Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Жанакеев: Өмүргө тете 64 күн


Өмүрбек Жанакеев "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын 9-сентябры.

Өмүрбек Жанакеев "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын 9-сентябры.

1999-жылы Кыргыз жеринде кен чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан жапон геологдорун моджахеддер туткунга алганы Борбор Азиядагы чакан мамлекет бүт дүйнөгө таанылган. Ошол күндөрү жапондордун кыргыз тилмечи Өмүрбек Жанакеев 64 күн бою чет жердиктерди таштабай, жанында караан болуп, чогуу азабын көтөрүшкөн.

«Азаттык»: Өмүрбек мырза, мындан 12 жыл мурдагы окуяларды эстейли деп чакырдык. Ошол кезде жапон геологдору менен 64 күн бою туткунда болдуңуз эле. Жапон тилин кайдан үйрөнүп, кайсы тагдыр менен Баткен жергесине барып калдыңыз?
1999-жылы 22-августта сакалчан согушкерлер келип, бизди барымтага алып кетишкен. Эл сезип, билип турган экен. Радиодон, гезиттерден согушкерлер Кыргызстанга кирип келатат деп айтып жатышчу. Кээ бир адамдар өз көзү менен көрүшкөн, качып келгендер да болгон...


Өмүрбек Жанакеев: Кыргызстан башка жагынан атагы чыкса жакшы болмок эле. Бирок ошондой окуялар болуп калган. Ошого карабастан, элибиз калыбына келип, жакшы багытта баратат. Жапон тилин 80-жылдардын аягында Москвада жүргөндө өздөштүрө баштагам, атайын жапон курстарына баргам. Кыргызстанга кайтып келгенде жапон геологдору менен Таласта, Кыргызстандын түштүгүндө иштедик. Акыркы мезгилде Баткен районунун Сары-Талаа деген жеринде иштеп калганбыз.

1999-жылы 22-августта сакалчан согушкерлер келип, бизди барымтага алып кетишкен. Эл сезип, билип турган экен. Радиодон, гезиттерден согушкерлер Кыргызстанга кирип келатат деп айтып жатышчу. Кээ бир адамдар өз көзү менен көрүшкөн, качып келгендер да болгон. Ошол жылы Орусиянын чек ара аскерлери чыгып кетишкен болчу. Кыргызстандын тажрыйбасы аз болгондуктан, куралчан согушкерлер кирип келишкен. Биринчи кармалганда бизди уруп-сабаган учурлар болгон. Биздин максатыбыз эптеп тирүү калыш болчу. Колдон келген аракетти кылып аттык. Мисалы, фарси, ооган, араб тилин өздөштүрүп, арабча окуп, жаза баштадык. Төрт жапон аман-эсен чыкканга мен гана эмес, бүт элибиз сүйүнсө керек.

«Азаттык»: 64 күн туткунда болдуңуздар, жапондор өздөрүн кандай алып жүрүштү? Өлүмдөн коркпогон өжөрлөрү бар эле арасында, ошолордун баарын жымсалдап которуп берип, жандарын аман алып калдым деп айткан ойлор али эсимде турат.
Миллиондогон акчалар жөнүндө сөз болсо болгондур. Бирок согушкерлерге ошол акчалар жетпей, ортодо ал акчаны бирөөлөр алып койсо керек.


Жанакеев: Андай да учур болгон. Жапон элинин өзгөчөлүгүн айтсак: баары бир чечимге келсе - ошону аткарганга аракет кылышат. Булар башынан бир чечимге келишти, аягына чейин бирге болобуз деп. Качып кете тургандай арасынан экөө бар болчу, ден-соолуктары чың, калган экөөнүн бири аксакал, бирөөнүн буту оорулуу болчу. Ушул жагына мен чоң баа бердим.

«Азаттык»: Кыргыздын кеби бар эмеспи: “Өлсөк бир көрдө, тирүү болсок бир дөбөдө бололу” дегендей болушкан турбайбы. Азыр элестетип жатам, сакал коюп, намазга жыгылып, сиз кайтып келгенден кийин да көпкө чейин намаз окуп жүрдүңүз, калың сакалыңыз бар эле. Ал кезде согушкерлерди моджахеддер деп айтышчу, сизди жана жапон жарандарын алар мажбурласа керек, э?

Жанакеев: Ошол жакта жүргөндө алардын көз карашын билиш керек болду, бүт баарын өздөштүрдүк, андан зыян болгон жок, тескерисинче пайда болгондур. Менимче, бул туура жол болду. Биз алардын кылган нерселерин кылдык, намазга жыгылып, куран окудук.

«Азаттык»: Жапондор эмнеден кыйналды биринчи күндөрү, кантсе да цивилизациялуу мамлекеттин өкүлдөрү да. Тиш жуугуч жок, көрүнгөн талдардан эшип тишин жууган учурлар эсиңиздеби?

Жанакеев: Андай нерселер эстен кетпейт. Булар цивилизацияга көнгөн адамдар, бир паста онунчу кылымга баргандай сезилсе керек. Самынды, таракты, тиш жуугучту көрүшкөн жок. Албетте, аларга өтө кыйын болгон. Мисалы, бир жактан экинчи жакка түнкүсүн жылчубуз. Саат 2-3төрдө "харакат" деп тургузуп, алып кетишчү. Ал кезде чырак да колдонулбайт эле, бирөөлөр көрүп калбасын деп. Жуунганда тизесинен жогору шымды көтөрүүгө болбойт эле. Өмүр бою унутпас окуя болду. Аягында орточо алганда баардыгыбыз 15 килого арыктасак керек. Тоолуу жерде суук эрте түшөт, тамак жетишпегендиктен, стресс абалында жүргөңдөн кийин ден-соолукка бир топ зыян келди.
Баткендиктер туура тактикага салыптыр. Согушкерлерди колдобойт экен. Эл туура жолго туруп, аларга тоскоолдук кылып өткөрбөй коюшту. Согушкерлер ойлошкон Тажикстандагыдай сценарий кылабыз деп.


«Азаттык»: Жапондордун арасында бири өзгөчө өжөр, намыскөй болчу, моджахеддер өз тамагыңарды өзүңөр жасагыла, картошканы өзүңөр аарчыгыла деп жумшаганда ал баш ийбей койгон учурду айткандай болгонсуз.

Жанакеев: Албетте, жапондор ар кандай болот, арасында самурайдын кайраты болсо керек, бирок ошол кезде бир чечимге келген аман-эсен чыгалы деп. Ошондуктан кимде кандайдыр бир ойлор болсо да, өздөрүн тыюуга аракет кылышкан. Бирөөсү ошондой макул болбогон учур болгон. Бирок кудай сактаптыр, колдон келген аракетти кылып, которгондо дагы жымсалдап которуп, эгерде ал ачууланып кетсе башка сөз менен жеткиргенге аракет кылдым.

«Азаттык»: Кийин баары белгилүү болбодубу, төрт геологун бошотуш үчүн Жапон өкмөтү Кыргызстанга 5 млн. доллар берип, ким бошотуп берет дегенде чалгынчылар, атайын кызматтар, алтурсун Кыргызстандын депутаттары, Тажикстандагы майдан кол башчыларынан бери иштешпедиби. Ошондо 64 күн бою силерди бир жерге жаткырбай, күнү-түнү сүйрөп жүрдү окшойт э ары-бери?

Жанакеев: Миллиондогон акчалар жөнүндө сөз болсо болгондур. Бирок согушкерлерге ошол акчалар жетпей, ортодо ал акчаны бирөөлөр алып койсо керек. Окуя эмнеден пайда болду? Ооганстанда согуш узак убакыт болуп, Тажикстанда дагы граждандык согуш болбоду беле. Билим деңгээли төмөндөгөндүктөн, жумушсуздуктан ушундай окуя пайда болду. Өкүнүчкө Кыргызстанда да билим деңгээли төмөндөп калганын көрүп турабыз. Жаштар согушкерлердин арасына кирип кетпеши үчүн сактап калышыбыз керек.

«Азаттык»: Туткундан бошотулган мүнөттөр эсимде, тажик майдан кол башчысы Шох Кыргызстандын Карамык чек ара айылына алып келип, өткөрүп берген эле.
Кыргызстан согушка даяр болбой калган. Биздин бир топ аскер, милиция кызматкерлерибиз туткунга түшкөн. Аларга абдан начар мамиле болгон, кээ бирлерин өлтүрүп койгон да учур болгон...


Жанакеев: 24-октябр болсо керек, түнкүсүн биз акыркы намазды окуп атканда машинаны үнү угулган да, УАЗ келип, андан Жума Наманганинин кишилери чыгып, бизди машинага отургузуп, Хоитте экен штабы, ошол жакка алып барышты. Ал жактан сакалчандардан тышкары аскерлерди көрүп калдык. Бул жерде Тажикстан өкмөтүнүн аскерлери бар экен деп түшүнүп калдык. Ошол жерден бизди кармап турушту. Ошол учурда Шох менен Жума Намангани сүйлөшсө керек, биздин көздөрүбүздү чүпүрөк менен таңып, Жипке түшүп, катуу айдаган бойдон кеттик. Тажикстандын түндүк чек ара штабында бир түнөдүк. Эртеси күнү Карамыктагы чек арага алып барып, андан ары вертолет менен жеткиришти.

«Азаттык»: 64 күн арасында Кыргызстандын бир топ жоокерлерин, милиция кызматкерлерин атып, мууздап койгон учурлар болбоду беле?

Жанакеев: Кыргызстан согушка даяр болбой калган. Биздин бир топ аскер, милиция кызматкерлерибиз туткунга түшкөн. Аларга абдан начар мамиле болгон, кээ бирлерин өлтүрүп койгон да учур болгон. Бирок биз бүткүл кыргыз эли коргоп турганын сезип аттык. Баткендиктер туура тактикага салыптыр. Мисалы, малын, тамак-ашын алып кетип калышты айылдарын калтырып. Согушкерлерди колдобойт экен. Эл туура жолго туруп, аларга тоскоолдук кылып өткөрбөй коюшту. Согушкерлер ойлошкон Тажикстандагыдай сценарий кылабыз деп. Бирок кыргыз элибиз бөлөк экен, маданиятыбыз бөлөк экен, экстремисттик багытты кабыл албайт экен.

«Азаттык»: Намангани менен кездеше алдыңызбы, кандай адам экен, уламышка айланып калбадыбы?

Жанакеев: Ал кишини өтө эле пиар кылышты. Ал жөнөкөй киши болучу. Жогорку билими, илими бар деп айтууга болбойт. Бирок ал талибандын кызыкчылыгын аткарып, текшерейин деген ою болсо керек, Кыргызстандын күчүн, элин текшерип көрөлү деп чалгындашса керек. Бирок алар өз максатына жетишкен жок.

1999-жылдын августу. Баткен. Жапон геологдорунун турагы согушкерлер кол салгандан кийин.
«Азаттык»: Өмүрбек мырза, 64 күн арасында моджахеддердин арасында канча кыргызды көрө алдыңыз? Негизи террористтердин улуту жок деп жүрөт. Бирок булар кимдер эле деген суроо угармандарга кызык болсо керек.

Жанакеев: Терроризмдин улуту болбойт деген эң туура. Ошол мезгилде Кыргызстанга кирип келгендерди алсак, көбү Өзбекстандын жарандары болушкан, экинчи орунда Тажикстандын жарандары эле. Арасында казагы да, кыргызы да, орусу да, татары да бар. Бирок алар аз эле. Аравиядан да согушкерлерди көргөнбүз. Кашмирден, Пакистандан, Ирандан да келишкен.

Эгерде Американын аскерлери Ооганстандан чыга турган болсо, келечекте кайра талибандын келиши ыктымал. Азыркы мезгилде талибанды согуш куралдар менен жеңүү мүмкүн эмес. Ошол себептен Ооганстандын балдарына, жаштарына мектеп ачып жардам берсе, согуша турган аскерлердин саны азаят эле деп ойлойм.

«Азаттык»: Сизди талибандардын, моджахеддердин катарына өт деп азгырышса керек эле?

Жанакеев: Ошондой да учурлар болгон. Мисалы, айтып калышчу, сен калсаң үйлөндүрөбүз, анткени Тажикстанда көп эркектер кырылып калган дегендей. Бирок кыргыз болгондон кийин маңкурт болбошубуз керек, өз жерибизди унутпашыбыз керек, ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошушубуз керек. Эгерде элдин билими жогоруласа, анда тынчтык да болот, согуштан да алыс болобуз.

«Азаттык»: Жапон геологдору менен азыркыга чейин байланыш барбы, кат алышып турасызбы?

Жанакеев: Барымтадан кийинки 2000-жылы бир жумага барып келгем алардын чакыруусу боюнча. Бирөөсү узатып атканда көзүнөн жаш чыгарып ыйлаган, эгерде сен болбосоң кандай болот эле дегендей. Алар мени көрсө мурункуларды эстейби деп көп байланышпайм. Бирок алар мени унутушпайт, мен дагы аларды унутпайм. Азыр башка жапондор менен иштеп жүрөм, көптөгөн жардамдарды берип атышат. Бирок Жапониядагы жер титирөөдөн кийин долбоорлор бир аз азайып калды. Бирок ага карабай жумуш улантылып атат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG