Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:41

Кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, бир катар темаларды көтөрдү. Аны менен бирге быйыл Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин Борбор Азиядагы өнөктөштөр стабилдүүлүктү орнотуу үчүн "Москванын жардамына муктаж болушу мүмкүн" деп кошумчалады Путин. Буга байланыштуу коргонуу маселелери боюнча эксперт Талант Разаков “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Орус президенти айтып жаткан жардам кандай болушу мүмкүн? Аскерийби, техникалыкпы же консультациялыкпы?

Талант Разаков: Эл аралык күчтөр чыгарылып кеткенден кийин коркунуч болбой койбойт. Анткени террорчулук Ооганстанда кеңири жайылган. Ал токтоп калбайт. Бул акырындык менен Борбор Азияга жайылышы мүмкүн. Муну Баткен окуясы көрсөттү.

Орусиядан жардам болушу керек. Анткени биз ЖККУ өңдүү уюмдарга мүчөбүз, өз ара кызматташуу тууралуу Орусия менен көптөгөн келишимдерге кол койгонбуз. Чек ара аскерлеринин абалы жакшы эмес. Ошондуктан жардам негизинен техникалык, консультациялык жактан болушу мүмкүн. Аскерий жактан жардамды күтүү кыйын. Баткен окуясында жардам берилген эмес.

"Азаттык": Билесиз, 90-жылдардын биринчи жарымында Борбор Азиянын чек араларында орус аскерлери болгон. Кийин чек араны кайтаруу милдети аймактагы өлкөлөрдүн өз карамагына өттү. Путин "чек араларды кайтарууга жардам берүүдө даяр турушубуз керек" дегенде ошол 90-жылдардын башындагы тартипти айтып жаткан жокпу?
Биз армияны, Чек ара кызматын күчтөндүрбөй, чет мамлекеттин жардамына көнүп калдык. Өз аскер күчтөрүбүздү күчтөндүрүүнү мезгил талап кылып жатат.
Талант Разаков: Ал кезде Кыргызстанда да, башка өлкөлөрдө да чек ара кызматы жаңыдан уюшулуп жаткан. Ошондуктан Кыргызстанда орус чек ара аскерлери турган. Эми азыр өз аскерлерибиз бар, техника деле бар. Бирок ал жакшыртууга муктаж. Ошондуктан бул жактан жардам сөзсүз керек.

"Азаттык": Украинага карата саясаты, Крымды аннексиялап алганы менен Орусия айланасындагы өлкөлөрдү чочутту. Учурда Борбор Азияда Орусиянын Кыргызстан менен Тажикстанда аскерий базалары бар. Мисалы, Кыргызстанга Орусиядан өзүнүн бул жактагы аскерий турумун чыңдоо жөнүндө сунуштар түшсө, бул биз үчүн кооптонуу менен эле кабыл ала турган сунушпу?

Талант Разаков: Эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыгарылгандан кийин мындай сунуштар болот. Эгерде сунуштар болсо, анда Кыргызстан аны кабыл алса керек. Биз армияны, Чек ара кызматын күчтөндүрбөй, чет мамлекеттин жардамына көнүп калдык. Өз аскер күчтөрүбүздү күчтөндүрүүнү мезгил талап кылып жатат.

Орусия менен Украинага окшоп чектешпейбиз. Көп жагынан алып караганда, Кыргызстандын бир бөлүгүн тартып алат деген коркунуч негизсиз. Бирок ошол эле учурда, бир өлкөгө толугу менен баш ийип берүү кооптуу. Анткени ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы бар да. Муну унутпоо керек. Кыргызстан ушул жагын эске алып иш жүргүзүшү керек.

"Азаттык": Ал эми Орусия Кыргызстандын стратегиялык объекттеринин айрымдарын колго алып жатканын эске алгандачы?

Талант Разаков: Контролдук пакетибизди жоготпошубуз керек. Орусия менен кызматташуу керек, бул зарыл. Бирок ошол эле кезде көп объекттерибизди бербешибиз керек. Стратегиялык деп ГЭСтер, “Манас” аэропорту эсептелинет. “Кыргызгаз” Орусияга кетти. Шарттарын жана башкаларын айтышты. Бирок эми бул бүткөн иш. Буга кайрыла берсек куру сөз болуп калат.

Азыр аэропорт жөнүндө сөз болуп атат. Менимче, 49% Орусияда, 51% Кыргызстанда болсо, бул максатка ылайыктуу болмок. "ГЭСтерге Орусия акча салып жатат, ошондуктан биз аны кайтарышыбыз керек, бир убакта Орусияга иштейт" дешүүдө. Объекттерди Кыргызстан өз күчүнө таянып иштетүүсү керек. Эгерде болбой жатса, башка жактан да инвестицияны караштырып, жалаң эле Орусияны карай бербей, башка өлкөлөрдү да карап көрүшүбүз керек. Ошондуктан тең салмактуулукту сактоо зарыл. Болбосо кийин бизге кыйын болуп калышы мүмкүн.
Ооганстан.

Ооганстан.

"Азаттык": Ооганстан факторунун Борбор Азия үчүн коркунучун Орусия азыр көбүртүп жаткан жокпу? Дем алыш күндөрү бул өлкөдө президенттик шайлоонун биринчи айлампасы салыштырмалуу тынч өттү. Талибан кыймылы маал-маалы менен теракттарды, кол салууларды жасап жатканы менен өлкөнүн коопсуздук күчтөрү, армиясы алардын кеңири масштабда аракеттенүүсүнө жол бербегидей кудуретке жетип калгандай...

Талант Разаков: Азыр коалициялык күчтөр толук чыга элек. Абал чынында эле кооптуу. Мен өзүм да 2008-жылы бул өлкөдө болгом. Бүгүнкү күндө Ооганстанда талиптер таасир эте алчу күчкө ээ.

Өкмөттүк аскерлерди даярдап коюшту. Бирок алар толугу менен өлкө коопсуздугун камсыздай алат деп айтуу кыйын. Ошондуктан биз өзүбүзгө сак болушубуз керек. Мындай учурда биз кимге таянабыз? Биз алсыздыгыбызга байланыштуу Орусияга таянууга аргасызбыз. Биздин аскерлерге техникалык жардам бергиле деп суранышыбыз мүмкүн.

Бизге Орусия гана эмес, кошуна Кытай да жардам берип атат. Бирок учурда көбүрөөк Орусияга ыктап турабыз. Анткени элибиз көнүп калган, 100 жылга жакын чогуу жашадык. Орусия колун сунуп жатса, түртпөшүбүз керек. Эгерде тескери бурулса, анда башка өлкөлөргө да кайрылышыбыз мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG