Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Кооптуу жагдай чечкиндүүлүктү талап кылат


Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл.

30-ноябрда Бишкекте жардыруу болду, 29-ноябрда Ошто күч органдары атайын операция өткөрүп, жардыргыч заттар табылган.

Кыргыз бийлиги терракттарды алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүш керек? Коомчулук эмнеге даяр болуш керек? Калк кантип сактанууга тийиш? “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу ушул маселеге арналды.

Талкууга катышкандар:

Коопсуздук кызматынын генералы Мирослав Ниязов

Генерал Аалыбай Кайыпов

Атайын кызматтарга тиешеси бар полковник Алишер Абдумомунов

“Азаттык”: Мирослав мырза, Ошто атайын операция, Бишкекте жардыруулар болду. Бул окуялардын байланышы бар деген маалыматтар да айтылууда. Сиздин оюңузча, маалыматыңыз боюнча бул окуялардын байланышы барбы жана алардын артында ким турушу мүмүн?

Мирослав Ниязов: Бул опурталдуу кырдаал кечээ, же бүгүн түзүлгөн жок. Буга биз билип-билбей 15-20 жылдын ичинде келатканбыз. Мунун шарттары түзүлдү. Анткени жайда эки улуттун ортосунда кагылыш болуп, кан төгүлүп, канча үйлөр өрттөлдү, өлүм болду. Айрым адамдардын бул конфликт ошол бойдон түгөндү, башка болбойт дегени адашкан нерсе. Анткени мунун азыркы жаңы фазага өтүп кетүү ыктымалдыгы бар. Себеби митингдерди, экстремизмди көрдүк, эми бул терроризмге айланып кетип атат.
Мирослав Ниязов

Мен бул жөнүндө мурда да айтып жүрчү элем. Анткени Кыргызстанда бүгүн тартип бошоп, бийликке да ишеним болбой калган. 20 жылдан бери бийликте жүргөн адамдар бүгүнкү кырдаалга алып келип муну түздү.

Эми буга кимдин тиешеси бар? Албетте сепаратизм дегендин оркоюп көрүнүп калганын биз июнь айында көрдүк. Сепаратизм деген реалдуу түрдө Кыргызстанда туулду. Биз азыркы муундар сепаратизмге, автономизмге жол бербешибиз керек. Коопсуздукту эми ким коргоп бериш керек? Милиция, коопсуздук комитет, сот органдары, башка органдары. Ал эми бүгүнкү күндө ошол эле офицерлерди 7-апрель боюнча сотко берип, Аксыдагы болгон окуяда офицерлерди соттоп атат. Бул деген эмне? Бул – офицерлердин ар-намысын тебелеп-тепсеген болот.

Ким коргойт Кыргызстандын кызыкчылыгын? Эң негизги күнөөкөрлөр качып чыгышты, утурумдук бийликтин буйругу менен. Ал эми ортодо жүргөн офицерлер бүгүн жоопкерчиликке тартылып атат. Ушул себеп менен биз мамлекетибизди сактап калабыз десек, олуттуу, түз, акыйкат жол менен бүгүнкү кырдаалдан чыгып кетишибиз керек.

Атайын кызматтардын ишине сын көп

“Азаттык”: Ушул террордук чабуулдар максатына жетпей калганы биздин атайын кызматтардын, тартип коргоо органдардын натыйжалуу иштешине байланыштуу деген да сөздөр айтылып жатат. Аалыбай мырза, сиз органдардын ишине кандай баа бересиз?

Аалыбай Кайыпов: Мен органдарды иштебей койду деп айта албайм. Органдар иштеген үчүн жанагыдай маалыматтарды алып, жанагыдай уюмдарды чекесинен бирден сууруп чыгып, ошонун тегерегинде чоң иштерди кылып атышат. Бул жерде абдан жогорку деңгээлде иштеп койду деп айтуудан алысмын. Себеби органдардын, айрыкча коопсуздук комитети жана башка органдардын иши алдын ала эскертип, таап, өз убагында чара көрүү. Мына ошол иштер болбой, ошол иштердин начардыгы бүгүнкү күнгө алып келип атат.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл
“Азаттык”:
Жардыргыч түзүлүштү жасоо оңой-олтоң иш эмес, ага тиешелүү билим адистик керек. Бирок андай жардырууларды көздөгөн сепаратисттер деп айтып жатасыздар. Алардын арасында деле болушу мүмкүн, же башка жактан келиши мүмкүнбү булар?

Алишер Абдумомунов: Азыркы жагдай мырза Мирослав Ниязов айткандай, бүгүн түзүлгөн жок. Бул биздин акыркы 20 жылдын ичинде түзүлдү. Айрыкча апрель айынан кийинки окуялардан кийин, эски бийликти кетирип, жаңы бийлик келип, жаңы бийлик өзүнүн функцияларын толук аткаралбай калганына объективдүү да себептер бар.

Сепаратисти болобу, террорист болобу алардын артында албетте күчтөр бар да, саясий, согушчан күчтөр бар. Алар өзүнүн аракеттерин жасап атат. Ошого байланыштуу реваншисттик күчтөр да бизде жүрөт. Алар да өзүнүн пландарын ишке ашырганга аракет жасап атышат. Ошондуктан Аалыбай мырза айткандай, алдын ала маалыматтар болгондо мүмкүн ушунчалык даражага жетпейт элек.

Бүгүн биздин легитимдүү мыйзам чыгаруу органыбыз жок, өкмөт, аткаруу бийлигибиз жок. Мына ошолордон пайдаланып, түрдүү күчтөр өздөрүнө жараша максаттарын коюп, биздин стабилдүүлүктү, демократияны, коомдо ажырым киргизгенге аракет жасап атышат.

Убакыт өтүүдө

“Азаттык”: Тартип коргоо органдарын чыңдоого байланыштуу чегинүү жасалбайт. Биздин маалыматтар боюнча 22-ноябрда милиция кызматкерлери уурулукка байланыштуу бир ишти иликтеп жүрүшүп, жардыргыч заттарды жана аларды камдап жүргөн кишилерди кармап алган Ошто. Андан кийин атайын операция Ошто жүрдү. Ал эми Бишкекте кокустуктан кудай сактап көп киши жабыркабай калды. Биздин коопсуздук кызматтарды чыңдоо үчүн тартип коргоо органдары кандай иштеш керек, кээ бир адистер антитеррордук борборду түзүш керек деген сунуштарды айтып жатат. Кандай комплекстүү чаралар керек?



“Азаттык”: Ушул антитеррордук борбору бул маселени чечеби?
Биздин органдар, мамлекет чөйрөсүндөгү чиновниктер ушул жагдайды эске алып, тартипти абалга жараша алып барыш керек.


Аалыбай Кайыпов: Маселени чечпейт деп айтыш кичине туура эмес болуп калат. Кошуна мамлекеттерди алсак, Казакстан, Өзбекстан жана башкалар булар коопсуздук комитетинин базасында терроризмге каршы бөлүмүн түзүп коюшкан. Материалдык-техникалык жактан абдан өздөштүрүп, кадрларды көтөрүп, окутуп, абдан чоң иштерди кылып атышат, абдан чоң көңүл бурат.

Мен бүгүнкү окуядан пайдаланып айтат элем, эл аралык терроризм маң заттарды таратуу экөө бири менен бири тыгыз байланыштуу нерсе. Бизде АКН деген бар, бул кыйратып деле иш кылган жок. Ошонун базасында өзүнчө борбор кылып бириктирип коюп, анан терроризмге каршы максат койсо, анткени убакыт келди, эбак эле келген убакыт.

“Азаттык”: Оштогу топтун жок кылынышы менен террорчулардын уюгу толук алсыздандыбы, алардан дагы эмнени күтсө болот, Алишер мырза?

Алишер Абдумомунов: Мен андай деп ойлобойм. Себеби Ош окуясы али аягына чыккан жок. Ал эмне себептен пайда болду, эмне себептен ушул күнгө чейин ушундай нерселер болуп жатат, эмне себептен биздин органдар барган жерден жардыруучу заттар чыкты дейт?

Ош деген чоң шаар. Оштун ичинде сөздөр көп. Эми ушунун саясий, оперативдүү, аскердик жыйынтыгы али күнгө чейин бүтө элек. Биз Ошто жашайбыз, билебиз кандай жагдай болуп атат. Ошондуктан кечээги эле болгон террордук топту кармадык, ушуну менен бүттү деген сөздөн мен алысмын. Буга окшогон топтор дагы болуш керек, сезип жатабыз, акыбал ушундай. Демек биздин органдар, мамлекет чөйрөсүндөгү чиновниктер ушул жагдайды эске алып, тартипти абалга жараша алып барыш керек.

Тышкы күчтөрдүн кызыгуусу

“Азаттык”: Тартип коргоо органдарына террордун алдын алуу үчүн кошумча ыйгарым укуктары керекпи, эл муну кандай кабыл алыш керек, ошол эле кезде адамдар өздөрү кандай сактык чараларга даяр болушу керек?



“Азаттык”: Тажикстандагы окуялар менен Кыргызстандагы жардыруулар байланышта деген дагы атайын адистер айтып жатышат. Анткени Кыргызстан чоң оюнду камтыган аянтта турат деп айтып атышат талдоочу илимпоздор. Бул жерде чет өлкөлүк атайын кызматтардын изи барбы? Ушундай да түкшүмөлдөр айтылып жатат?



“Азаттык”:
Оштогу жардырууга Өзбекстан Ислам кыймылынын тиешеси бар деген сөздөр айтылып жатат. Буга куралдуу күчтөрдүн таасири барбы, же жергиликтүү эле сепаратисттик күчтөрдүн аракетиби?

Алишер Абдумомунов:
Мен ойлойм, сепаратисттик күч болобу, террористтик күч болобу, жалаң эле биздин кыргыз мамлекетинде, же биздин коомдо пайда болгон уюмдар бөлөк кишилер эмес.
Сепаратизм деген реалдуу түрдө Кыргызстанда туулду. Биз азыркы муундар сепаратизмге, автономизмге жол бербешибиз керек.


Биз айлана-чөйрө менен чогуу жашайбыз, айтпадыңарбы тажрыйбалуу кишилер экен деп, албетте алардын башка жактан болгон материалдык дагы, моралдык дагы, техникалык дагы жардамдарды алып атканы чоң ыктымал. Булардын артында кимдер турат деп айтсак болот. Мына азыр Орто Азиядагы, Кыргызстандагы жагдайды жаман кылганга, курчутканга кайсы гана күчтөр аракет кылбай атат. Ошолорду эстешибиз керек.

Мына Ош окуясы болду. Бул жерде мамлекеттик комиссия болобу, башка комиссия болобу органдар тезинен келип, тыянакты чыгарып, ким экенин айтмайын болбойт. Мирослав мырза айткандай, бири-бири менен талашып отура берген бийлик турса, анда албетте ушундай иштер боло берет.

“Азаттык”:
Калкка кандай кеңеш бересиздер, азыркы мезгилде калк кандай болуш керек?

Алишер Абдумомунов:
Эл ойгонуш керек, биригиш керек. Мамлекетти, экономиканы чыңдасак, ошондо гана жеңебиз.

“Азаттык”:
Рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG