенчилик мылтыгы эсептелет. Ал эми аскерий жана укук коргоо органдарынын жетекчилери канжар жана кылыч белекке берүү гана укугуна ээ.

Былтыр парламентте аталган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү талкууланып жатканда 2005-жылдан 2012-жылга чейин ИИМ тарабынан 287 чет элдик жаран сыйлык катары курал алганы айгине болгон. Бирок анын баары өкмөттүн буйругунун негизинде мыйзамдуу берилгени, курал алгандар министрликке бул аралыкта 100 млн. сомдук жардам көрсөткөнү айтылган.

Ал эми Ооган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев 2010-жылга чейин Коргоо министрлигинен курал белекке берген фактылар болгонун айтат.

- Жаныш Бакиев, ал кездеги Коргоо министри Бакыт Калыев жана Жогорку кеңештин депутаты кайсы адамдарга сыйлык бергени боюнча маалыматтар бар. Менде ал адамдардын фамилиялары да бар, чечен улутундагыларга берген. Алардан көп акча алышкан. Мен өзүм укканыма караганда, 70 миң доллардан 250 миң долларга чейин алышкан.

Абдыгул Чотбаевдин айтымында, азыр да өкмөттүн токтому менен чет элдик жарандарга куралды сыйлыкка бергиси келген адамдар бар.

- Жаныш Бакиевдин убагында Орусиянын жарандарына куралды сыйлыкка бергенге катышкан адамдар азыр да аракет кылып жатышат. Мага тааныштар чыгып, “ушул киши убада берди эле, акчабызды алды эле” , - деп сурап жатышат. Мен ал иштерге тиешем жок, андай схемаларды да билбейм, кимге берсеңер ошондон доолагыла деп айткам.

Эмне үчүн башка мамлекеттердин жарандары Кыргызстандан тапанча белекке алууга кызыктар деген суроо туулат. Айрым малыматтарда башка мамлекеттин атынан белекке алынган тапанчанын артыкчылыгы - эгер ошол курал менен кылмыш кылгандыгы аныкталбаса, анда башка кылмыш менен кармалган учурда укук коргоо органдары ал тапанчаны алып коё алышпайт. А чындыгында бул тапанчаларды миң доллардын тегерегиндеги акчага сатып алса болору айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG