Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Ош: шайлоо алдында кооптонуу күчөдү


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 27-сентябрда президенттик шайлоо алдында аймакта улуттар аралык маселелер курчуп кетүү коркунучу бар экенин билдирип чыкты.

Билдирүүдө күнүмдүк пикир келишпестиктер деле кырдаалга терс таасир этип коюшу мүмкүн экени белгиленген. Шайлоодо упай топтогусу келген айрым талапкерлер мындай учурду пайдаланып кетиши да мүмкүндүгү айтылууда.


Кырдаал чыңалып баратабы?
Көрүнбөгөн факторлор көп. Эң жаман деструктивдүү элементтер жөнөкөй эле жер боюнча маселени деле көбүртүп, улуттар аралык жаңжалга айландырып жибериши мүмкүн...



Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Жакып Зулпуевдин “Азаттыкка” белгилешинче, шайлоону утурлай Ош абал курчуп кетүү коркунучуна кептелди.

- Кырдаал азыр тарткылыктуу стабилдүү. Орусча айтканда «напряженная обстановка». Көрүнбөгөн факторлор көп. Эң жаман деструктивдүү элементтер жөнөкөй эле жер боюнча маселени деле көбүртүп, улуттар аралык жаңжалга айландырып жибериши мүмкүн. Эки адам урушуп кетсе деле чоңойтуп жибериши мүмкүн. Болбосо азыркы кымбатчылыкты, күйүүчү майлардын баасынын көтөрүлүшү сыяктуу нерселерди деле колдонуп кетчүлөр бар. Ушуларды көтөрүп тополоң чыгарып жиберүүгө кырдаал түзүлүп калып атат.

Зулпуевдин айтымында, шайлоо өнөктүгүндө кээ бир талапкерлер өз кызыкчылыктарын көздөп абалды пайдаланып кетүүсү да мүмкүн:

- Талапкерлер, алардын жанында жүргөн жандоочтору кандайдыр бир кызыкчылыктарды ойлоп элдерди бөлүп жибериши мүмкүн. Мечиттерге кирип алып үгүт иштерин жүргүзүп, ал жерде туура эмес сүйлөп уруш чыгып кетиши мүмкүн. Бирок биз колдон келишинче шайлоонун алдында улуттар аралык, диний конфессиялык чыр-чатактардын чыгып кетүүсүн алдын алып жатабыз.

Канткен менен шайлоону тынч өткөрүп алууга аймакта мамлекеттик органдар да, бейөкмөт уюмдар да жапа тырмак жан үрөп жаткандай. Эки элдин ичинде деле тополоң чыгарууга кызыкдарлар жок дейт шаар тургундары.


Имиш-имиштердин арааны

Эл ичинде ар кандай кооптонуулар бар. Ооганстанга Оштон кеткен 200дөй жигиттер, талибдер менен келип тополоң чыгарат экен деген сөздөр бар...

Оштун жашоочусу Орунбек Алимбаев тартип коргоо органдары дурустап иштеп турса кырдаал тынч болооруна ишенет:

- Эл ичинде ар кандай кооптонуулар бар. Өзбекстан тараптан бир нерселер башталат экен деген имиштер бар. Ооганстанга Оштон кеткен 200дөй жигиттер, талибдер менен келип тополоң чыгарат экен деген сөздөр бар. Эми шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да. Бардык нерсенин алдын алып калбаса азыр ар кандай нерсени күтүүгө болот. Иштин баары укук коргоо органдарында калды.

Ал эми шаардын өзбек тектүү тургуну Салтанат Файзуллаева болсо, улуттар аралык мамилени тартип коргоо огандары өздөрү курчутуп жатканын айтууда. Кээ бир милиция өкүлдөрүнүн улутуна карап жасаган мамилелелери, же себепсиз эле акча талап кылуу сыяктуу мыйзамсыз иштери элдин нааразылыгын жаратат, дейт ал:

- Милиция кызматкерлери иш үстүндө бир улутка тартып, же бир улуттун кызыкчылыгына иштеп койгон учурда экинчи тарапта кыжырдануу пайда болот. Маселен, кээ бир өзбек улутундагылардын жыл бою иштеп тапкан акчасын формачандар келип эле, камайм деп коркутуп алып кеткен учурлар бар. Мындай нерселер тескерисинче эки элдин ынтымагына доо кетирип жатат.

Деген менен аймакта кыргыз-өзбек калкынын ынтымагы артып баратат дейт Файзуллаева. Анын айтымында, мунун бары эки элдин ынтымагын чыңдоого багытталган иш-чаралардын жемиши:

- Ушак кептер бир топ азайып калды. Аз-маз кечиксек да, ынтымак ордуна келип калгандай. Болгону жаштарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурбасак, арты жаман жакка алып келиши мүмкүн. Анткени кыргыз жаштарыны ичинде да, өзбек да жаштарынын арасында да улутчулдуктан дагы деле чыга албай аткандар бар.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийликтер, күч органдары, аксакалдар жана диниятчылардан түзүлгөн мобилдик-аналитикалык борбор элдердин ынтымагын бекемдөөнүн үстүндө иш алып барууда. Ага карабай жыл башынан бери Ош облусунда улут аралык маселелерге байланышкан 22 кылмыш катталган. Анын ичинен бирөө Кара-Суу жана дагы бирөө Араван райондорунда катталса, калган 20 этникалык инцидент Ноокат районунда жүз берген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG