Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Жаңы коалицияда кимдер болот?


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция тарап, учурда жаңы курамга кирчү фракциялар, парламенттик оппозиция, өкмөт, премьер-министр боюнча түрдүү жоромолдор айтылууда.

Көпчүлүк талдоочулардын пикиринде, жаңы коалицияга КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата Журт” фракциялары кириши ыктымал.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда парламенттеги көпчүлүк коалиция ыдырагандан кийин ал кураган өкмөт да кызматтан кетти деп эсептелет. Эми президент шаршемби, 26-октябрга чейин өкмөттүн отставкасы жана жаңы коалицияны куроо укугун кайсы фракцияга тапшырары жөнүндө жарлык чыгарышы керек.

Тараган коалицияны былтыр күзүндө түзгөн да, эми анын бузулушуна себепчи болгон да КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтуусунда, жаңы коалиция боюнча сүйлөшүүлөр президенттин жарлыгынан кийин гана башталат. “Ага чейин консультация жүргүзүүгө мыйзамдуу укугубуз жок” дейт ал:

- Ошого байланыштуу азырынча, менин билишимче, эч ким сүйлөшүү жүргүзө элек. Биз дагы бир да фракция менен бул маселе боюнча сүйлөшө элекпиз. Мандат тапшырылгандан кийин 15 күндүн ичинде чечилет.

Өмүркуловдун белгилешинче, өкмөттүн курамы өзгөрөт, ал эми премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ордунда калат деген көз караш бар:

- Сөзсүз түрдө өкмөттүн курамы өзгөрөт. Бул коалициянын курамына жараша болот. Албетте, азыркы министрлердин ишмердүүлүгүн да карайбыз. Бирок олуттуу өзгөрүү деле болбойт го. Баарын алмаштыралы деген максат жок. Андай кылуу туура эмес. Премьер-министр калат го деген ойдомун.

Талдоочулар коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев кайра эле өзүнүн КСДП фракциясына берерин, ага “Кыргызстан” жана “Республика – Ата Журт” кирерин боолгоп жатышат.

Республикачылардын лидери Өмүрбек Бабанов эгер коалицияга чакырышса, шайлоо учурунда элге берген убадаларын ишке ашыруу программасын башкалар колдосо гана сүйлөшүүгө барарын билдирди:

- Коалиция бекем болушу шарт жана андагы фракциялардын туруму бири-бирине шайкеш келиши абзел. Биз көтөрүп жүргөн маселелер КСДП фракциясынын позициясына окшош экенин байкап жүрсөңөр керек. Биздин фракция кардиналдуу реформаларды сунуштап келет. Эгер коалицияга кирчү фракциялар аны колдосо, биз кошулабыз.

Ар биринин жеке максаттары, бири-бирине жана коалицияга кирчүлөргө карата карама-каршы көз карашы бар, "душманымдын душманы менин досум" дегендей...
Улан Иманалиев

Социал-демократтар фракциясы коалициядан чыкканын дүйшөмбү күнү жарыялап, бул кадамын “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикири келишпей калганы менен түшүндүрдү. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев муну жөн гана шылтоо деп атап, чынында ага бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгесинен келип чыккан саясий кызыкчылыктары негиз болду деген пикирин билдирди.

Дал ушул конституциялык реформанын айынан мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен "атамекенчилердин" лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосунда курчуп кеткен саясий конфликтти эске алганда, албетте, “Ата Мекенди” жаңы коалицияга жолотпой коюшары анык.

Бирок кандай болгон күндө да окуянын өнүгүүсү коалиция курай турган күчтүн ниетине жараша болот дейт фракция башчысы Өмүрбек Текебаев:

- Ал маселе коалицияны ким түзөт, максаттары кандай болот, ошол ой-максаттарды биз бөлүшө алабызбы, мына ошондон көз каранды болот.

Баш мыйзам коалицияны таратты

Баш мыйзам коалицияны таратты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды. Фракция мунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгону менен түшүндүрдү.

Ал эми коалициядан чыгып калган дагы бир фракция “Өнүгүү-Прогресс” кайрадан башкаруучу курамга кирүү ыктымалдыгын четке какпайт дейт депутат Исхак Масалиев:

- Эмне үчүн болбойт? Сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Жок деп айтпаш керек да. Ким билет? 82 кишиден турган коалиция анча деле туруктуу эмес. Эгер төртүнчү фракцияны кошкондо жакшы болмок. Көпчүлүк күчтүүрөөк болот эле.

Саясий илимдердин кандитаты, саясат талдоочу Улан Иманалиев өлкөдөгү соңку окуяларды төмөнкүчө мүнөздөөдө:

- КСДП менен “Кыргызстан” окшош партиялар экенин көпчүлүк талдоочулар айтып жатат. Көз карашы дал келбегендер “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс”. “Бир бол” баары бир кирбейт, себеби анын саясий көз карашы башкача. “Республика – Ата Журт” коалицияга кириши мүмкүн. Бирок, менимче, өзүнүн шарттарын коет. Саясий терминологияда “саясий менеджмент” деген жакшы түшүнүк бар. Ал эми биз саясийден экономикалык өңүткө өтүп кеттик. Ал эми "Ата Мекен", "Бир бол" жана "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик оппозиция болуп бириге алабы?" деген сурооңузга жооп: ар биринин жеке максаттары, бири-бирине жана коалицияга кирчүлөргө карата карама-каршы көз карашы бар, "душманымдын душманы менин досум" дегендей... Андыктан, убакыт көрсөтөт.

Былтыр 2-ноябрда Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген алты фракциянын төртөө: КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыш менен түзгөн коалиция тараганы дүйшөмбү, 24-октябрда белгилүү болду.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттен мандат алган фракция 15 күндүн ичинде башка фракциялар менен кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы коалиция түзүүгө милдеттүү. Эгер бул укугун ишке ашыра албай калса, мүмкүнчүлүк башка фракцияга берилет. Ал да коалиция түзө албаса, анда президент Жогорку Кеңешти таратып, жаңы парламеттик шайлоо жарыялайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG