Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Өкмөт жол кырсыгын азайтуу аргасын издейт


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү жол кырсыктарынын саны жана алардын кесепеттери коркунучтуу чекке жеткенин белгиледи.

Буга байланыштуу ал жол кыймылынын коопсуздугун тартипке салуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды. Премьер-министр патрулдук милиция жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча милдетин так аткара албай жатканын сынга алды.

Ички иштер министри Улан Исраилов жол кырсыктарынын көбү жол эрежесин бузган айдоочулардын айынан болуп жатканын айтып, алардын жоопкерчилигин жана айдоочулук тажрыйбасын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү сунуштады.

26-апрелде өткөн жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кыймылын уюштуруудагы тиешелүү кызматтын ишин сынга алып, жол коопсуздугуна байланыштуу токтоосуз чараларды көрүүнү тапшырды:

- Коомчулук тарабынан жол кыймылынын коопсуздугу боюнча абдан көп сын-пикирлер айтылып жатат. Биз буга көз жуумп коё албайбыз. Кандайдыр бир иш-чараларды иштеп чыгуубуз зарыл. Жол кырсыгынын 86 пайызы айдоочулардын айынан болууда. Анткени аларда жоопкерчилик жок. Эмне үчүн? Себеби, аларды катуу көзөмөлдөгөн орган жок. Патрулдук милицияны түздүк. Айыппулдардын өлчөмүн жогорулаттык. Бирок анын баары биз каалагандай натыйжа бербеди. Патрулдук милиция жол кыймылын катуу көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрсө эле жол кырсыктары кыскарат эле. Бирок патрулдук милиция жол кыймылын туура уюштуруп, тиешелүү деңгээлде жол коопсуздугун көзөмөлдөй албай жатканы айдан ачык. Мына жакында Бишкекте эле эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен окуя - бул мына ошол көйгөйдүн сыртка чыгып көрүнүп калган, жеткен чеги болду.

Кырсыктардын себептери

Ички иштер министри Улан Исраилов өлкөдөгү жол кырсыгынын көбү айдоочулардын тажрыйбасыздыгынан жана жол коопсуздугуна карата кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан ал айдоочулардын жоопкерчилигин катаалдаштырууну сунуштады.

Ички иштер министри Улан Исраилов жол кырсыктарынын негизги себептерине төмөндөгүчө токтолду:

- Жол кырсыгынын негизги себептери айдоочулардын ылдамдыкты ашырып жиберген учурлары жана жолдун каршы тилкесине чыгып кеткени болууда. Ылдамдыкты ашырып айдаган 322 учур катталса, андан 58 адам каза таап, 283 киши жараат алган. Айдоочулардын жол тилкесинде туура эмес маневр жасаганынан 275 жол кырсыгы катталып, андан 19 адам каза таап, 264 киши жараат алган. 123 жол кырсыгы айдоочулардын жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткенинен болгон. Андан 26 адам көз жуумп, 121 киши жарадар болгон. Мас абалында унааны айдап баратып жол кырсыгына кабылгандардын 101 учуру катталып, андан 12 адам каза таап, 97 киши жараат алган.

Улан Исраилов жана Сооронбай Жээнбеков.
Улан Исраилов жана Сооронбай Жээнбеков.

Ойго салган окутуунун сапаты

Ошол эле кезде өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн жасалма документтерди даярдаган автомектептердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Ошондой эле билим берүү сапаты жана материалдык-техникалык абалы талапка жооп бербеген автомектептерди жабуу зарылдыгын айтты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров айдоочуларды даярдоодо маселе бар экенин айтып, талапка жооп бербеген автомектептер боюнча үч жыл мурун тиешелүү чечимдер болгонун эстеди:

Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

- Биз демилге көтөрүп, мындан үч жыл мурун мекемелер аралык комиссия түзүп, автомектептердин баарын текшерип чыкканбыз. Мына ошолордун арасынан отуз пайызга жакынынын айдоочуларды окутканга тиешелүү шарты жок жана талапка жооп бербейт деген чечимдер болгон. Мындан сырткары бир топ автомектептердин шарты талап кылынган деңгээлге жеткирилиши керек деген сунуштар киргизилген болчу. Бирок мына ошондон кийин жумуштар токтоп калган. Айдоочуларды даярдоодо бир топ маселелер бар.

Мындан сырткары жол кырсыктарына байланыштуу чукулунан чакырылган бул өкмөт жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол кыймылын тартипке салуу үчүн "Коопсуз шаар" долбоорун тез арада ишке киргизүү маселесин көтөрдү. Ички иштер министри Улан Исраилов бул боюнча пилоттук долбоор жыйынтыгын бергенин айтып, тиешелүү иштер алып барылып жатканын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 2017-жылдын өткөн үч айында Кыргызстанда 1169 жол кырсыгы катталган. Андан 148 адам каза таап, 1686 адам ар кандай деңгээлде жараат алган. Алардын арасында эки жүздөн ашуун жол кырсыгы балдардын катышуусунда болуп, сегиз жеткинчек каза таап, эки жүз жыйырма бири жараат алган. Жалпы жол кырсыктарынын саны былтыр ушул маалдагы үч айдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 пайызга өскөн.

Активисттер жол кырсыгына каршы козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG