Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Жаңы Зеландияда катуу жер титиреди


Крайстчерч шаарынын жер титирөөдөн кийинки бир көрүнүшү. 4-сентябрь, 2010-жыл.
Крайстчерч шаарынын жер титирөөдөн кийинки бир көрүнүшү. 4-сентябрь, 2010-жыл.

Жаңы Зеландияда өлкө тарыхындагы эң катуу зилзалардын биринен көптөгөн талкалануулар болду, бирок каза тапкандар катталган жок. Мунун себеби курулуштагы эрежелердин катаалдыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,1 баллды түзгөн жер титирөө ишембиде таңга жуук, эл али уктап жаткан кезде болгон. Жер силкинүүсү эң катуу сезилген жер өлкөнүн экинчи ири шаары Крайстчерч болду. Бул жерде 400 миңдей адам жашайт. Шаардын дүрөбөлөңгө түшкөн жашоочулары үйлөрүнөн сыртка ич кийимчен чыгууга ашыгышкан.

Адамдар аман калды, бирок чыгым көп

Жаңы Зеландиянын бийликтери жер титирөөнүн артынан эле имараттар, жолдор, электр линиялары, суу түтүктөрү бузулган шаарда өзгөчө абал жарыялап, комменданттык саат киргизишти. Азыркы зилзала Жаңы Зеландиянын аймагында буга чейин катталган он күчтүү жер титирөөнүн катарына кирди.

Жер титирөөнүн күчү быйыл январда Гаитидеги зилзаладай болгону менен калк арасындагы кандайдыр бир чыгым тууралуу маалымат түшкөн жок. Оор жаракат менен болгону эки адам ооруканага жатканы айтылды. Ал эми Гаитиде 230 миңдей адамдын өмүрү кыйылган эле. Адистер мунун жүйөөсүн жылына аймагында ар кандай кубаттагы 14 миң жер силкинүүсү катталган Жаңы Зеландияда курулуш эрежесинин катаалдыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Крайстчерч шаарынын мэри Боб Паркер адамдардын зилзаладан аман-эсен калганына кубанып жаткандыгын жашырган жок:

- Жарандарыбызды алганда биз абдан эле жолдуу болдук, бирок зыяндын масштабын караганда, менимче, абдан эле чоң.

Калыбына келтирүү иштери башталды

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жон Кей кыйроонун чоңдугуна карабай, бир да адам каза таппагандыгын “керемет” деп атады. Өкмөт Крайстчерч шаарын калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешерин убада кылды.

Премьер-министри белгилегендей, калыбына келтирүү иштерине бир нече ай кетет, ал эми зилзала келтирген чыгым бир жарым миллиард долларга чейин жетүүсү мүмкүн.

Маселен Крайстчерч шаарында көптөгөн үйлөрдүн терезелери күбүлүп калган, дублдарынын жаракка кеткен. Эски үйлөрдүн түтүн чыгуучу морлору, дубалдары кыйраган. Жаракка жолдордон да кетип, түтүктөр бузулгандыктан айрымдарын суу каптаган.

Башында шаардын жана анын айланасынын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калды эле, ал кайра акырындык менен калыбына келтириле баштады. Бийликтер ошондой эле элди ичүүчү суу менен камсыздоо аракетин да көрүп жатат.

Жаңы Зеландияда адам өлүмүн алып келген акыркы жер титирөө 1968-жылы болгон. Анда күчү 7,1 баллды түзгөн зилзаладан үч адам каза тапкан. Тынч океан менен Австралиянын ортосундагы тектоникалык плиталардын кесилишинде жайгашкан Жаңы Зеландиянын аймагы сейсмикалык жактан активдүү деп эсептелинет. Өлкөдө жылына катталган 14 миң жер силкинүүсүнүн жыйырмадайынын күчү беш баллдан жогору болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG