Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Аба ырайы: жаан жаап, карга айланат


22-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0..5 градус жылыйт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 2..7 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...1, күндүз 1...6.

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус жылыйт.

22-октябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…2° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG