Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Ноокатта кырдаал тынч, бирок эл сестенип калды


Ноокаттын борбордук көчөсүнөн бир көрүнүш, 2-март, 2011.

Ноокаттын борбордук көчөсүнөн бир көрүнүш, 2-март, 2011.

1-марттагы башаламандыктан кийин Ноокат шаарында абал тынчып калганы менен шаар тургундары жалгыз-жарым жүрүүдөн кооптонуп калганын айтууда.

Шаар борборундагы кафе-ресторан, дүкөндөр 2-мартта да ачылган жок. Милиция кечээки башаламандыкта кармалган 20 чакты адам бошотулганын кабарлады.

Тополоңдон кийин...

Кечээки тополоңдо Ноокат шаарынын Калинин көчөсүндө өрттөлүп кеткен 26-үй Адылжан аттуу ишкерге таандык экен. Адылжанды райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевди өлтүрүүгө буйрутма берген деген таризде маркум салыкчынын жакындары анын ушул үйүн кечээ өрттөп жиберишкен эле. Кире бериштеги 3-4 бөлмөлүү жана оң жактагы 2 бөлмөлүү үй толугу менен күйүп, азыр дубалдары эле калыптыр. Оттун табы эмдигиче кете элек экен.
Тополоңдо өрттөлгөн үй.

Бул жердегилердин айтымында, үй ээсинин бул жерде жашабай койгонуна көп болуптур. Митингчилер үйдү капыстан эле өрттөп жибергендиктен көчөнүн жашоочулары чочуп калганын айтышууда. Алардын бири Дилфуза Хамиджанованын айтымында, өрт алардын үйүнүн чатырына чейин өтүп кеткен:

- Булар биздин кошунабыз болот. Адылжан акелер өздөрү үйүндө жок. Көптөн бери жашашпайт. 200дөй адам келип эч ким жок үйдү өрттөп жибериди. Ушунун кимге кереги бар эле. Анын үйү толугу менен өрттөнүп кетти. Өрт биздин үйдүн чатырына чейин өтүп кетип, араң өчүрүп калдык. Мына азыр үстүбүздөн суу өтүп сыртта олтурабыз. Бизде эмне күнөө? Жөн эле олтуруп үйүбүз жок кала турган болдук...

Башаламандыкта ошондой эле шаардын борбордук көчөлөрүндөгү бир нече кафелер, дүкөндөр тонолуп кеткен. Өзүн Адахан деп тааныштырган атуулдун “Береке” деген ашканасынын айнек-терезелери талкаланып, ичиндеги анча-мынча нерселерин тополоңчулар алып кетишиптир. Ашкана ээси баш-аягы жүз миң сомдой чыгымга кириптер болгонун айтат:

1-марттагы тополоңдо талкаланган кафелердин бири, Ноокат, 2-март
- Биз ашканабызды жаап кеткен элек. Кеткенден кийин бирөөлөр келип эле баарын талкалап, мынабу айнек-терезелерди сындырып салышыптыр. Ичинде 50 кг. эт, 140 шашлык, 120 самса бар эле... Ошонун баарын каалаганындай жеп, алып кетишиптир. Мына талкаланып калган гриль бышырган аппараттын өзү эле 50 миң сом турат. Баары биригип 100 миң сомдон ашык каражатымды жоготуп олтуруп калдым.




Кармалгандардын баары бошотулду


Бул тополоңдон кийин милиция 20га чукул киши кармаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Шатманов алардын баары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң бошотулганын билдирди:

- Ошол башаламандыкта бир топ жаштар талап-тонойбуз деген ойлору бар беле, биз келгенде качышкан болчу. Анан 20 чактысын кармаганбыз. Аларга профилактикалык иштерди жүргүзүп коё бердик. Кимдиги аныкталып, түшүнүк кат жаздырып алынып коё берилди...
Ноокаттын көчөсүндөгү милиция автобустары, 2-март.

Таалайбек Шатмановдун айтымында, учурда шаарда кырдаал тынч. Кырдаалга күч органдары толугу менен көз салып турат:

- Кечээ ошондой аз-маз башаламандыктар болуп кетти. Анын баарын биз өз убагында бастык. Азыркы убакта кырдаал тынч. Соода түйүндөрү иштеп жатат, балдар кадимкидей мектепке барып атышат. Эл өзүнүн күнүмдүк жашоосу менен алек. Кооптонууга эч кандай негиз жок.

Анткен менен Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү көпчүлүк дүкөндөрдүн, кафе-ресторандардын жабык турганын байкоого болот. Айрымдары эшиктерин бышыктап жаап, жыгач-таштары менен тоскулап да коюшуптур. Ачык турган кафе-дүкөндөрдүн алдында 4-5тен кишилер топ-топ болуп турушканы көрүнүп турат.

Шаардын бир тургуну Алишер Мырзаев көчөлөрдө жалгыз-жарым жүрүү кооптуу болуп калганын айтууда:

- Кадимкидей эле иш болуп атат. Болгону адамдар кооптонуп калды да. Дагы эмне болуп кетет экен деп, көпчүлүгү дүкөндөрүн ачпай коюшту. Анча-мынча ачкандары иштетип атышат. Бирок көрүп турасыңар адамдар жалгыз-жарым жүрбөй калды. Мурдагыдай беймарал жүрүш жок, жалаң экиден-үчтөн чогуу басууга туура келип атат.

1-март күнү болгон окуядан кийин кооптонгон айрым тургундар шаардан чыгып кетип жатканы айтылып жаткан болчу. Бирок биз үй-жайын таштап, антип чыгып кетип жаткандарды жолуктура алган жокпуз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG