Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Көзөмөл камера көчө кылмышын азайтабы?


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бири.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бири.

Парламентте Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүнө жапырт көзөмөл камераларды орнотуу боюнча мыйзам сунушталды.

Жогорку Кеңешке сунушталган мыйзам долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарга көзөмөл камералар орнотулууга тийиш.

Баары камера орнотууга киришеби?

Долбоордун демилгечилеринин бири, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мындай чара шаардагы коопсуздукту күчөтүүгө жана кылмыштуулуктун азайышына өбөлгө болот:

- Бизде кайсы бир имаратты куруудан мурда атайын талап кылынган нормалар бар. Маселен, өрт коопсуздугун сактоо боюнча эрежелерди сөзсүз түрдө аткаруу керек. Ошол сыяктуу эле шаардын борбордук бөлүктөрүндөгү имараттар мамлекеттик же жеке ишкана экенине карабай коомдук коопсуздукту сактоо үчүн видео камераларды орнотушу керек. Мындай жол менен өрт коопсуздугу, санитардык коопсуздукту сактоо сыяктуу эле коомдук коопсуздукту сактоо ошол ишканаларга жүктөлөт. Европада мындай нерселер эчак эле жөнгө салынган жана көчөдөгү кылмыш азаяры далилденген.

Текебаев кошумчалагандай, көзөмөл камераларын орнотууга кеткен чыгым ошол имарат кожоюндарына жүктөлөт. Буга көп деле каражат талап кылынбасын айткан депутат мыйзам долбоор парламентте кабыл алынса, анын толугу менен иштеп кетишинен күмөн санабайт. Сөз болуп жаткан мыйзам долбоор учурда Жогорку Кеңештин үч комитетинде жактырылды, жакынкы аралыкта парламенттин жалпы жыйына сунушталганы жатат.

Эл өкүлдөрү көтөрүп чыккан бул мыйзам долбоорду тартип коргоо органдары дароо кубатташты. Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов бул мыйзам кабыл алынса акыркы жылдары кылмыштын саны көбөйүп жаткан борбор калаада коопсуздукту сактоого жардамы тийет деген ишенимде:

- Мындай демилгенин биздин ишке көмөгү тийерине ишенебиз. Анткени көзөмөл камералар орнотулуп, жогорку технология менен мыкты уюштурула турган болсо кылмыш кылган, же мыйзамды бузган жарандарды аныктоого аябай эле жардамы тиймек. Бирок мыйзамдын негизин жакшылап түзүп, узак убакытка иштей тургандай кылып уюштурушубуз керек. Антпесе бир-эки ай иштеп, токтоп калып, бизди жана жарандарды убарага салбагандай болушу абзел.

"Коопсуз шаар" эмне болду?

Депутаттар сунуштап чыккан мыйзам долбоор буга чейин Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” деп аталган долбоорго үндөш. Бул долбоорго ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн ири унаа жолдоруна видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кылмыштардын бирдиктүү борбору түзүлүшү керек болчу. Бирок бул долбоор коррупциялык иштерге жол берилген деген жүйө менен орто жолдо токтоп калган.

Бакыт Сеитов жакындан тарта Ички иштер министрлиги бул долбоорду жандантуу аракетин көрүп жатканын маалымдады:

- Учурда тендер өткөрүү жол-жоболору жана долбоордун техникалык мүнөздөмөсү аныкталып жатат. Ага ылайык, Бишкектин кайсы көчөлөрүнө камера орнотулат, канча камера орнотулат деген сыяктуу иштерди ушул жыл аягына чейин бүткөрүү аракетин көрүп жатабыз.

Ошол эле учурда аталган долбоорлордун иштеп кетээринен күмөн санагандар да арбын. Маселен, жарандык активист Калича Өмүралиева тартип коргоо органдарын өзүн реформалабай туруп, коопсуздукту сактоону жогорулатуу мүмкүн эмес деген пикирде:

- Мен бул долбоорду колдойм. Бирок милицияны реформалабай туруп, жаңы техниканы берүү менен эч кандай жылыш болбойт. Анткени биздин орган кызматкерлери өз пайдасына ылайыктап иштөөгө көнүп бүтүшкөн. Экинчиден каалоо керек. Биз мурда деле ушундай технологияларды алалы деп сунуш кылып келгенбиз. Бирок биздин министрлер муну ишке ашырууга каалоосу жок болгону үчүн каражатка шылтап, ишти колго албай келет

Муну менен катар жеке ишканаларды көзөмөл камераларды орнотууга милдеттендирүү канчалык майнап берет деп суроо салгандар да болууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG