Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Бишкекте ИИМ курсанттары катышкан чоң мушташ чыкты


Бишкектеги "Монте Карло" эс алуу жайы, 20-июнь.
Бишкектеги "Монте Карло" эс алуу жайы, 20-июнь.

19-июндун түнүндө Бишкектеги "Монте Карло" эс алуу жайында ИИМ Академиясын аяктап жаткан курсанттар аралашкан мушташ болду.

Күбөлөрдүн айтымында, мас абалындагы курсанттар өз ара мушташып, арачага түшкөн эс алуу жайынын күзөт кызматкерлерине да кол көтөрүшкөн. Бирок ИИМ Академиясы да, ички иштер министрлиги да аталган окуяга курсанттардын тиешеси жоктугун билидирүүдө. Бул окуя журт ичинде өздөрү ушинтип жатса, милиция карапайым калктын коопсуздугун кантип коргойт деген суроого жем таштады.

Окуя кантип "от алды?"

Окуяга күбө болгондордун бири, Кыргызстандагы медиа эксперт Илим Карыпбеков. Ал «Монте Карлого» бир топ белгилүү адамдар менен кызматтык жолугушууга барып, аталган окуяга туш болгон.

- Бир аздан кийин эле эки баланын ортосунда мушташ чыгып, ал жалпы мушташка, ур-тепкиге айланып кетти. Алар жайкы аянтчанын тегерегинде мушташып, эмеректерди, идиш-аяктарды талкалап, бири-бирин сабап, тепкилеп жатышты. Ошол кезде «Монте Карлонун» тартип сактаган күзөт кызматкерлери арачага түшөлү дегенде, алар да ур-токмокко кабылышты.

Бул окуя 19-июндун кечинде саат 11лер чамасында чыккан. Илим Карыпбеков буларды кошумчалады.

- Биз ал жердин кызматкерлеринен булар кимдер экенин сураганда, «милиция академиясынын бүтүрүүчүлөрү» деп жооп беришти. Чынында эле арасында «жолдош полковник» деп кайрылгандары да болуп, аларды кээ бир «полковниктери» куттуктап кетип жатышты. Алардын арасында «полковник», «подполковник» наамындагы адамдар да отурушту.

Курсанттар мушташкан жокпу?

“Монте карлодо” курсанттар катышкан чыр-чатак орун алганын эс алуу жайынын кызматкерлери да ырастап, бирок микрофонго сүйлөп, кенен маалымат берүүдөн баш тартышты. Алар мындай чырлуу окуя биринчи жолу болуп жатканын айтып, бирок ал болочок милиция кызматкерлери тарабынан жасалганы өкүндүрөт дешүүдө.

ИИМ Академиясын аяктаган 40тай курсант бул эс алуу жайына бүтүрүү кечесин майрамдоого келишкен экен. “Монте карло” мекемеси укук коргоо органдарына кайрылганын, келтирилген чыгымдарды да эсептешкенин айтышты.

Ал эми ИИМдин академиясынын тарбия иштери жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдразак Турдубаев бул окуяда курсанттардын күнөөсү жок, ал атайын уюштурулган чагым деп билдирди.

- Өз ара эмес, сырттан жарандык кийимчен балдар келиптир. Менин орун басарым барып, ошол замат токтотуп калышыптыр. Ошол мас балдарга сырттан келип, милиция кызматкерлери да тийишиптир. Биз балдарыбыздын ар биринен “жарандык кийимчен болгула, эч ким менен мушташпагыла” деп, тил кат алганбыз. Биздин балдар андай мушташ чыгарышы мүмкүн эмес. Тескерисинче, алар чатак болбосун, тийишпейли деп качып кетишкенин айтышты. Кимдир бирөөлөр атайын чагым уюштурушуп, бизди шылдыңдашты деп айтып жатышат. Бирок биз баары бир бул иш боюнча териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарабыз.

“Монте Карло” эс алуу жайында мушташ орун алгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы да ырастап, бирок ага курсанттардын тиешеси жок деп билдирди.

Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовду угалы:

- Ал жерде болгон мушташка ИИМ Академиясынын кызматкерлеринин тиешеси жок. Ал жерде белгисиз адамдар тарабынан мушташ болгондугу аныкталган. Бул боюнча ыкчам иликтөө-издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми интернет айдыңында “курсанттар эмеректерди талкалашкан, күзөт кызматкерлерин сабашкан” деген маалыматтар чыгып жатат. Бул фактылардын эч кандай чындыкка дал келбегени учурда такталды.

“Ишенген кожом сен болсоң...”

Анткен менен ИИМ, анын академиясы да курсанттардын тиешеси жок делген мушташ кайсы бөтөн адамдар тарабынан чыкканын так ырасташкан жок. Өткөн жылы да бүтүрүү кечесин майрамдаган аталган окуу жайдын курсанттары машиналар менен жолдорду тороп, бир топ бейбаштык жана мыйзамсыз иштерге барышкан болчу. Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол агымын бууп коюшуп, көчө ортосунда туруп алып бийлешкени, анын айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөнү кабарланган.

Кечээки окуяга күбө болгон Илим Карыпбеков болочок тартип кызматкерлеринин жоруктары өкүндүрөт дейт:

- Булар милициянын, же академиянын аброюна гана шек келтирген жок, ошол жерде отурган башка адамдардын маанайын да чөктүрүштү. Биздин милиция кызматкерлерибиз, келечек муунубуз ушундай иштерди кылып, “тартипти” ушундай кылып коргоп жатса, алардан эмнени күтмөк элек. Ушундай ой-пикир менен биз да, башка отургандар да ур-токмокко кабылбайлыбы деген таризде кетип калдык.

Ал эми айрым маалымат каражаттары күбөлөрдүн айтканына таянып, мушташ бүтүрүүчүлөр менен уулдуу болгонун белгилеп жаткан ИИМдин полковник чининдеги бир кызматкеринин ортосунда чыкканын жазып чыкты.

ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы өлкөдө жогорку билимдүү милиция кызматкерлерин даярдаган бирден бир окуу жай. Бирок министрлик гана эмес, анын академиясы да реформага муктаж экени көптөн бери айтылып келатат.

Быйыл болсо бул окуу жайды 250 лейтенант аяктап, кыргыз милициясынын катарын толуктоодо.

XS
SM
MD
LG