Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Салафи багытындагы кыймылга тыюу салынды


Бул кыймылга таандык "Жайшул Махди" уюму 2010-жылы 30-ноябрда Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардырууга тиешеси бар экени айтылып келет.
Бул кыймылга таандык "Жайшул Махди" уюму 2010-жылы 30-ноябрда Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардырууга тиешеси бар экени айтылып келет.

Кыргызстанда салафи багытындагы Такфир-жихад кыймылы жана ага таандык 4 уюм экстремисттик деп табылды.

Мындай чечим 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынганы бүгүн, 5-ноябрда белгилүү болду.

Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган Баш прокуратура ислам дининин салафи багытындагы Такфир-жихад кыймылы Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин билдирген. Башкы прокуратура сотко арызды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, УКМК жана ИИМ менен кеңешүүлөрдөн соң жазган.

Ички иштер министрлигинин экстремизм менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбеков аталган кыймыл күч менен жихад кылууга үндөп, адамдарды ыймансыз деп айыпташат дейт:

- Бул радикалдуу салафизм. Мисалы, жихад деген сөз түшүнүктүү болсо керек. Ал эми такфир деген адамдарды ыймансыз деп айыптоо. Бул кыймыл такфир, жихад деген түшүнүктөрдү абдан туу тутат.

Сот Такфир-жихад кыймылына таандык делген “Жайшул Махди”, “Жунд ал-Халифат”, “Ансарул Алла” жана “Ат-Такфир вал-Хижра” уюмдарын да экстремисттик-террорчул деп таап, Кыргызстан аймагында тыюу салды. Маселен, Эмил Жээнбеков "Жайшул Махди" уюмунун мүчөлөрү Кыргызстанда 2010-2011-жылдары бир катар террорчул аракеттери жасаган деп камакка алынганын белгиледи:

-“Жайшул Махди” бизде ондой адамдан турган топ түзүп, эки-үч теракт уюштурушкан. Спорт сарайынын жанындагы, Синагогада жардыруу ошолордуку. Ошондой эле Бишкек ШИИБинин алдындагы жардырууга даярдалган машина да алардыкы болгон.

“Жайшул Махди” уюмуна мындан тышкары, АКШ жаранын тоногон, Октябрь райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып коюлуп, мүчөлөрү камакка алынган. Ушу тапта “Жайшул Махди” уюмунун 10дой мүчөсүнүн соту үзүл-кесил уланып, алар УКМКнын абагында камакта.

Укук коргоочу, адвокат Акин Токталиев болсо аларды күнөөсүз деп эсептейт:

-“Жайшул Махди”,“Хизб-ут Тахрир” деп баарын эле четинен камап жатышат. Алардын “Жайшул Махди” экенин же ага тиешеси жоктугун сот айтат. Далилдери жок эле террорист, экстремист кылып коюшууда. Кыргызстанда экстремисттик партия, уюм деген жок.

Ал эми тыюу салынган “Жунд ал-Халифат” уюму өткөн жылы Казакстанда болгон бир катар жардырууларды өз моюндарына алса, “Ансарул Алла” жамааты Тажикстанда террорчул аракеттерди уюштурган деп айыпталган. “Ат-Такфир вал-Хижра” уюмун болсо, 2010-жылы Орусиянын Жогорку Соту экстремисттик деп тапкан.

Саясат таануучу Уран Ботобековдун пикиринде, такфирчи-жихадчылар күч колдонууга ыктуулугу жана даярдыгы менен коомго коркунучтуу:

- Булар өздөрүнүн көз карашына туура келген нерселерди ишке ашыруу үчүн радикалдуу, күч колдонгон кадамдарга бара коюшат. Орусиядагы, Түндүк Кавказдагы жана араб өлкөлөрүндөгү уюмдардын ишмердигин иликтеп көргөндө ушундай жыйынтык чыгат.

Кыргызстанда буга чейин 8 уюм диний-экстремисттик деп табылып, тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG