Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Ошто “хизбутчулар” арбыганы айтылууда


Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү, 2011-жылдын 11-октябры.
Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү, 2011-жылдын 11-октябры.

Ошто 9 айдын ичинде диний экстремизмге байланышкан 30 факты катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп экенин күч органдары белгилешет. Экстремизмге катышы бар деп кармалгандарын баары «Хизб-ут Тахрир» уюмуна мүчо болуп чыкканы белгиленет.

Ал эми талдоочулар радикалдык диний багытты тутунгандар санынын артышын бийликтин чабалдыгынан жана жалпы коом карманган идеологиянын жоктугунан көрүүдө.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Жакып Зулпуевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, диний экстремисттик уюмдарга байланышкан фактылар өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп катталгандыгы коомчулуктун тынчын алууда:

- 9 айдын жыйынтыгында диний экстремизмге байланышкан 30 факты табылып, анын 23ү боюнча иш козголду. Мурунку жылы 10 факт катталып 9 иш козголгон. Орчундуу эле өсүш бар. Анан мурдагы жылы «Хизб-ут Тахрир» уюмунун бир гана мүчөсү аныкталган болсо, быйыл 23 активдүү мүчөсү кармалып олтурат. Булардын ичинен жетөөсү мурда соттолгондор.

Зулпуевдун айтымында, Кыргызстанда радикалдык маанайда иш жүргүзгөндөрдүн ичинен «Хизб-ут Тахрир» уюму дагы деле башкы орунда келе жатат:

- Ар кайсы мамлекетте ар кандай экстремисттик топтор активдүү келет. Бизде «Хизб-ут Тахрир» эң активдүү топ катары калып атат. Анткени буларга ушу биздин Кыргызстандын шарты, саясий кырдаал ыңгайлуу келет го кыязы. Буга чейин бул уюм Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштеп атат деп келген болсок, эми өлкөнүн баардык аймагында активдешти.

Ошол эле мезгилде күч органдары бул жаатта керектүү иштер улантылып жатканын, бирок буга дин кызматкерлеринин жардамы көп тийбей жатканын белгилешет. Ал эми диний башкармалык аларда түшүндүрүү иштери менен гана алектенүү укугу бар экенин айтууда.

Муфтийдин түштүк аймагы боюнча орун басары Убайдылла ажы Сарыбаевди угалы:

- Биз өткөөл мезгилде жашап жаткан учурубуз. Мамлекетте стабилдүүлүктүн жоктугунан ар кандай салттуу эмес диний агымдар өз иш-аракеттерин жасап жатышат. Бирок биз элге кайра-кайра түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Ар бир чогулушта, ар бир имамга айтып бир гана салттуу «Имам Азам» масхабында гана кетүүгө үндөп турабыз. Андан башка биздин колдон не келмек? Бирөөнү алып барып камай албасак, бирөөнү күнөөлөй албасак. Мамлекет өзү иш аракетин күчөтсө жакшы болмок да тескерисинче.

Ал ортодо талдоочулар радикалдык диний багытты тутунгандардын арбып баратышын бийликтин чабалдыгынан жана коом карманган идеологиянын жоктугунан көрүүдө. Жергиликтүүсерепчи Жыргалбек Жээнбеков эктремисттик топтор менен күрөшүүдө Кыргызстан жеке өзү алсыз экенин эскертүүдө.

Буга чейин күч органдары президенттик шайлоо алдында аймакта диний эктремисттик күчтөрдүн баш көтөрүү коркунучу бар экендигин эскертишкен. Андан бир аз өтпөй эле бийлик өкүлдөрү Ош шаарындагы соңку окуядан кийин теракт уюштурууну көздөгөн 10 чакты адам кармалып, радикалдык кыймылдардын мизи бир топко майтарылганын айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG