Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелери карапайым адамдарга караганда мамлекеттик аткаминерлер, ишкерлер тарабынан көбүрөөк бузулат.

Эл аралык SAFEGE уюму акыркы баяндамасында айдоочу укугуна ээ кыргызстандык айрым белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, аткаминерлер жолдо жүрүүдө мыйзамда жазылбаган “кол тийбестик” эрежелерден пайдаланарын белгилеген.

“Жол кыймылында баары бирдей болушу керек, ошондуктан өкмөт да эч ким, атүгүл министрлер да мыйзамдардан өйдө турбашын түшүнүүгө тийиш” деп жазылат баяндамада.

Эл аралык уюмдун иликтөөсүндө чындык барын МАИ кызматкерлери да жокко чыгарышпайт. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиев рулга отурган адам жол эрежелерин кандай сактайт, ошого ылайык жооп берет, башка эч кандай кызматтык даража да, атак-даңк да таасир этпеши керектигин эскертет:

- Жол эрежеси баарына бирдей жазылган. Кайсыл бир аткаминерге же депутаттарга эч кандай жеңилдик берилген эмес. Жол кыймылынын катышуучулары баары бирдей тартипте эрежени сактоого тийиш.

Ошол эле мезгилде жол эрежелеринин бардык айдоочуларга бирдей иштебей, "сен мага тийбе-мен сага тийбейм" деген эреженин үстөмдүк кылып жатышына МАИ кызматынын коррупциялуу тармак деген жаманаттыдан арыла албагандыгы таасир этүүдө дегендер бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол кыймылынын эрежелерин KG номурлуу автоунаалар тарабынан да көп бузуларын айтып, мындай белгиси бар унаа номурларын пайдаланууга чектөө киргизүү маселесин көтөрүп чыккан депутаттардын бири.

Ал бүгүнкү жагдайда жол кыймылынын эрежелерин кынтыксыз сактоо жана аны талап кылуу ишке ашпайт деген ишенимде:

- Кимдир бирөөгө жол кыймылынын эрежелерин бузууга укук берилет, ал эми кимдир бирөөлөрдөн аны сактоо талап кылынат. Мына азыр деле көчөгө чыгып, карап көрүңүзчү, караңгылатылган терезелер менен миңдеген автоунаалар жүрөт. Мыйзам боюнча жүрбөшү керек. Өкмөт башчы өзү отуруп алып талап кылып атат, кана жыйынтык чыкканы, анткени ошол бийлик башындагылардын, кээ бир депутаттардын, ишкерлердин балдары, жакындары ошондой автоунаада жүрүшөт, албетте автоинспекция кызматкерлери аларды токтотуп, жазалоодон коркушат.

Мунун жөнүн депутат KG мамлекеттик номурларды колдонууга чектөө киргизүү жөнүндө парламент кабыл алган токтомдун эмдигиче аткарылбай жаткандыгы менен негиздеди:

- Парламенттин токтомун президенттик аппарат аткарбай жатат, алигүнчө андагы басма сөз катчысы жана башка майда кызматкерлер KG белгиси бар мамлекеттик номурлуу автоунааларды пайдаланып жүрүшөт. Ал эми өкмөттө кыскарды. Жогорку Кеңеште дагы депутаттар гана мындай автоунаага ээ.

Коомдук парламенттин төрагасы, мурдагы автоинспекция кызматкери Касымбек Райымкул уулу жол кыймылынын эрежелерин сактап, мыйзамды элдин бардыгына тең иштетүүгө бүгүнкү күнү бийлик башында тургандардын саясий эрки жетишпей атат деп эсептейт:

- Жогорку жактан чечилбей атат бул маселе. Ошол эле аткаминерлердин, ишкерлердин, депутаттардын өздөрү, жакындары, айдоочулары тарабынан жол коопсуздугу бузулуп атканын президент деле, өкмөт башчы деле, Жогорку Кеңештин төрагасы деле жакшы билет. Ошондуктан башынан чечилиши керек.

Өткөн жылы Кыргызстанда 4813 жол кырсыгы катталып, анда 1018 киши набыт болгон, 6697 адам түрдүү жаракат алышкан. Ал эми жашы жетелек 113 бала каза тапкан.

Албетте статистикалык маалыматта жол кырсыгынын канчасы бийик даражалуу кызматта тургандар, депутаттар, ишкерлер жана алардын айдоочулары, жакындары, туугандары тарабынан бузулганы тууралуу айтылбайт. Ошентсе да өткөн жылы Бишкек шаар мэри Иса Өмүркуловдун уулу себепкер болгон жол кырсыгында үч адам, УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин айдоочусу себепкер болгон жол кырсыгынан бир киши, жакында эле ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу себепкер болгон кырсыкта дагы бир киши набыт болгону коомчулуктун көңүл борборунда турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG