Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Өмүралиев: Орусиядан курал келет


Орусиядан келген курал-жарактан бирдиктүү коргонуу системасы түзүлөт. Бул тууралуу коргоо министри Таалайбек Өмүралиев “Азаттыктагы” маегинде билдирди.

Ошондой эле аскердик доктрина, армиядагы улуулардын кенжелерге үстөмдүгү, коррупция маселелери боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Оболу быйыл июнь айында кабыл алынган Аскердик доктринанын маани-максаты тууралуу айтып бересизби? Бул документтин кабыл алынышы менен куралдуу күчтөрдө кандай өзгөрүүлөр болот?

Таалайбек Өмүралиев: Бул Кыргызстандын деңгээлиндеги чоң документ болуп эсептелет. Аскердик коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстандын расмий көз карашы. Куралдуу күчтөр кандай реформа болот, кандай аскердик уюм курулат, аскердик уюмдун бир бөлүгү болгон куралдуу күчтөр кандай болот дегенди камтыган документ болуп эсептелет. Бул документти, Коргоо министрлиги, Коргоо кеңеши өңдүү расмий органдар эле даярдаган жок. Буга аскер коопсуздугуна тиешеси бар коомчулук тартылды. Доктрина көп текшерүүдөн өттү деп айтсак болот жана 2-3 жылга ылайыкталган документ.

Ага ылайык, биринчиден, аскер коому болушу керек. Бул жерге Коргоо министрлиги же дагы башка аскер структуралары эле кирбейт, саясий башкаруудан баштап, аскер өнөр жай комплекси сыяктуу аскер коопсуздугуна тийиштүү коом-уюмдардын системасы болуп эсептелет.

Куралдуу күчтөр өзүн өзү реформалай албайт. Аны мамлекет, аскердик коом кылышы керек. Реформа болуп, алдыга жылыш үчүн куралдуу күчтөрдүн эле эмес, мамлекеттин чоң саясий эрки болушу керек.

Кол башчыбыз буга чейин эле биздин алдыбызга милдет-тапшырма койгон. Кичинекей мамлекетпиз, мурун СССРдин курамында болчубуз. Мурункудай глобалдуу чоң согуштар болбойт деп ойлойбуз, азыркы коркунучтардын мүнөзү өзгөрдү. Ички коркунуч биринчи болуп калып жатат. Ошол эле учурда сырткы коркунуч да чоң. Биздин коркунучтарды өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер көбөйүп жатат. Терроризм, экстремизм, сепаратизмге каршы ошолордун тактикасы менен иштеш керек. Куралдуу күчтөрү кесипкөй кадрлар менен, заманбап техника жана аскердик илим менен камсыздалышы керек. Мунун баары доктринада жазылган.

“Азаттык”: Буга чейин деле бир топ мыкты программалар, документтер кабыл алынган. Бирок аны аткаруу жол-жобосу көрсөтүлбөгөндүктөн жана каржы булагы аныкталбагандыктан ишке ашпай калганын айтып эле келишет. Аскердик доктринаны ишке ашыруу канча кошумча каражат талап кылат, аны каяктан аласыздар?

Таалайбек Өмүралиев: Мамлекеттеги бардык структураларды реформа кылыш үчүн мамлекет иштеши керек. Анткени каражат бөлүнбөсө, майнап чыкпайт. Башында айткандай, бул доктринага коопсуздукка тиешеси барлардын баары кол коюп, чогуу чечим кабыл алынган. Ошондуктан өкмөт чоң салым кошот деп ойлойм. Ички эле ресурстарды карабастан, сырттан да тартышыбыз керек. Анткени кичинекей эле эмес, чоң мамлекеттер деле коопсуздугун өзү жалгыз камсыздай албайт.

“Азаттык”: Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев жыл этегинде Кыргызстанга Орусия баасы 1 миллиард доллардан ашкан курал-жарак жөнөтөөрүн кабарлаган эле. Москва кандай курал-жарак жөнөтөт? Кыргызстан негизи кандай куралга муктаж? Орусиядан жаңы жана заманбап курал-жарактар келеби, же мурда колдонулган техникаларбы?

Таалайбек Өмүралиев: Орусиянын аскер базаларын Кыргызстанда кармоо боюнча келишимде Орусия бизге коопсуздукту камсыздоо боюнча жардам берет деген пункт бар. Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн заманбап техника менен камсыздоо боюнча жардам көрсөтөт деп жазылган. Ошол келишимдин алкагында иштерди жакшы жүргүзүп жатабыз. Жакында эле ал жакка биздин эксперттер барып келишти, алар да бизге келди. Анын алкагында 9 келишимге кол койдук. Максат заманбап курал алып алганда эмес, ошол куралдан өзүнчө коргоонуу системасын жасаш керек.

Мисалы, асмандан чалгындоо системасы, жерден чалгындоо системасы, атайын операциялар системасы кылып түзүп, куралдар бири-бири менен айкалышып бир система болбосо, жалгыз курал натыйжа бербейт. Биз Орусияга кандай системалар керек экенин жеткирип көрсөттүк. Алар макул болду. Келишимдерди даярдап жатабыз, жакында биздин делегация жөнөп кетет, ал жактан болгон заводдорду кыдырат, болгон ресурстарды көрөт. Сураган техникабыздын сапаты кандай болот, канча мөөнөттө келерин аныкташат.

Кээ бирлер жаңы дегенде заводдон эми чыккан техника деп ойлойт. Сакталып турган техника деле техникалык-моралдык жагынан жаңы эле болуп эсептелет. Ал техника 15-20га чейин актуалдуу эле болуп турат. Ошондуктан жаңы заводдон чыккан техника алабыз деп айтпайбыз. Сактоодо турган, бүгүнкү талапка жооп берген техника болот. Техникалык жактан эскирбеген, колдонуу мөөнөтү 10-15 жылга алдыга белгиленген техника алабыз.

“Азаттык”: Кыргыз армиясына эң ириде кандай курал керек, кандай куралга өтө муктажсыздар? Мисалы, азыркы куралдардын колдонуу мөөнөтү бүткөн деп айтылат, эгемен жылдары эч бир курал сатып алган эмес.

Таалайбек Өмүралиев: Бул жерде, башында айткандай, система керек. Биз аскер кызматкерлери өз-өзүнчө иштебейбиз. Системада жүрүшүбүз керек. Асманда коргонуу куралдары, мисалы, жердеги танктар бири-бири менен айкалышып системада болуп, бири-бирин толуктап турушу керек. Ошондуктан момундай танка, учак, же тик учак келет деп айта албайбыз. Бирок заманбап, бири-бири менен айкалышкан, толуктаган, биздин коопсуздугубузду камсыздаган курал келет.

“Азаттык”: Коңшу Өзбекстан НАТОдон курал алып жатат, ал эми Кыргызстанды Орусия куралдандырууда. Мындан улам региондо карама-каршылыктар пайда болбойбу?

Таалайбек Өмүралиев: Менимче, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда карама-каршылык болбойт. Экөө тең цивилизациялуу мамлекет. Куралдуу кагылыштын кесепети кандай болоорун билет. Бирок эки мамлекет ортосунда чечилбеген маселелер бар. Ошол маселелерди башка үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошол эле сепаратисттер, террористтер, башка мамлекеттер от жагып жибериши ыктымал. Биз ошого даяр болушубуз керек.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда ШКУ, ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өттү. Бул жыйындарда алдыдагы жылдардын иш-планы бекиди. Документтерде кандай иш-чаралар камтылган?

Таалайбек Өмүралиев: Биз кызматташуу планына кол койдук. Анда алдыда кандай иш-чаралар болот, кандай келишимдерге кол коюлат, баарын тактап алдык. Мындайча айтканда, кызматташууну жакшы деңгээлге чыгардык. Анын ичинде кадрларды даярдоо бар. Азыр бизде бир эле аскердик окуу жай бар. Ал эми учкучтарды, аткычтарды Орусия, Казакстан сыяктуу ШКУга мүчө мамлекеттерде даярдайбыз.

“Азаттык”: Былтыркы “Азаттыкка” маегиңизде президент кыргыз армиясы чакан, профессионалдуу болуп, заманбап курал-жабдык менен камсыздалып, Кыргызстандын алдында турган коркунучтарга жооп бериши керек деген тапшырма койгонун айттыңыз эле. Максат ишке ашып жатабы?

Таалайбек Өмүралиев: Ал максатты ишке ашырбасак анда анын кесепети өзүбүзгө эле тиет. Ошондуктан ал максатты ишке ашырабыз, ишке ашырып жатабыз. Мисалы, өзүбүздү кайра түзүп жатабыз. Күн сайын эле реформа деп какшап атабыз. Ойлоп көрсөм, реформа бүтпөй турган нерсе экен, заман өзгөрүп атат, мезгил өтүп жатат, аны менен кошо баары өзгөрөт экен.

Жакында эле Ала-Букада аскер бөлүгүн курдук. Көк-Жаңгакта куруп жатабыз. Ошто офицерлер менен контракттык негизде кызмат өтөгөн жаш жоокерлерге көп батирлүү эки үй салып жатабыз. Бишкекте да 105 батирлүү эки үй салып жатабыз. Формаларды өзүбүздүн өндүрүшүбүз болбосо жаңырта албайт экенбиз деп суткасына 600 комплект форма чыгара турган фабрика салып жатабыз. Көзгө көрүнгөн, колго кармалган иштерди жасап жатабыз. Ал эми ичинен айта турган болсок, Куралдуу күчтөрдү даярдоо, окутуу, аларды колдонуу системасында көп нерсени өзгөрттүк. Эми ал өзгөрүүлөрдөн дароо натыйжа чыкпайт, 2-3 жылдан кийин байкаса болот.

“Азаттык”: Коргоо министрлигинин бюджетин аскердик сыр атап айткан эмес элеңиз, бирок сураган каражаттын теңи гана берилерин маалымдагансыз. Азыр каражат маселеңиздер толук чечилдиби?

Таалайбек Өмүралиев: Каражат маселеси жыл сайын эле чечилет. Бирок канча акча бөлүнсө деле аз болот экен. Өкмөт болсо ченеп-өлчөп берет. Бирок биз сураган акчанын жарымын эле алып жатабыз. Мындан улам, реформалоо, өнүктүрүү, кайра куралдандыруу деген маселелер четке калып жатат. Бул маселелерди биз башка мамлекеттер менен түзгөн келишим негизинде чечип жатабыз.

“Азаттык”: Армиядагы зордук-зомбулукту, улуулардын кенжелерге чоңсунуусун азайтуу үчүн кандай конкреттүү иштерди жасадыңыз?

Таалайбек Өмүралиев: Зордук-зомбулук деген бул системалуу көрүнүш экен. Армияга келген бала жакшы болуп калды, же жаман болуп калды дегенге болбойт. Ал бала кыргыз коомунан келет. Үйдөн, мектептен кандай тарбия көрсө, ошонусун көрсөтөт. Биздин милдет ошол жаман нерселерин армияда жасатпоо. Мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн жоокерлерди көндүрүү боюнча атайын программаларды кабыл алып жатабыз. Психологдор институтун ачып жатабыз. Ар бир бөлүккө психолог деген кызмат киргизип жатабыз, алар зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди алып барат. Моралдык жагдай жакшы болсо, окутуунун сапаты көтөрүлсө да мындай көрүнүштөр азаят экен. Ошондуктан тамак жеген жайын, жаткан жерлерин оңдоп жатабыз. Кадимки адамдык керектөөлөрүн сапаттуу камсыздоого аракет кылып жатабыз.

Армиядагы зордук-зомбулуктун азайган тенденциясы байкалат. Өткөн жылы жыл башында бир курсантыбыз каза болгон. Бул жылы да бир-эки каргашалуу окуя болду. Мындайлардын кайталанбашы үчүн дагы аракеттенебиз.

“Азаттык”: Буга чейин коррупцияга каршы күрөштө мыйзамдагы жылчыкчалар тоскоол болуп жатканын айттыңыз эле. Коррупцияны кантип ооздуктап жатасыз?

Таалайбек Өмүралиев: Момунча коррупционер кармадык, момунчасын соттодук, мынчасын иштен четтеттик деген статистика деле бар. Бирок коррупцияны болтурбоо үчүн системаны жоюп, коррупциялык аракеттерге мүмкүнчүлүк бербеш керек. Азыр көп мыйзамдарды өзгөртөлү деп жатабыз. Көп мыйзамдар азыр Жогорку Кеңеште, өкмөттө жатат. Куралдуу күчтөрдө кызмат кылганда жөн гана автомат кармаган кызык эмес, бир чети сыймык, экинчи чети социалдык-экономикалык жана карьералык жаткан шык бергенде гана коррупциялык көрүнүш азаят.

“Азаттык”: Он эки миң сом төлөп, бир айга жетпеген убакыт кызмат өтөө ыкмасын жоюлдубу?

Таалайбек Өмүралиев: Ал эбак эле жоюлган. Ал дагы коррупциянын бир көрүнүшү болчу.

“Азаттык”: Жакында эле Индияга барып келдиңиз. Кыргызстан менен Индиянын аскердик алака-катышы тууралуу айтып бересизби?

Таалайбек Өмүралиев: Кээ бирлер Индия каякта, Кыргызстан каякта, кандай алака-катыш болмок эле деп ойлошу мүмкүн. Бирок бизде тыгыз аскерий кызматташуу бар. Мисалы, кадрларды даярдоо боюнча. Соңку 10-15 жылда Индиядан 26 офицер билим алып келди. Азыр бир курсантыбыз окуп жатат. Квалификациясын жогорулатуу, чет тилди үйрөнүү боюнча кызматташабыз. Андан сырткары БУУнун алкагында бейпилдикти орнотуу деген миссияга аралашабыз. Кыргызстан өзүнүн эле коопсуздугун камсыздабастан, дүйнөлүк коопсуздукту сактоого салымын кошот. Ошондуктан азыр биз Индия менен бир бригадасынын курамына биздин да бир аскер бөлүктү кошуу, же болсо учактарбызды бейпилдик орнотуу операцияларга жиберели деп сүйлөшүп жатабыз. Индияда медицина тармагы өнүккөн. Биздин алдыбыздагы эки госпиталга, аскердик санаторийге жабдууларды алуу боюнча келишимдерге кол коюп келдик.

“Азаттык”: Кыргызстан Индияга эмне берет?

Таалайбек Өмүралиев: Биз медицина жаатында кызматташабыз. Бизде бийик тоолуу шартта медициналык жардам көрсөтүү боюнча лаборатория бар. Азыр Индиядан адистер келип, бийик тоолуу шартка адам кантип көнөт деп изилдөө өткөрүп жатат. Бири-бирибизге пайдалуу шартта кызматташып жатабыз.

Алдыбызга биздин элдин, биздин мамлекеттин коопсуздугун кандай камсыздайбыз деген аскердик доктринаны, чоң документти, чоң иштерди коюп алдык. Ушул жерден өзүбүзгө өзүбүз ийгилик каалап коюшубуз керек. Тынчтык болушун, өркүндөп-өсүшүбүздү каалашыбыз керек. Ошонун үстүнөн иштешибиз керек.

XS
SM
MD
LG