Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Түркиядагы теракт, Машраповдун убайымы


Яхъё Машрапов
Яхъё Машрапов

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланган кыргызстандык Яхъё Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жарыялады. Бирок чыныгы кылмышкер табылганга чейин ал Түркияга соода сапарын токтотуп турмакчы.

Түрк маалымат агенттиктери Стамбул шаарында жаңы жыл түнү болгон терактка шектүүнүн паспортун жарыялагандан бери Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну Машраповдордун үйүндө тынчтык жок. Анткени түрк маалымат булактары жарыялаган паспорт кыргызстандык Яхъё Машраповго таандык болчу.

- Мен саясатты каалабайм. Алар менден кечирим сурасын деп талап кылбайм. Бирок алар кандайдыр бир маалымат чыгарардан мурун баарын тактап жарыялашса болмок деп айтаар элем. Анткени жөн эле бир адамды террорчу деп өмүрүн азапка салып коюшу мүмкүн экен да. Ошол маалымат чыккандан бери ата-энем, туугандар абдан жаман болуп жатат. Мени террорчу кылып коюшпасын деп суранат элем.

Яхъё Түркияга 1-январда кетип, 3-январда Кыргызстанга кайтып келген. Ал келери менен Коопсуздук кызматына сурак берген. Андан соң анын апасы да суракка чакырылган. Яхъёнун апасы Санавар Машрапова:

- Кечээ милициялар келип, Яхъёнун аялын, эки баласын жана мени кошуп сүрөткө тартып кеткен. Биз баарыбыз чогуу жашайбыз. Кылмышкердин сүрөтүн да бизге көрсөтүштү. Менин балама анын эч кандай окшоштугу жок экен. Анан кантип окшоштуруп жатышканына таң калдым. Менин балам 1-январда Стамбулга учканы анык.

Булардын кошунасы Сиражидин Рустамов Яхъё диний агымдарга тиешеси жок, жөнөкөй соодагер экенин айтты:

- Яхъёну бала чагынан бери билем. Ушул жерде чоңойгон. Менин балдарым менен чогуу өскөн. Анын террордук чабуул уюштурганына деги эле ишенбейбиз. Анткени аны өзүбүз чоңойтконбуз. Мааледе кандай иш болсо чакырам, чуркап чыгып жардам берет. Бул бала андай радикал агымдарга азгырылган эмес. Эл катары жума намазга барып коет. Бирок андай агымдарга аралашкан эмес.

Стамбул канабайрамына ИМ жоопкерчилик алды

Стамбул канабайрамына ИМ жоопкерчилик алды

Стамбул шаарында түнкү клубга кол салуу жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. Жаңы жыл түнү кол салуудан 39 адам өлүп, ондогондор жарадар болгон. Түрк бийлиги кол салган адамды издөөдө.

28 жаштагы Яхъё Машрапов 2015-жылдан бери ат тезегин кургатпай аптасына эки ирет Түркияга каттап, кийим-кече ташып турган. Учурда ал бир уул, бир кызы жана аялы менен ата-энесинин колунда турат. Яхъёнун атасы Орусияда эмгектенип жүрөт. Паспортунда түрк бажысынын мөөрлөрү толуп кеткен Яхъё эми Стамбулдагы чабуулдун чыныгы күнөөкөрү табылганга чейин сапарга чыкпай турууну чечкен.

- Мен саясатка кызыкчу эмесмин. Өзүм тууралуу сөз болуп жаткандан кийин Стамбулдагы окуяларды интернетке кирип, 39 адам көз жумганын окудум. Мен ошол кылмышкердин тезирээк табылышын каалайт элем. Анткени эч ким эч кимдин өмүрүн алганга акысы жок. Ошол кармалса анан барам. Азырынча мен дагы чочулап турам. Баары такталганга чейин барбай турууну чечтим.

Бул арада Кыргызстандын Коопсуздук кызматы Яхъё Машраповдун паспортун алып койгону белгилүү болду.

Түрк маалымат каражаттары 3-январда кыргызстандык Яхъё Машраповдун бул паспортун терактка шектүү катары жарыялап жиберген эле.

Түрк бийлиги кол салган адамды атай элек

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна жаңы жыл түнү кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын айтып, анын аты-жөнүн атаган жок. Болгону ал адам азырынча кармала электигин жана бул боюнча тийиштүү органдар ыкчам аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү Dogan маалымат агенттиги кабарлагандай, 4-январда түнкү клубга жасалган чабуулга катыштыгы бар делген 27 адам Измир шаарында кармалды. Алардын арасында Конья калаасынан келген аялдар жана балдар бар.

Буга чейин Anadolu агенттиги да шейшембиде кылмышка шектүү 14 адам кармалганын жазган.

Соңку эки күндөн бери түрк маалымат каражаттары шектүү тууралуу ар кандай такталбаган кабарларды таратып жиберген. Алардын айрымдары шектүү Борбор Азиядан болушу мүмкүндүгүн, башкалары өзбек же кыргыз экенин, ал эми үчүнчүлөрү уйгур экенин боолгошкон. Азырынча шектүү тууралуу медиаларга чыккан маалыматтардын бири да расмий ырастала элек.

Ал арада Түркияда жарым жыл мурда киргизилген өзгөчө кырдаал абалы дагы үч айга узартылды. Өкмөттүн мындай сунушун парламент 3-январда бир добуштан колдоду.

Добуш берүүнүн алдында сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Нуман Куртулмуш өкмөт бардык экстремисттик уюмдарга каршы күрөштү күчөтөрүн белгиледи.

“Стамбулдун Ортакей районунда жасалган чабуул менен террордук уюмдар бизге кандайдыр бир эскертүү беришти. Ал “биз 2017-жылы да элге көйгөй жарата беребиз” дегени. Биздин жооп айкын жана белгилүү, алар кандай гана террордук топ болбосун, артында ким турбасын, мүдөөсү кандай болбосун бул жылы биз бардык экстремисттик уюмдарга каршы аягына чейин күрөшөбүз”

Өзгөчө кырдаал Түркияда өткөн жылдын июль айында болгон төңкөрүш аракетинен соң киргизилип, октябрь айында узартылган эле. Бул ирет да Стамбулдагы түнкү клубга жасалган чабуулдан соң кайра узартууга аргасыз болушканын өкмөт өкүлдөрү белгилешти.

Стамбулдун тургундары да мындай чечимди колдошот. Жергиликтүүлөрдүн бири, өзүн Сагли деп тааныштырган жигит өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын жашырбайт.

- Албетте, биз абдан коркуп турабыз. Ошентсе да көчөгө чыгып эле жашоо кадимкидей уланып жатат. Бүгүн мен досторум менен жолугушууга чыктым, ичимден тынчсызданып турам. Азыр бар-ресторан же эл көп топтолгон жерлерден качып калдым. Мен өзүмдүн жашоомду өзгөртүүгө аргасыз болдум.

Стамбулдагы “Рейна” клубунда жаңы жыл түнү кол салган белгисиз адамдын туш келди чыгарган огунан 39 адам өлүп, 70ке жакыны жарадар болду.

Набыт кеткендердин дээрлик бардыгы чет өлкөлүк туристтер болгон. Алардын арасында Түркиянын, Ливандын, Сауд Арабиянын, Марокконун, Ливия, Израил жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар эле.

Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму өз моюнуна алды. Дүйшөмбүдө түрк полициясы кол салды деген шектүү адамдын видеосун тараткан. Анын аты-жөнү, улуту айтылган эмес. Кылмышкерди издөө уланууда.

Түркия: терактка шектүү адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG