Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ошто “Чөөнүн сааты” тасмасы табылды


"Чөөнүн сааты" китебинин ичиндеги сүрөт.
"Чөөнүн сааты" китебинин ичиндеги сүрөт.

Ош шаарында чагымчыл маанайда делген «Чөөнүн сааты» тасмасы жана бир катар китептер табылды.

Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү деп үч адамды кармады. Ишти мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыгы териштирүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурбек Маматов Ош шаарындагы компьютерлерди ондоочу кенселердин биринен ушундай видеотасма жана бир катар китептер табылганын “Азаттыкка” тастыктады. Бул ишти андан ары тергөө үчүн бардык материалдар жана шектелип жаткан үч адам Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине тапшырылды

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комититети менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ош шаарынын тургуну, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин баамында, “Чөөнүн сааты” видеотасмасын бул жердегилердин көбү көрүп чыккан. Ал тасманын айрым жерлери Ош окуясына чейин тартылып, монтаждалгандыгы баамдаган адамга дароо эле байкалаарын айтат.

Азыр бул китеп Ошто талкууга алынып, бүтүп келаткан жарага туз сепкендей таасир этээри айтылууда. Былтыркы отту тутантып, чет жакта безип жүргөндөр кармалып келип, мамлекет алдында татыктуу жазасын алмайын азыр бул китеп сыяктуу кыянат нерсенин баары улут аралык кастыкты тутантышы мүмкүн деген сөз басымдуулук кылат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, өзбек тектүү саясатчы Бөрүбай Жураев бул ишти чагымчыл аракеттерди жайылтууга кызыкдар күчтөр сырттан туруп алып уюштуруп жатат деп эсептээрин буга чейин “Азаттыкка” билдирген эле.

- Душмандар ичибизде да сыртта да көп. Ушул нерсени кайра козгоп, айыгып бара жаткан картты сыйрып кырдаалга таасир эткиси келген адамдар да болсо керек. Азыр мына ошол кайгылуу окуянын бир жылдыгын тынч-аман өткөрүшүбүз керек. Биз өзбек маалелериндеги жолугушууларда да айтып жатабыз “койгула эми, мына көрдүк алардын кесепетин, карапайым эл жабыркап, ишти кылып койгон, ал акчасы көп адамдар качып кетишти” деп калкты биз ынсапка чакырып жатабыз.

Буга чейин Башкы прокуратура “Чөөнүн сааты” китеби жана ага тиркелген видеотасмалар чет өлкөлөрдө жасалганын, бул боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ошондой эле китепте июнь окуялары бир тараптуу чагылдырылганы айтылып, материалдар улуттук кастыкты козутуучу маанайды алып жүргөндүктөн аларды Кыргызстандын аймагында таркатууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG