Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Коопсуздук маселелери боюнча талдоочу, генерал Кубатбек Кожоналиев атайын кызмат жана ага байланышкан жагдайлар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Улуттук коопсуздук кызматы кайрадан комитет болуп өзгөрдү. Аты менен кошо заты да өзгөрүп жатканына ишенесизби?

К. Кожоналиев: Мен ошондон шектенип жатам. Буга чейин, апрель окуясынан бери биз бир топ сунуштарды киргизгенбиз. Жарандык коомдун, кечээ президент да айткан сөздөргө кошулам. Бирок андан тыянак чыкпаганы абдан өкүнүчтүү болуп жатат. Мурдатан бир үй-бүлөгө кызмат кылган кызмат өзүнө жыйынтык чыгарып, өзүн өзгөртүү, реформалоо маселесин козгобой жатат.

Жакында эле өткөн IT форумда элдин укуктарын бузганын мойнуна алып жатат. Бирок ошону менен бирге аны өзгөртүүгө багыт ала тургандай кыймыл-аракеттер жок.

“Азаттык”: Өзгөрүү, реформалоо эмнеден башталышы керек эле?

К. Кожоналиев: Реформалар булардын багыттарын тактоодон башталышы керек. Ар нерсе менен, чачыранды болбой 2-3 багытты алышы керек. Айтып келгендей, контрчалгындоо, терроризм-экстремизм биринчи ирээтте туруш керек. Анын күч-кубаттын баарын ошол жакка жумшаш керек.

Биздеги окуялардын баары атайын кызматтардын аракеттери өтө начар экенин тастыктап жатат. Муну баарыбыз билебиз, сыр эмес, аны президент деле айтып кетти. Бирок мен алардын өзгөрөрүнөн күмөн болуп жатам. Мен алардын жетекчилерине да кирип, президентке да өзүмдүн пикирлеримди жөнөткөм. Меники туурабы, же жокпу бул башка кеп, бирок буларды реформалоо иштерин эксперттерге бериш керек. Өздөрүнө бергенде будамайлап, мурдагы кебетесинде эле калып калат.

“Азаттык”: Бул тармакты жыйырма жылдан бери милициядабы, же бажы тармагында иштеп келген сыяктуу адистер башкарууда, өздөрүнөн чыккан кадрлар жок дегендей сын айтылат. Эмне себептен чыныгы чекисттер жетекчиликке келбей жатат?

К. Кожоналиев: Мен силерге айтып коеюн, атайын кызматтын жетекчилиги – бул саясий кызмат. Бул жерде саясий кызматкер отурушу керек. Дүйнөлүк практиканы карап көргүлө, чалгындоо, атайын кызматтарда жетекчилер саясий кызматкер. Анын орун басарлары албетте адис болсо болот. Мына раматылык Анарбек Курамаев деле мына кандай киши эле. Ал өзү философ болчу, сабак берип жүргөн мугалим болчу. Бирок келгенде ишти жакшынакай кылып алып кетпедиби. Аны азыр комитетте иштеген балдардын эч кимиси аны начар иштеди дегенге тили бурулбайт.

“Азаттык”:
Атайын кызматтын мурдагы кадыр-баркын кантип калыбына келтириш керек? Кадрлар аркылуубу же мамлекеттен атайын колдоо керекпи?

К. Кожоналиев: Бул атайын комплекстүү түрдө болуш керек. Атайын кызматты жыйырма жыл бекитип бекемдеп, багыттарын, укуктук негиздери боюнча комплекстүү чаралар көрүлүшү керек. Элден чыккан кызмат болуш керек. Бир үй-бүлөнүн, же бир топтун кызыкчылыгын коргогон кызмат болуп кетпеш керек.

Казакстанда Алдаяр Исманкулов дегенди жоопкерчиликке тартылып атпайбы. Бул эмнени белгилейт? Бул кызмат элден алыстап, ага кокус адамдар эле келип калганын, үй-бүлөнүн буйруктарын аткарып атканын белгилеп атпайбы. Мындай кара тактар кайталанбай тургандай кылып чараларды көрүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG