Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Кыргызстанда айрым журналисттерди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чакырып, суракка алууда.

УКМК буга чейин “Вечерний Бишкек” гезитинин эки кабарчысы тууралуу маалымат талап кылган. Эми болсо “Дело №...” гезитинин башкы редакторун суракка алганы белгилүү болду. Мындай аракеттер өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратат деген кооптонуулар айтылууда.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети журналисттерди суракка алууга жөндүү себептер бар экендигин айтып, сөз эркиндигин чектөө деген айыптарды четке кагууда.

Комитетти кызыктырган маалыматтар

Кыргызстандагы абройлуу орус тилдүү “Дело №...” гезити шаршемби күнү чыккан санында “Жаңы бийлик коррупция менен күрөштү журналисттер менен күрөшүүдөн баштады” деген аталыштагы башкы редактор Светлана Красильникованын макаласын басты.

Анда Красильникова атайын кызматта төрт саат сурак бергенин баяндаган. Редактордун айтымында, “Мегаком” компаниясы менен өткөн жылдын феврал айында 1 миллион 80 миң сомго келишим түзүлгөн. Ага ылайык, “Мегакомдун” мурдагы жетекчилиги, башкача айтканда Андрей Силич аталган компаниядан акчаны кандай жол менен чыгарып кеткендиги боюнча маалыматтык жана аналитикалык материалдары даярдашкан.
Журналисттерди куугунтуктап жатат деген туура эмес, ал жалган маалыматтар. Бүт баары негиздүү, ар бир боюнча арыздар бар.

Гезиттин жазышынча, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин ушул маалыматтар кызыктырып, башкы редакторду жана макалалардын авторун күбө катары суракка алышкан. Бирок Светлана Василькова муну жаңы бийликтин журналисттерге каршы күрөшүүсү катары сыпаттоодо.

Ушул ай башында Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Альфа-Телекомдун” жетекчилиги 142 миллион сомдон ашуун каражатты кымтып алган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 1-февралда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети “Вечерний Бишкек” гезитине кат жөнөтүп, кабарчылар Ольга Дядюченко менен Александра Василькова тууралуу маалыматты талап кылышкан. Ал боюнча Ольга Дядюченко буларды билдирди:

- “Вечерний Бишкек” басма үйүнө К. Сарчаев деген бөлүм башчыдан маалымат сураган кат келген. Анда “Улуттук коопсуздук кызматтары тууралуу” мыйзамдын 16-беренесине ылайык, кызматтык зарылчылыкка байланыштуу деп Василькова жана мен жөнүндө сурашкан. Качантан бери жана ким болуп иштейт, жумушка алынган буйругу, айлык акылары жана сыйлык катары алган акчалар боюнча да маалымат бергиле дешкен.

Жашыруун эмес, расмий кат

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы “Вечерний Бишкек” гезитинин эки кабарчысы тууралуу маалыматты өткөн жылдын 9-августунда жазган макалалары боюнча сурап жатышканын негиз келтиришкен. Ал макалада кабарчылар Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Доолоноту айылындагы жер чатагы тууралуу баяндашкан экен.

Мирослав Ниязов

Мирослав Ниязов

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Мирослав Ниязовдун айтымында, атайын кызмат зарыл учурларда маалымат сурап кайрылууга укуктуу. Бирок акыркы кезде атайын кызмат оперативдик негизде эле билип ала турган маалыматтар үчүн да атайын кат жөнөтүүнү адат кылып алды дейт Ниязов.

- Мурда УКМК мындай маалыматтарды жашыруун жол менен тапчу эле. Эми азыр расмий деп айтып калышты.

Ал эми укук коргоочу Качкын Булатов күч түзүмдөрүнүн табияты өзгөрбөй жатканына нааразы. Анын айтымында, мурдагы бийлик тушунда болуп келген айрым көрүнүштөр бүгүн да кайталанууда.

- Булар келгени деле бир да өзгөрүү болгон жок. Кайра эле баягыдай коомдук журналисттердин, лидерлердин артына түшүп, телефондорун тыңшап жатат. Ушундайлар менен гана алек болуп калышты. Эч бир өзгөрүү жок.

Ал эми УКМКнын маалымат катчысы Нурлан Токталиев атайын кызмат журналисттерден маалымат талап кылып, сөз эркиндигине каршы аракеттенүүдө деген пикирлерди четке кагууда. Анын айтымында, журналисттерден маалымат алууга ар бир иш үчүн өз-өзүнчө негиздүү жүйөлөр бар.

- “Вечерний Бишкек” боюнча арыз түшкөн. Ошонун негизинде бул кабарчылар ушул жерде иштейби же жокпу деп маалымат сураганбыз. Ал эми “Дело №...” гезитин "Мегакомдун" иши боюнча күбө катары чакырганбыз. Журналисттерди куугунтуктап жатат деген туура эмес, ал жалган маалыматтар. Бүт баары негиздүү, ар бир боюнча арыздар бар. Журналисттерди жөн эле сурай бермек белек? Тескерисинче, демократия жана ачык-айкын болсун деп жатпайлыбы.

Айрым талдоочулар журналисттерди суракка чакыруу, алар тууралуу маалымат алуу көрүнүштөрү журналисттер арасында өзүн-өзү чектөөнү пайда кыларын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG