Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жапониядагы жер титирөө - Кыргызстанга коңгуроо


2008-жылы, октябрда Нура айылында катуу жер титирөө катталган.
2008-жылы, октябрда Нура айылында катуу жер титирөө катталган.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын сейсмикалык абалына арналды.

Талкууга катышкандар:

Төлөбай Кеңешов – Бишкек шаарынын башкы архитектору

Медер Өмүралиев – Кыргызстан сейсмикалык институтунун директорунун орун басары

Жаныбек Кулукеев – жеке үй куруучу

“Азаттык”: Жапониядагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандагы азыркы сейсмикалык кырдаалга баа бере кетсеңиз?

Медер Өмүралиев: Кыргызстан өтө күчтүү зилзала болчу жер болуп эсептелет. Мисалы 1992-жылы Суусамырда 9-10 баллдык жер титирөө болгон, ошондо Бишкектен тоолуу Токтогул районуна чейин үйлөрдүн көпчүлүгү жабыркаган. 1992-жылдан кийин Кыргызстанда күчтүү жер титирөөлөр азайып калган.

2008-жылы Нурадагы жер титирөөдөн тарта Кыргызстандын аймагында Тян-Шанда сейсмикалык активдүүлүк башталды. Жер титирөөлөр болуп атат. Мындан ары жер титирөө Кыргызстанда боло берет. Мисалы быйыл 2011-жылы 3-январда Кеминде жер титиреген эле. Тян-Шанда эң күчтүү жер титирөөлөрдүн бири 12 баллга чейин жеткен. Ошондой 1992-жылы Кашкарда зилзала болгон. Жалпылап айтканда, 50 жылдын ичинде Орто Азиянын 12 миллионго жакын элин жаман абалга алып келген.

Тян-Шан тоолору
Өтө орчундуу маселелер бар. Биринчиден, жер титирөөлөр кайсы жерде, кандай күчтө болот, ошонун баарын илимпоздор аныктай алышат. Андан кийин ар бир райондордо, ири шаарларда, мисалы Бишкек, Токмок, Ош шаарларынын аймактары микрорайондоштурулуп атат, ошолордун суу деңгээли, топурагы кандай, кайсы жерде жер титирөө болот, кандай күч менен келет, ошол толкундар кандай үйлөргө таасир этет, ошонун баары эсептелет.

“Азаттык”: Кыскасы илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп жаткан турбайбы?

Медер Өмүралиев: Жүргүзүлүп жатат. Ар кандай учурга байланыштуу бул тармактар азайып калды эле, жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Сейсмология институту жалпы куруучу мекемелери менен комплекстүү программа кабыл алынып, иштелип атат. Ал программа боюнча үйлөрдүн баарына текшерүү жүргүзүш керек, кандай туруштук берерин эсептеш керек. Азыр Бишкек шаарында иш башталды.
Өзүнүн очогун, үй-бүлөсүн кантип сакташ керек – ошону биринчи маселеге коюш керек.


“Азаттык”: Жапонияда, өзүңүздөр сыналгыдан көрүп атасыңар, цунами болбогондо үйлөр жакшы эле сакталып калмак экен. Ушуга караганда жапондор илгертеден жер титирөө көп болгондуктан үйлөрдү жаңы сейсмикалык эсептелинген технология менен абдан бекем салып атышат. Ушундан улам бизде, өзгөчө Бишкек шаарында бир топ үйлөр, имараттар көбөйүп атат, сеймикалык жактан алып караганда ушулардын курулушу азыркы талаптарга жооп береби?

Төлөбай Кеңешов: Бул суроого жооп берүү үчүн имараттарды бир канча топко бөлсөк туура болот. Себеби 60-жылдардын аягынан тарта сейсмикалык нормалар кыргыз жерине киргизиле баштаган. Себеби Ташкенде болгон жер титирөөдөн кийин Советтер Союзунда курулуш боюнча атайын чаралар көрүлүп, илимий иштер жүргүзүлө баштаган. Ошондон бери сейсмикалык туруктуу имараттарды куруу чаралары көрүлүп атат.

Нурадагы зилзаладан кийинки көрүнүш, 6-октябрь, 2008-жыл
Бишкек шаары боюнча айта турган болсок, Бишкекте бетон, темир, жыгачтар менен салынып аткан көп кабаттуу имараттар туруштук берет деп айтсак болот. Себеби бул жерде атайын система иштейт. Шаардын бүт аймагы боюнча, кайсы жерде канча балл, кандай грунттар бар, ошол боюнча Сейсмология институту жасаган атайын эки карта бар. Андан сырткары атайын институт бар, жерди изилдеп, геологиялык курулушун жасайт, андан кийин инженер, конструкторлор буларды эске алып, жердин зилзаланын нормасы 8-9 балл болсо 9га ченемдүү кылып жасап, анан курулушчуларга бериш керек.

Курулуш көп тармактуу болгондон кийин көп кабаттуу үйлөрдү салгандар өз ишин так, туура аткарышы керек. Андан тышкары бүгүнкү күнү шаардын тегерегиндеги жеке үйлөр боюнча чоң проблема бар, муну айтып келатабыз. Эми колунда каражаттары аз болгондуктан эл жерди алгандан кийин убактылуу жер төлөлөрдү салып атышат. Буларга эч ким кепилдик бере албайт. Андан тышкары коммуникациялар бар.

Жапонияда болуп өткөн кыямат Кыргызстандын жеринде да болбойт деп эч ким кепил бере албайт. Биз үчүн коңгуроо, же кулак кагыш болууда. Эртеңки күнү колубуздан келген чараларды көрүп, имараттарды бекем салып, техникалык жактан туура колдонуп, элди кырсыктан сактап калышыбыз керек.

Сактыкта кордук жок

“Азаттык”: Сиз туура айттыңыз, кыргыз эли өзү зилзаланы көп көргөн, ошондон тажрыйба топтогон. Азыр Бишкектин четинде курулуп аткан үйлөр көп, анын маселелери көп. Жаныбек мырза, жеке үй куруп жаткан жаран катары айтсаңыз, сиз үйүңүздү кантип куруп атасыз? Архитекторлордун, же сейсмологдордун кеп-кеңеши мененби, же өзүңүз болжолдоп эле куруп атасызбы?

Нурадагы зилзаладан кийин, 6-октябрь, 2008-жыл
Жаныбек Кулукеев: Биз 89-жылы жер алганбыз. Ошол жылдары союз маалы эле, архитектурадан план алганбыз, дубалы кызыл кирпич менен долбоору бар.

Балалыгымда биздин айылда 9 балл жер титирөө болуп, жерлер жарылып, малдар түшүп кетип, үйлөр ураганын көргөнбүз. Ошол маалда жардам келди, андан кийин каркас үйлөрдү Финляндиядан алып келип салышты. Мен ошол кезде 1-класста окуучу элем. Анан жети жылдан кийин дагы жер титирөө болду. Түн ичинде биз уктап атканда 7 баллга чейин болду, ошондо жыгач үй туруштук берди, мыктар кытырап эле тура берет экен. Сарайлар болсо кулап калды. Ошондон улам мен кызыл кирпичке да ишенбей, жыгач каркас менен үйдү салгам.

Кошуна-колоңдор сокмо менен урган үйлөр бар. Мен аларга да кеңеш бергем, бирок акча жетпегендиктен сокмо менен салып атышат. Азыр жаңы конуштар бөлүнүп атат, жыгач менен салган бир да үй жок, анткени жыгач кымбат. Цемент да кымбат, таш менен фундамент тизген үйлөр бар. Мен аларды көрүп капа болом. Анткени өкмөт тараптан жардам жок деп эсептесек болот. Жаңы конуштар көп, ар кандай революциялар болуп атат, бюджет жок. Бирок жардам кылса болот экен. 20 жылдан бери биздин Көлмө жаңы конушунда астыбызда суу бар, дринаждар тазаланбай, суулар көтөрүлүп, жер жарылып, жолдордо суу чыгып атат.
Кыргызстан өтө күчтүү зилзала болчу жер болуп эсептелет.


“Азаттык”: Жаныбек мырза “өкмөт тарабынан жеке үй куруп жаткандарга көңүл бурулбайт, жардам берсе жакшы болот эле” деп айтып кетти. Жаңы курулуп аткан үйлөрдү, өзгөчө бийик, көп кабаттуу үйлөрдү кабыл алууда мамлекеттик комиссия кандай курамда иштейт? Анан алар кабыл алган соң, кокус жанагыдай иштер болуп кетсе, көп кабаттуу үйлөр кыйрап, же урап кала турган болсо анын жоопкерчилигин ким көтөрөт?

Төлөбай Кеңешов: Бул өтө олуттуу маселе. 2008-жылы өкмөттүн 252-токтому менен азыркы убакта мурункудай мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы жок. Курулушту көзөмөлдөө боюнча орган болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн астындагы мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигине карайт.

Эгерде кокусунан туура эмес салынып, же сапаты начар боло турган болсо, бул дүйнөлүк практика, курулуштун долбоорун түзүүдө катышкан, изилдөө боюнча катышкан, курулуш материалдарын берген, же курулушту курган кишилерден кимден ката кетсе, ошолор жооп берет. Биздин жарандар болобу, Американыкыбы, же Түркияныкыбы – карабайт. Себеби эгерде биз чет өлкөдө иштеп, ошол жерде долбоорду жаба турган болсок өмүрүбүз өткөнчө керт башыбыз менен жооп беребиз. Бул жагынан мен ойлойм, биздин кесиптештер муну түшүнүшөт. Себеби макулдашуу убагында, экспертиза өткөн убакта ар кимдин өзүнүн жекече колу коюлуп, бекитилет.

Көзөмөлдөнбөгөн курулуш

“Азаттык”: Негизинен курулуш иштерин жүргүзүүдө сейсмологдордун маалыматтары, ушулардын кеңештери, сунуштары баалуу болуш керек, эске алыныш керек. Медер мырза, сиздер менен Бишкекте, жалпы эле иштеп аткан курулушчулардын мамилелери, кызматташтыгы кандай?

Медер Өмүралиев: Негизинен биздин кызматташтык жакшы эле. Бул жерде кээ бир кадрлар бар, Сейсмология институтунун илимпоздору, адистери айткан сөздөрдү, жыйынтыктарын оор сезишет, жакшы кабыл албайт.

Бишкек шаары боюнча айтсак, мисалы бул жерде мындай курулуштар болуш керек эле, жакшы салынбай атат десек, курулушчулар бизди жакшы кабыл албайт. Биз өзүбүздүн иштерибиздин аягына чыкканга, көзөмөлдөгөнгө мыйзам боюнча укугубуз жок. Бирок ошолорду көрүп кейийбиз. Мисалы жер титирөө болгондо ар бир айылга барып кандай үйлөр кандай туруштук берди, кайсы жерде жарылды, кайсы жерде чыгым болду деп изилдеп келебиз. Ошондо карасак, биздин Кыргызстандагы көп айылдарда курулуш эрежелерин көп сактабайт. Архитекторлор каражат жагынан оор эмес, жакшы долбоорлорду түзгөндө көп кишилер аларды кабыл албайт.

Жапония, жер титирөөдөн кийин
Биздин негизги максатыбыз – элди сактап калуу. Биринчиден, биз элге “куруучулар өз үй-бүлөсүн сакташ үчүн жакшы курулуштарды куруусу керек” деп айтабыз. Экинчиден, жер титирөө болуп атканда өзүн-өзү кантип алып жүрүш керек, бул боюнча өзүнчө эреже бар. Мисалы Жапонияда көрдүңөр, эл өзүн кандай алып жүрүүнү билет. Ал эми биздин эл ал эрежелерди кабыл албайт. Ошон үчүн үйрөтпөйт. Азыр өзүбүзгө орчундуу маселе катары коюп атабыз, элди үйрөтүш керек, Өзгөчө кырдаал министрлиги башка мекемелер менен бирдикте мектептерде, айылдардагы элди үйрөтүш керек. Анан кайсы эл кандай куруп атат, айыл өкмөттөрүндө жоопкерчилик болуш керек.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, Бишкек шаарынын четтеринде үй куруп атканда архитектуралык мааниде, анын ичинде сейсмикалык мааниде карап текшерип, кабыл алган өкмөттүн, же курулуш фирмалардын өкүлдөрү болдубу, болгон жокпу?
Жапонияда болуп өткөн кыямат Кыргызстандын жеринде да болбойт деп эч ким кепил бере албайт. Биз үчүн коңгуроо, же кулак кагыш болууда.


Жаныбек Кулукеев: Чынын айтсак, андай деле текшерүүлөр болгон жок. Мына үйлөрдү каттоодон өткөрүү үчүн архитектурага барып атабыз, кандай үй, эмнеден салдың, саманбы, жыгачпы дейт деле, анан чынын айтканда бул жакта коррупция, акча берсең кол койот дагы, үйүңдү каттоодон өткөрүп коет.

“Азаттык”: Зилзаланы бирок коррупция менен жеңип коюш кыйын го.

Жаныбек Кулукеев: Кыйын да, жанагындай кырсык болуп кетсе, акча менен эч нерсе кыла албайсың. Ошон үчүн бул жерди да өкмөт тарабынан чоң көзөмөлгө алса болот.

Өмүргө тете эреже

“Азаттык”: Бардык маселе келип эле бийликке такалат. Кырсык айттырбай келет дейт, анан кырсык болгондон кийин эле бийликтер апалаң-тапалаң түшүп калат. Ушуга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн, жалпы эле табигый кырсыктарга, өзгөчө жер титирөө, зилзалага байланыштуу курулуш, архитектура чөйрөсүндө негизги саясатты жүргүзүп аткан иштер барбы?

Төлөбай Кеңешов: Албетте мындай иштер сунушталып жыл сайын каралат. Бирок зилзала айтылбай келе турган нерсе болгондон кийин, табигый мыйзам ченемдүү болгондон кийин буга көп жылдык мөөнөттө системалык түрдө бир ишти улам аткарып, андан кийин жумуш алып барыш керек эле. Тилекке каршы андай болбой атат. Мисалы, биздин шаардын 12-кичи районунда салынган үйлөрдүн фундаментине эгерде жер титирөө болсо жылып тура турган атайын ыкмалар колдонулган. Ошол ыкмаларды сейсмология жана башка институттар көзөмөлдөшү керек. Бизде ошол кичи район 90-жылы курулса, андан бери андай ыкмалар аз колдонулуп келет десек болот.

Жапония, 21-март, 2011-жыл
Бишкек тууралуу эле сөз кылып атабыз да, Бишкек шаарынын тегерегиндеги жерлердин микросейсмологиялык райондоштуруу боюнча сөз кылып атабыз. Калган Кыргызстан боюнча шаарларыбызда андай мүмкүнчүлүк болбой атат. Бул жерде убагында биз мэриянын эсебинен тыйын бөлдүрүп, атайын эрежелерди, нормаларды киргизгенге аракет кылганбыз. Мындай жумуштар 15-20 жылда кайрадан кайталанып туруш керек. Бул жерде өкмөт караш керек.

Акыркы убактарда курулуш чөйрөсүндө баарын алып таштайлы, өзүнөн-өзү курулуп калат деген сыяктуу тенденция болуп кетти. Биздин оюбузча, тескерисинче экспертиза болобу, архитектура болобу, сейсмикалык долбоор жазган, илимий жумуштарды көбүрөк өткөрүп, элдин кызыкчылыгы менен, эртеңки күнү ушундай кырсык болуп кетсе эл аман калыш үчүн ушунун баарын башына коюп, иш алып барсак жакшы болот эле деген ойду айтмак элем.

“Азаттык”: Медер мырза, илимпоз караты жалпы калкка эмне деп сунуш кылат элеңиз?

Медер Өмүралиев: Жалпы калкка кайрылуу: өзүнүн очогун, үй-бүлөсүн кантип сакташ керек – ошону биринчи маселеге коюш керек. Экинчи, өзүнүн тегерегиндегилерди. Мен баарына кайрылат элем, зилзаланы азайтуу үчүн биринчи өзүңдүн үйүңдү жакшы кур, экинчи, кантип алып жүрүү керек боюнча эрежесин үйрөн, үчүнчү, өзүңдүн жакындарыңа жардам бер.

Жаныбек Кулукеев: Мен да калкка айтаар элем, үй курганда эрежелер сакталса жакшы болот эле.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG