Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Кыргызстандын бийлиги июнь коогасында саясий активдешүүгө байланышкан сепаратисттик аракеттер болгонун расмий түрдө тааныды.

Күч түзүмдөрүнүн аналитикалык баяндамасында окуяга түрткү болгон жагдайлар талданып, 2010-жылы апрель-май айларындагы өлкөдөгү абалдан пайдаланууга жасалган өзбек тектүү саясатчылардын өз алдынчалыкка умтулуу демилгеси катары бааланды. Өзбек тектүү коомчулук өкүлдөрү болсо сепаратисттик аракеттер болгон деген бүтүмдү негизсиз жоромол катары карашууда.

Тамыры терең талдоо

Июнь окуясынын таржымалын кайрадан карап, айрым бир жагдайларды талдаган аналитикалык баяндамада кооганын чыгышына реваншисттик жана сепаратисттик күчтөрдүн таасири болгон деген корутунду чыгарылды. Мында айрыкча сепаратисттик манайдагы өзбек тектүү саясатчылардын 2010-жылдын апрель-май айларында радикалдуу талаптарды коюп, митингдерди өткөрө баштагандыгы мисалга алынган. Андай иш-чаралар Ош менен Жалал-Абаддын өзбек тектүү жарандар жыш отурукташкан аймактарында жүргүзүлгөн.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев мына ошол окуяларды талдоодо сепаратисттик күчтөр кырдаалдан пайдаланып калгысы келген деген корутундуга келишкендигин белгиледи:

- Биз талдоо жүргүзгөндө 90-жылдан баштап карап, 2010-жылкы июнь коогасынын тамырын ошол жактан издеп көрдүк. Мына ошол 90-жылы да, 2010-жылы да бийликтин алсыздыгынан пайдалануу аракети болгондугун байкадык. Айырмасы 90-жылы автономия талап кылуу ачык жарыяланса, 2010-жылы мына ошол эле өнөкөт кыйыр түрдө, бирок кылдат иштелип чыккандыгы көрүндү. Батыровдун биз 20 жылдан бери ушул күндү күткөнбүз дегени эмнени туюнтат? Мына ошол 90-жылдагы окуядан бери 20 жыл өтүп жатпайбы. Демек мына ошол күндү күтүшкөн турбайбы деп түшүнүшүбүз керекпи? Алар жыйын-митингдерди уюштуруп, бир жактуу кызыкчылыкты көздөгөн радикалдуу талаптарды койушкандыгы эмнеден кабар берет? Биз мына ошонун бардыгын талдап отуруп, мына ошондой корутундуга келдик.

Буга чейин өзбек тектүү саясатчылар Кадыржан Батыровго, Иномжан Абдрасуловго, Жалолиддин Салахуддиновго жана Караматхан Абдуллаевга улуттук араздашууга от койгон деген беренеден сырткары сепаратизм аракеттери боюнча кылмыш иштери козголгон болчу.

Алишер Сабиров өзбек сепаратизминин анабашы беле?

Жакында парламентте экс-депутат Алишер Сабиров сепаратисттик демилгенин идеологу болуп, бирок жоопкерчиликтен четте калып жатат деген сөздөр айтылды. Бирок баш прокурор Аида Салянова депутаттарга андай айыптоого далил жок деп жооп берген.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Сабиров өлкөнүн түштүгүндө өзбек автономиясын түзүүнүн укуктук негиздерин иштеп чыгуу менен алектенип келген деп эсептейт:

- Сепаратисттик күчтөрдүн биринчи маселеси - өлкөнүн түштүк аймагында өз алдынча улутттук автономияга ээ болууну көздөгөн. Бул иш көп жылдан бери иликтенип-изилденип келип, ыңгайлуу учурду гана күтүшкөн. 2010-жылы 7-апрелден кийинки мезгил алар үчүн өтө ыңгайлуу мезгил болгон. Алишер Сабиров автономия түзүү, улуттар аралык мамиле жана статус-кво маселелери боюнча ар түрдүү маалыматтарды чогулткан.

Депутат айым Сабиров бул маселе боюнча кандидаттык диссертация жазганына да токтолду:

- Ал киши өзү саясат таануучу болбосо эмне үчүн өзүнүн кесибине байланыштуу илимий теманы тандаган эмес деген суроо туулат. Бул деген илимге шылтоолоп, көп жылдан бери автономияны кантип түзүү керек, аймакта статус-кво канткенде аракетке келет деп сепаратизмдин идеологуна айланган. Анан дагы бир шек жарата турган жагдай - июнь окуясы боюнча шектелген Карамат Абдуллаева менен Жалолиддин Салахуддинов учурунда бул кишинин колунда иштешкен. Демек июнь окуясы боюнча жөн гана аткаруучуларга издөө жарыяланып, бирок анын руханий дем берүүчүсү жоопкерчиликтен сыртта калып отурат.

Курулай айыптообу?

“24.kg” агенттигине берген комментарийинде Алишер Сабиров мындай айыптоого негиз жок экенин айтып, анын дарегине курулай доомат койгон депутаттарды сотко берерин жарыялаган. Бирок Сабировдун өзү менен бул маселе боюнча байланышууга мүмкүн болгон жок. Айрым өзбек тектүү коомчулук өкүлдөрү болсо июнь коогасына чейин жана андан кийин да сепаратисттик аракеттер болгон эмес деген пикирде.

“Эркиндик үнү” уюмунун жетекчиси Абдымомун Мамараимов өзбек коомчулугунда сепаратисттик маанай болгон деген бүтүм менен макул эмес:

- Алишер Сабиров тууралуу айтылган сөздөрдү угуп аябай таң калдым. Эгерде анын айыбы бар болсо укук коргоо органдары кармап, суракка албайт беле. Бул жөн эле саясат болуш керек. Өзбек коомчулугунда сепаратисттик умтулуулар болгон эмес. Мына ошондой ой-пикир болсо дагы ал өзбек коомчулугунан кеңири колдоо таба алмак эмес. Өзбектер сепаратисттик аракет кылып, каякка барып кошулат? Өзбекстангабы же Кытайгабы? Мына ушундай деп айыптагандардын логикасына түшүнбөйм. Бул жөн эле курулай айыптоо.

2010-жылы май айында конституциялык кеңешмеге өзбек тектүү саясатчылар тобу баш мыйзамга алардын атынан беш маселени киргизүү талабын койушкан. Анда өзбек тектүүлөр жыш отурукташкан аймакта өзбек тилинин макамын таануу жана жергиликтүү жана борбордук бийликтин курамына 30 пайыздан кем эмес өзбек тектүүлөрдөн тартуу сыяктуу бир этностун кызыкчылыгын көтөргөн талаптарды Конституциялык кеңешме талкуулоодон баш тарткан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG