Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Ош: Полковниктин атылышынын себептери аныкталууда


Полковник Толкунбек Шоноевди акыркы сапарга узатуу, Ош, 13-январь, 2013
Полковник Толкунбек Шоноевди акыркы сапарга узатуу, Ош, 13-январь, 2013

Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин сөөгү жекшембиде жерге берилди.

Маркумдун тажиясы Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы атасынын үйүндө өттү.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январь күнү жумуштан үйгө келаткан учурда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак (Ош шаарынын жака белинде) айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан, саат 19:30дар чамасында киши колдуу болгон. Ага тогуз жолу ок атылып, анын бешөө денесин тешип кеткен.

Кылмыштын бетин ачуу боюнча облустук прокуратура, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктары биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кылмыш ишин ашкерелөөнү башкы прокурор Аида Салянова өз көзөмөлүнө алды.

Толкунбек Шоноев ушул жылдын 24-февралында 36 жашка толмок. Маркумга полковник наамы мындан эки жума мурун берилген.

Аны кызматтык ишине байланыштуу атып кеткен болушу мүмкүн. Мындай божомолду "Азаттыкка" Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Андан сырткары тергөөчүлөр Шоноевдин киши колдуу болушуна себеп болгон бир катар божомолдорду аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Тергөө амалдарына залакасы тийбесин деген максатта азыр алар коомчулукка айтылбайт.

Күбөлөрдүн жардамында кылмышка шектелгендердин биринин фотороботу түзүлүп, Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ал 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү кара-тору, бети жайык жигит. Экинчиси, 30 жаштардагы толук денелүү, камуфляж кийимчен деп болжолдонот. Ош шаардык милициясы бул кылмыштын бетин ачууда коомчулуктун жардамы керектигин билдирди. Ал үчүн ишеним 0 (3222) 57181 телефону иштеп жатат.

Маркум Толкунбек Шоноевге буга чейин кандайдыр бир коркутуулар болгону жөнүндө жакындары билбептир:

- Эч ким балам деп боздобосун. Уулум бир сөздүү, бир сырдуу, өз ишин сүйгөн жигит эле. Анын коомчулукта, кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ инсан экендигин тажияга топтолгон кишилердин санынан эле байкап турам. Апасы экөөбүз чоң инсанды тарбиялап, өстүргөнүбүздү аны өлүмүнөн кийин гана байкап олтурабыз. Баламдын топурагы торко, жаны бейиште болсун, - деп боздойт маркумдун атасы Курманбек Шоноев.

Маркумдун тажиясына миңден ашуун киши катышты. Ички иштер министри Шамил Атаханов маркумдун туугандарына кылмышкерлерди тез арада табууга убада берди:

- Бул окуя ички иштер тармагында иштөө татаал экенин айгинелеп отурат. Өз жанын тобокелге салып, эл алдындагы милдетин аркалоо чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылат. Мен Толкунбек Шоноевдин ата-энесине, үй-бүлөсүнө, туугандарына жана досторуна убада берем – кылмышкерди тез арада таап, тийиштүү жазаны беребиз. Алар кайсыл жерге жашынган болсо да табабыз!

Тажияга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышты. Алардын бири Ыргал Кадыралиева кылмыштын бетин ачуу президенттин, өкмөт башчысынын жана ар бир депутаттын көзөмөлүндө болушу зарылдыгын белгиледи.

Маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлгөнү кабарланды. Ошондой эле ички иштер министри Шамил Атаханов министрликтен да маркумдун үй-бүлөсү үчүн 100 миң сом берүүнү убада кылды.

Минтип киши колдуу ажал тапкан Толкунбек Шоноев 1977-жылы Ош шаарында туулган. 1994-жылы ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебине тапшырып, 1998-жылы аяктаган.

Ошол жылдан тарта Алай райондук ички иштер бөлүмүндө, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгында ыкчам топтун курамында иштеген.

2003-жылы Ош ШИИБинин мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2006-жылы Ош ШИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм башчысы болуп иштеген, ошол эле жылы Ички иштер министрлигинин улук оперлигине которулган.

2009-жылдан тарта Ички иштер министрлигинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, 2011-жылдан тарта министрликтин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп келаткан.

Кызматтагы жетишкендиктери үчүн "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, “ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын” мааракелик медалы, Макаров ок атуучу өздүк тапанчасы жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган.

Маркумдун артында 34 жаштагы жубайы, 3 кыз, 2 уулу, пенсиядагы ата-энеси калды.


Толкунбек Шоноевдин тажиясынан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG