Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Тоо көлдөрү жырылбаса экен


Өлкө аймагындагы ташып кетүү коркунучундагы көлдөрдүн абалы, кырсыкты алдын алуу иштери кандай?

Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суунун кескин көбөйүп, тосмодон ашып түшүшү ойдогу конуштардын тургундарын жана шаардыктарды дүрбөлөңгө салды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айтымында, республикада 3 миң көл болсо, анын үч жүздөйүндө жырып кетүү коркунучу бар.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин жетекчи орун басары Аманбай Сарногоев жана БУУнун Табигый кырсыктарды алдын алуу программасынын жетекчиси Кеңешбек Сайназаров.

“Азаттык”: Тез-Төр көлүнүн ташып кетүү коркунучу мындан 2-3 жыл мурда эле айтылган. Алдын алса болбойт беле? Эл дүрбөлөңгө түшүп, дале үйлөрүнө кайтып бара элек экен?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Аманбай Сарногоев: Ташып кетет деген көлдөргө 20-30 жылдан бери байкоо салынып жатат. Ал эми Тез-Төр көлү жарылып, секундасына 25 куб метрге чейин агым менен кетти.

Бирок мындан да көп, 50 куб метр көлөмдө акса ошол жерде курулган тамдар, Ош базарынын айланасы, көпүрөсү жапыз жерлерге коркунуч алып келмек. Ошондуктан биз эң коркунучтуу сценарийге даяр болушубуз керек.

Учурда Тез-Төрдөн коркунуч жок, көл кургап турат. Бирок жырып өткөн каналы бүтөлүп, көл дагы 3-4 жылдан кийин толот. Ал эми Тез-Төрдүн тегерегиндеги 10-15 көлдүн абалына күнү-түнү атайын адистер байкоо салып турушат. Маалымат алып жатабыз, атайын комиссия да тик учак менен көрүп келишти. Азыр ташып кетүү коркунучу бар көлдөр Чүй, Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарында да бар.

Кеңешбек Сайназаров: Бул министрликтин эле жоопкерчилиги эмес. Бул жарандык коргонуу системасынын көйгөйлөрүнүн бири.

Тез-Төрдүн ташып кеткени биздеги көйгөйлүү маселелердин бир тобун көрсөтүп койду. Биринчиден, коркунучту көзөмөлдөө жана алдын ала баалоону системалуу түрдө көзөмөлдөн өткөрүп туруу керек. Көл бир күн эле толуп калып, эртеси ашып кеткен жери жок.

Экинчиден, коркунучтун эң жогорку чегине таянып, алдын ала маалымат берилиши туура болгон. Бирок элдин дүрбөлөңгө түшүшү тобокелге даярдануу маданиятын да көрсөтүп койду. Мисалы, Жапониядагы цунами же жер титирөөнү алалы. Эл аны кандай кабыл алды эле? Алар дүрбөлөңгө түшпөй, бардыгына даяр болуп, бир жерден экинчи жерге көчүп кетүүсүнө өздөрү шарт түзөт.


Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG