Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Көчкү коркунучу кетпеген ойталдыктар


Ойталдыктарды айылды желкелеген мына ушул жер көчкү түйшөлтүүдө.

Ойталдыктарды айылды желкелеген мына ушул жер көчкү түйшөлтүүдө.

Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айылы кышында кар көчкүдөн жабыр тартат. Аз мурда айылдын бир бөлүгүн кар көчкү басып, алты адамдын өмүрүн алган.

Кар көчкүдөн жапа чеккен айылды эми жер көчкү коркунучу каптап, өткөн жылдан бери айылдын үстү жагынан жер көчүшү кооптондурууда.

Ой-Тал айылы аты эле айтып тургандай, бийик тоо этегиндеги ойдуң жерге жайгашыптыр. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, өткөн жылы айылдын желке тарабынан ири жер көчкү жүргөн.

- Мен мал жайып чыкканда көрөм ал жерди. Топурагын күлтопо деп коёт, саздуу жер көчкөн да. Узуну бир чакырым, туурасы 350-400 метр. Жанына атчан адам барса эми чымчыктай эле болуп калат. Ал жер көчкөндө эл ары Жон деген жерге качышкан. Айрымдары үйүнүн шыйпырларын сыйрып, эмеректерин жүктөнө качышкан, - дейт ойталдык Чубак Акбаралы уулу.

Катаал шартта жашаган айылдыктар аткаминерлер абалына кабар албаганына да нааразы экен

Окен Майылов: Мына, Кыштак маалеси кышында кар көчкүдөн коркот. Будур болсо жазында жер көчкүдөн коркот. 2002-жылы Кыштак маалесинен беш-алты үйдү кар көчкү басып, алты адам өлгөн.

Абидин Чотоев: Биздин аким Алайкуудагы элди унутуп койгон. Ойлонбойт дагы. Алайкуу аймагынан кабар алган эмес, келбейт дагы.

Алтыке Кадырбаева: Врач, акушеркабыз жок. Бир эле медсестра бар. Ооруп калсак райондун борборуна, облуска барабыз, араң-араң. Барып келиш жол киребиз эле 500-600 сом болот.

Токтогулов Муратали: Министр Сабырбек Жумабековдон суранабыз, өтө катуу суранабыз. Калктын саламаттыгына көңүл бөлүп койгулачы.Чиновниктер келсе эле райондун борборунан кетип калып, бизге окшогон айылдардан кабар алышпайт.

Орден Кийизбаев: Анализдеп көрсөк бу Ой-Талга Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү боюнча кар көп жаайт экен. Климатыбыз катаал, кыш суук, узак болот. Анан да айлап жол жабылып, электрсиз калган күндөр болот. Өкмөткө өгөй бала болдук биз.

Ой-Талдагы бир жолку кышта түшкөн карды айыл округунун башчысы Касым Анаркулов жазып да алыптыр:

- 2010-жылдын 15-январында 70 см. кар болгон. Ал күнү күн бүлдүрүктөп жаап атып, 19-январга карата 1,5 метр кар түшкөн. Андан кийин 4-5-6-февралда 1,3 метр кар жааган. Андан кийин 1-мартка караган түнү 86 см. кар түшкөн. Ошондо 2010-жылы жалпы жааган кардын бийиктиги 5 метрге жетти десем Оштогулардын баары таң калышкан.

Аймак башчысы жер көчкүгө байланыштуу башка жактан жер берүү өтүнүчү менен бийликтин бардык бутактарына кайрылгандыктарын, андан оң жооп да келгенин белгиледи:

- Ушу күндө 327 үй-бүлөгө Ош облусунун Ачы деген аймагынан жер берилет деп атышат.

Аймакта ички, тышкы миграция күч. Жергиликтүүлөр дээрлик ар бир үйдө жок дегенде бирден адам Орусия, же Казакстанга иш издеп чыгып кетишкенин айтышат. Мындан улам байланыш маселеси башкы планга чыгууда.

Жогорку Кеңештеги алайкуулук депутат Урмат Аманбаева Кыргызстандын булуң-бурчундагы Ой-Тал сыяктуу айылдар уюлдук байланыштан куржалак экенин айтат:

- Биз XX кылымдабыз, бирок Алайкуу эли XIX кылымда жашап атат десе болот. Себеби уюлдук телефон байланышы, интернет жок. Бир гана радио, бир-эки телеканал тартат. Муну жөн калтырбай бийлик Кыргызстандын ар бир бурчуна цивилизацияны жеткириши керек.

Ой-Тал Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагына карайт. Кыргызстандын түштүк-чыгышындагы, Кытай менен чектешкен бөлүгүндө жайгашкан. 98 пайыз мамлекеттик дотацияда турган, тоолуу деген макамы бар айыл өкмөт.

Төрт миң чамалуу калкы жалаң мал чарбачылыгы менен алектенет. Бул жакка капчыгай өрдөп жалгыз татаал жол менен гана жетүүгө болот.

Айыл турмушунан сүртүмдөр (сүрөтбаян)

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG