Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Жарандык коому күчтүү өлкө саналган Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бүгүнкү орду жана ага мамиле “Азаттыкта” “Арай көз чарай” талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы Динара Ошуракунова жана АКШдан бейөкмөт уюмдардын ишмердигин иликтеген кыргызстандык окумуштуу, докторант Сайрагүл Матикеева катышты.

“Азаттык”: Сиз өткөндө парламент жыйынында бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн опсуз көп акча алып, аны Кыргызстанды жаманатты кылууга жумшап атышат, буларга мониторинг жүргүзүш керек деп. Буга кандайдыр бир фактылар, байкоолор негиз бердиби?

Надира Нарматова: Жогорку Кеңеште мен биздин акыркы эгемендүү мамлекет болгондон берки 20 жылдын айланасында иштеп жаткан жарандык коомдор, бейөкмөт уюмдар жөнүндө атайын биздин мамлекеттин ичинде бир тескөө катарында мониторинг жүргүзүш керек.

Биздин мамлекетке пайдасы бар бейөкмөт уюмдар болсо иштесин, пайдасы жок эле чет мамлекеттерден колдоочу каражаттардын эсебинен эпсиз эле мындай туура эмес маалыматтарды таратуу аркылуу бийлик менен элдин ортосуна чок салууга аракет жасаган, улуттар аралык мамилелерге шек келтирүүчү жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруучу саясаттарды аныктап, тактап алыш үчүн атайын мониторинг жүргүзүш керек деген демилгени көтөрүп чыккам.

Негизи бул маселе боюнча мен былтыр да айткам, Мамлекеттин коопсуздук комитети тарабынан бир топ аракеттер жүргүзүлгөн, конкреттүү фактыларга таянып туруп, анан мен демилгени көтөрүп чыкканга мажбур болдум.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Кыргыз мамлекети эгемендүү, өзүңөргө белгилүү, шериктеш мамлекеттердин катарында өзүнүн ички саясатын мамлекеттик бийлик өзү жүргүзүш керек, ар кандай ички саясатын, ички башкаруу системаларын, эгерде жөндөп башкара албай калган болсо, анда бул башка. Бирок мыйзамдуу түрдө Конституциянын негизинде бизде мамлекет түзүлүш, Кудайга шүгүр, бүгүн бар, президенттик бийлик бар, парламенттик башкаруу Конституциянын негизинде мына үчүнчү жылга карады, жүрүп жатат. Парламент түзгөн өкмөт өзүнүн ишин аткарып атат, ошондуктан ички саясатыбызга сырттан кийлигишүүгө жол бербешибиз керек.

Биз кийлигишип атат деп айтабыз, себеби биздин мамлекетке абадай, суудай керек болгон тынчтык, анан бейпилдик, анан мамлекеттин туруктуулугу керек. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз ар кандай тескери көз карашта болгон бейөкмөт уюмдарды, алардын жүргүзгөн ар кандай долбоорлору канчалык деңгээлде биздин мамлекетке пайдасы, зыяны бар экендигин ачыктан ачык айтып, мониторинг жүргүзгөндүн эч кандай жаман жери жок.

Динара Ошуракунова: Мен үчүн мониторинг деген түшүнүксүз. Эмне деген мониторинг, аны ким жүргүзөт, мамлекеттик органдарбы? Эгерде мамлекеттик органдар болсо, алар ансыз деле жүргүзүп жатышат. Анткени бардык ошол грантты алып келген уюмдар, мисалы, салыктарды, Соцфондго салыкты төлөшөт, дайыма өздөрүнүн отчетторун берип турушат. Эгерде парламенттеги депутаттарга ошонун баары кызык болсо, Салык кызматына барыппы, же Соцфондго, же Юстиция министрлигине кайрылып, каттоолорун, уставдарын алып, эмне боюнча иштеп, кайсы жерден акча алып келип атканын билсе болот.

Экинчиден, бул эл аралык уюмдардын бардыгы тең Кыргызстанда катталган, мамлекет чакырып, аккредитация берген. Ошол эле эл аралык уюмдар парламентке жана башка биздин бийликке гранттарды, кредиттерди берип атат, ошону менен иштеп атышат.

Үчүнчүдөн, балким, депутаттар каттодон өтпөгөн башка, мисалы, биз азыр көрүп атпайбызбы мечиттер түзүлүп атат, алар кайсы жерден келип атат, ачык эмес уюмдарды карашаар, балким ошол коркунуч бар.

Бирок бул жерде кайрадан эле бизде мамлекеттик система ансыз деле ушундай түзүлгөн: кимдер иштеп атышса алар мыйзам чегинде иштеп, мониторингдерден өткөндөр.

Мен айтат элем, биз, мамлекеттик бюджетке өзүбүздүн салымыбызды абдан көп кошобуз, жумуш орундарын ачып, элге жумуш беребиз. Парламент болсо мамлекеттик бюджеттен каржыланат, ошол бюджетке биз салымыбызды кошуп атабыз да эл аралык инвестицияларды чакырып.

Сайрагүл Матикеева: Мен да бейөкмөт уюмдарга эмне үчүн мониторинг жүргүзүш керек – түшүнбөй жатам. Биздин Конституцияга ылайык, ар бир атуул өзүнүн өнүгүүгө мыйзамдын чегинде салым кошконго укугу бар. Бейөкмөт уюмдар, коммерциялык бейөкмөт уюмдар да ошол мыйзамдардын негизинде түзүлүп, иштеп атышат. Адилет министрлигинен каттоодон өтөөрдө жүздөгөн документтерди чогултушат, салыктар төлөнөт.

Мисалы, карап көргүлө, эгерде, мамлекет бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгүсү келсе, эң жакшы рычаг бул – каржылоо. Мисалы, Европанын өнүккөн мамлекеттеринде, АКШда, Канадада, Италияда, Австралияда бейөкмөт уюмдар толтура, миллиондоп саналат. Бирок булардын бизден бир айырмасы - буларда бейөкмөт уюмдардын бардыгын мамлекеттик уюмдар, бизнесмендер, жеке ишканалар, адамдар каржылашат.

Бул жерде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар кандай салым кошту деген суроону коюш керек. Чындыгында билген адамдарга бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда элдин активдүүлүгүн, жарандык аң сезимин көтөрүү боюнча бир топ жакшы иштерди жасаган, билинбеген менен майда-майда, бирок көп иштерди жасап атат. Ошондуктан мамлекет эгерде бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгүсү келсе, өздөрү да аракет кылышы керек. Социалдык заказ тууралуу мыйзам азыр ишке ашпай атпайбы.

Ошол мыйзамды иштетип, ошонун негизинде каржы бөлүп, анан ошол каржыны эмне кылдың, кайда жөнөттүк, эмне иш аткардың деп, көзөмөлдөсө болот. Болбосо бул туура эмес болуп калат. Мисалы, мен бейөкмөт уюмдар бирөөгө кызмат кылып атат дегенден алысмын.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG