Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Ташанов: Кыянатчыл күчтөр уктатышпайт


Оштогу тосмо бекети.
Оштогу тосмо бекети.

Оштук серепчи Руслан Ташанов аймактагы коопсуздукка байланышкан соңку кырдаал боюнча “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Оштогу 8-октябрдагы элдин үрөйүн учурган окуя эмнеден кабар берет?

- Бул окуя ар кандай чагымчыл, деструктивдүү күчтөрдүн аймакта саясий кызыкчылыктары бар экенин дагы бир жолу далилдеп турат. Бул кандай күчтөр болушу мүмкүн? Бул - динди чүмбөттөнүп алган экстремисттик топтор. Бул биринчи кезекте - Өзбекстан Ислам кыймылы. Аталган топ Борбор Азия чөлкөмүндө көптөн бери өзүнүн чагымчыл аракеттерин жүргүзүп келгенин билебиз. Андан сырткары динге жамынып, кандайдыр бир саясий максаттарды алдыга койгон топтор бар. Жыйынтыктап айтканда, динге жамынган экстремисттик топтор аракеттерин жүргүзүп жатат десек болот.

- Бул окуянын шайлоого байланышы болушу мүмкүнбү?

- Мен муну так айта албайм. Муну экстремисттик топтордун кадимки эле дайыма жасап келген иши катары баалайт элем. Муну шайлоого байланыштырбайм.

- Коргоо кеңешинин жыйында Кыргызстанга дүрбөлөң салгысы келген, ичте да, тышта да бейстабилдүүлүккө кызыкдар күчтөр бар деп айтылды эле. Сиздин баамыңызда, өлкө коопсуздугун коргоо чаралары жетиштүү болуп жатабы?

- Баамымда, азыр укук коргоо органдары колдон келген аракеттерин жасап жатат. Себеби кечээки окуяга көз сала турган болсок, тартип коргоо органдарынын өтө дыкаттык менен, өтө жогорку деңгээлде иштегени байкалат. Карапайым атуулдарыбыз эч кандай жапа чеккен жок. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жок кылынышын укук коргоо органдарынын канааттандырарлык иш-аракеттери деп бааласа болот.

Бирок ошого карабастан шайлоонун алдында дагы деле болсо коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл деп ойлойм.

- Эмнелерге көңүл буруп, кошумча дагы кандай чаралар көрүлүшү зарыл деп ойлойсуз?

- Биринчи кезекте Ички иштер министрлиги, Коопсуздук комитетинин ортосунда терроризм, экстремизмге каршы турган атайын оперативдүү топ көчөлөрдү кайгуул күзөткө алууну күчөтүү зарыл деп ойлойм.

- Такталбаган маалыматка караганда, Оштогы окуяга катышы бар деп шектелип жаткандар Тажикстан тараптан келген деп айтылып жатат. Бул канчалык чындыкка жакын?

- Албетте келиши мүмкүн. Азыр баарына белгилүү, ошол радикал экстремисттик топтор Ооганстан тарапта активдеше баштады деген маалымат бар. Ооганстан, Пакистан, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан зонасындагы кылмыш топтор деструктивдүү аракеттерин жүргүзүп келген. Ошондуктан бул маалыматты чындыкка жакын деп айтууга болот.

- АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткени жатат. Бул Кыргызстандагы коопсуздукка кандай таасир бериши мүмкүн?

- Терс таасирин тийгизбейт деп айтуу кыйын. Себиби биздин чек ара коопсуздугубуз канчалык, кантип сакталары баарыбызга маалым. Кооптуу делген биздин чек ара аймактарыбыз ачык бойдон, корголбойт. АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан алып чыгып кетүүсү Кыргызстанда кооптуу жагдайдын жаралуусуна сөзсүз таасир этет.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG