Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Атаханов: Снайперлер боюнча материал жок


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов Бишкек студиясына келип, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.


Оффшорго кеткен 6 миллион доллар

"Азаттык": Комитеттин алдында коррупцияга каршы күрөш кызматы иштей баштаганына жарым жылга жакындап баратат. Бул кызмат алдына койгон милдеттерин аткарып жатат деп айта аласызбы, ага кандай далилдерди келтиресиз?

Шамил Атаханов: Негизи коррупцияга каршы күрөш – татаал кубулуш. Ал жөн эле кылмыштык иликтөө эмес. Ал экономикадагы жана социалдык турмуштагы коррупцияга каршы чаралардын тутумунан турат. Ал ачык-айкындыкты камсыз кылуучу жаңы модель. Юридикалык экспертиза – үчүнчү аспект.

Бүгүн биз эмне иш кылып атабыз? 47 кылмыш ишин козгодук, тергелип жатат, айрымдары сотко өттү. Алардан 300 миллион сомдон ашык зыян келген. 10 миллиону кайтарылды. Чуулгандуулардын бири саналган “Альфа-Телеком” мамлекетке таандык. Мурда 142 миллион сомду казынадан чыгарып кетишкен деп маалымат таратканбыз.

Андан тышкары 6 миллион долларды Гонконгго, оффшордук компанияларга которушкандыгы маалым болду. Гонконгдон башка да оффшордук компанияларга которулган. Азыр биз каражат кайда, кимдин эсебине которулганын иликтеп жатабыз. Бир эсепти тактадык. Ал далилденет, тергөөдө ага чоң өлчөмдөгү мүлк сатып алынгандыгы билинди.

"Азаттык": Атын атай аласызбы?

Атаханов: Мен азыр атын атабайм, жакында ачыкталат. Калган 4 миллионду издеп атабыз. Алар дагы оффшордук эсептерге жөнөтүлгөн. Ошентип биз бир эле компаниядан 300 миллиондон ашыкты далилдедик. 15-20 күн аралыгында иш сотко өтөт. Бул өтө оор, көп тараптуу, убакытты короткон иш. Курулуш, каржы экспертизаларын жүргүзүү керек. Эсеп палатасынын аудит текшерүү жүрдү.

Билесизби, антикоррупциялык кызматтын түзүлүшү көптөрүнүн эсин жыйды. Маселен, “Аюу” ишканасы боюнча. Бир эле суткада жалган акциз марка менен 150 миң бөтөлкө арак таптык. Бул факт ачылгандан кийин салыктардын өлчөмү үч эсе көбөйдү. Бирок мындай кылмыштар боюнча жаза өтө кичинекей. 10 миң сом айып, 2 жылга чейин шарттуу жаза. Башкача айтканда коррупциячылардын лоббиси өзүнө ылайыктуу мыйзам жасап жатат. Маселен, бул ишкана боюнча чыгымдарды кыйыр эсептегенде, мамлекеттик казынага 1 миллиард сомдой киреше түшпөй калып атат. Ошондуктан биз азыр алкоголь тармагын эмне кылыш керек деген таризде өкмөткө сунуш берип жатабыз.

"Азаттык": Башкача айтканда, коррупцияга каршы кызматта натыйжа бар деп эсептейсиз?

Атаханов: Натыйжа абдан чоң. Эгер биз чыккан продукцияларды саноо, автоматтуу түрдө эсебин аныктай турган патенттик маркаларды киргизүү сыяктуу жаңы ыкмаларды пайдалансак андан да жогору болот.

"Азаттык": Кыргыз коому жердешчилик, тууганчылык өңдүү системага негизделген. Жөнөкөй мисал: жакында эле элетке барып келдим, бир таанышым айтат: иштей албай жаткан катардагы милиция кызматкерин бошотолу десек бир депутат чалыптыр, эми ушуну эле көрүп калдыңарбы деп. Бул өңүттөн алганда коррупцияга аралашкан адамдардын баарын кармап, соттоо коом тарабынан тоскоолдуктарга учурабас бекен?

Атаханов: Бул өтө оор нерсе. Эгер саясий эрк болсо, иш уланат. Албетте, дароо ишке ашпайт. Бирок жасалган иштер, райондо облуста прокурорлордун, соттордун, салыкчылардын, акимдердин, орун басарлардын кармалышы көптөн кабар берет. Бул күрөш уланат дегенди билдирет. Коомчулуктун басымын кыйгап өтүү да мүмкүн эмес. Бул өтө татаал иш.

"Азаттык": Бир катар саясатчылар жана эксперттер коррупцияга каршы күрөш коопсуздук кызматтарынын иши эмес экендигин, чекисттердин башкы миссиясы өлкө коопсуздугун жана эгемендигин коргоо экенин эскертип жүрүшөт. Мындай ойлорго кандай комментарий бересиз?

Атаханов: Коом ушундай ыкманы, механизмди тандап алды. Президент муну менен Коопсуздук комитети иштесин деп чечти. Бул биздин бүгүнкү жашоо койгон шарт. Мамлекеттин коопсуздугунун маанилүү өңүтү - коррупцияга каршы күрөш. Албетте бул көнүмүш иш эмес. Бирок биз өз өлкөбүздө жашап жатабыз, чечимди өзүбүз кабыл алабыз. Каржы полициясы жоюлду, себеби ал коррупциялашкан. ИИМ уюшкан кылмыштуулук менен иштейт. Ошондуктан аздыр-көптүр даярдыгы бар коопсуздук комитети болуп калды.

"Азаттык": Антикоррупциялык кызматтын миссиясы качан бүтөт?

Атаханов: Ал уланып, өркүндөшү керек. Ал коомго, өкмөткө моделди бериш керек. Жарым жолдо токтоого болбойт, себеби айрым кылмыштарга байланыштуу басым болуп абдан күчтүү. Маселен, “Альфа-Телекомду” караңыз. Таланттуу, жаш жигиттер деп, коом кандай көтөрүлдү. Аны ким танып атат? Алар мамлекеттик мүлктү натура пайдаланып, анын артында өтө чоң адамдар турушат. Митингдерди, каршылыктарды уюштуруп атышат. Ага туруштук берүү оңой эмес.

"Азаттык": Анда эмне алар кимдир бирөөнүн курмандыгы болдубу?

Атаханов: Алар мамлекетти алдаса болот деген өздөрүнүн жаңылыштыгынын курмандыгы болуп атышат.

Чекисттин аброюн кантип көтөрсө болот?

"Азаттык": Эмки кебибиз чекисттин барк-баасы жөнүндө болсун. Эшбаевдин, Физиевдин өлүмү, комитеттин кызматкерлери катышкан мушташтар, маселен, жакында курсанттын сабалышы сыяктуу фактылар, албетте чекисттердин аброюна доо кетирбей койбойт. Эмне үчүн ушундай көрүнүштөр болуп жатат?

Атаханов: Эшбаевдин өлүмү - кайгылуу окуя. Ага Коопсуздук комитети катышкан эмес. Бул ишти прокуратура тергеп жатат. Биз суицид деп эле болжоп жатабыз. Акыркы тыянакты тергөө чыгарат.

Айбек Эшбаев

Айбек Эшбаев

Физиевдин иши сотто, күнөөлүүнү сот аныктайт. Бирок мен бизде "периштелер" иштейт деп айта албайм. Биздин бүгүнкү максатыбыз - коопсуздук кызматкеринин таза аброюн калыбына келтирүү. Бул жеңил эмес. Эки ыңкылап кадрдык курамга, кызматкерлердин иш сапатына өзүнүн олуттуу изин калтырды.

"Азаттык": Кадрлар жетиштүүбү?

Атаханов: Жетпейт.

"Азаттык": Эмне кылуу керек?

Атаханов: Иштейбиз, кадр тандоо системасын өзгөртөбүз.

"Азаттык": Ооба, сиз системаны өзгөртөбүз деп атасыз. Оппоненттериңиз, саясатчылар, эксперттер Коопсуздук комитетинде реформа жасалбай жатат деп айтып атышат. Сиз бул тармакты реформалоонун кандай өңүтүн көрүп турасыз?

Атаханов: Биринчи кезекте кызматкерлерди даярдоонун жергиликтүү системасын калыптоо керек. Эгемендикке 20 эле жыл болду. Биз чалгындоо, контрчалгындоо, терроризмдин табияты, өзгөчөлүктөрү, оперативдүү-издөө ишмердиги боюнча өзүбүздүн окуу китептерди түзө элекпиз. Методикалык материалдардын бардыгы Советтер Союзунан калган. Ошондуктан биздин азыркы башкы милдетибиз жана жасап жатканыбыз – өзүбүздүн мектепти, мамлекеттик коопсуздук кызматынын эгемен окутуу системасын куруу.

"Азаттык": Ушундан улам менде дагы бир суроо. Сиз Советтер Союзун эске салдыңыз. Коомчулукта Кыргызстандын Коопсуздук кызматы азыр деле постсоветтик башка өлкөлөрдүн катарында Орусиядан, Федералдык Коопсуздук кызматынан көз каранды деген кеп бар. Ушул өңүттөн алып караганда Коопсуздук комитети Орусиядан көз карандысыз, эч кандай буйруктарды аткарбайт деп ишенимдүү айта аласызбы?

Атаханов: ФСБ же башка чалгындардын тиешеси бар деген сөздөр – көбүнчө жоромол. Негизи Кыргызстанда 14 атайын кызматтардын өкүлдөрү расмий иштешет. Турмуштагыдай эле ар бир өлкө башкалар жөнүндө көбүрөөк билгиси келет. Ошондуктан алар өздөрүнүн иштерин жүргүзөт. Биздин милдет – алардын мамлекеттик сырыбызды билип алышына жол бербөө. Ошондуктан биз ШКУ, ЖККУ, башка өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтыктын алкагында келишим түзгөнбүз.

Атайын кызматтар менен өзүнчө келишимдерибиз бар. Мындай ар тармактуу эриш-аркак кызматташтык зарыл. Ансыз мисалы, терроризмге, аймактык же диний экстремизмге каршы күрөшө албайбыз. Тилекке каршы эриш-аркак кызматташтык Кыргызстандын кызыкчылыктарынан чегинүү катары кабылданып калууда. Эч качан андай болбойт. Биз эгемен өлкөбүз. Биздин кызмат улуттук коопсуздукту сактоого багытталып түзүлгөн.

Таарынгандар ооган лагерлеринде

"Азаттык": Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан чоң державалардын геосаясий максаттарынын чордонунда турат. Бир жагынан диний негизде олку-солкулукка апкелчү жагдайлар бар деп эл аралык деңгээлде сөз болуп келатат. Кыргызстандын эгемендигине, коопсуздугуна таасир эте турган кандай коркунучтарды атайт элеңиз? Эмнеден сактанып, эмнени алдын алышы керек?

Атаханов: Биринчи кезекте – Кыргызстанга таарынычы барлар тарабынан жасала турган ыктымалдуу теракттар. Мына бизде кайгылуу окуялар болду. Далайлар жабыркады. Айрымдары таарынычын ичине катып, Ооганстандагы лагерлерге кирип кетишти.

Биз кимдин кандай ою барын билебиз, ошондуктан ага жол бербөөнүн чараларын көрүп жатабыз. Бирок мындай коркунуч бар. Чоң өлкөлөр, маселен, ушул факторду пайдаланып, Кыргызстанга таасир этүүнү каалашы мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан Кыргызстан аймагына террордук чабуулдардын жасалышына жол бербеш – биздин милдет.

"Азаттык": Кантип?

Атаханов: Чалгындоо иштерин күчөтүү, башка өлкөлөр менен эриш-аркак иштешип, маалымат алмашуу аркылуу. Ар бир өлкөнүн башка өлкөлөр менен пикир келишпестиги да, алакалары да болот. Ошону пайдаланып, Кыргызстанга пайдалуу маалымат топтоого болот. Бул татаал, ошол эле мезгилде терроризм коркунучтарын болтурбоо жаатындагы Кыргызстандын майнаптуу саясаты.

"Азаттык": Сиздин мекемеде өлкө аймагында тыюу салынган террорчул-экстремисттик диний уюмдардын тизмеси болуш керек эле. Азыр алардын саны канча?

Атаханов: Сегизге жакын. Маселен, Мун чиркөөсү, "Хизб-ут Тахрир", "Таблиги жамааты", Ислам кыймылы биримдиги (СИД), "ал-Кайида" жана башкалар.

"Азаттык": Сиз ушу тыюу салынгандардын ичинен Кыргызстан үчүн эң эле коркунучтуусун атай аласызбы?

Атаханов: Биз үчүн, мисалы, абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм – "Хизб-ут Тахрир". Ал акыркы жыйырма жылда бутунан туруп, өз тармагын түзгөнгө жетишип алган. Ошондой эле Ооганстан аймагында түзүлүп, жайгашып турган ислам кыймылы биримдигине тынымсыз, өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы бар.

Апрель, июнь окуяларындагы көзгө атарлар кайда?

"Азаттык":
Июнь коогасына эки жыл болгону калды. Бирок араздашкан тараптар ортосунда кайра от тутантууга кызыкдар тараптар бар деген сөз жүрөт. Бул канчалык чындыкка жакын? Улут аралык кастыкты тутантууга бөгөт коюу үчүн эмне чаралар көрүлүүдө?

Атаханов: Биринчиден, биз коомдун маанайына байкоо жүргүзүп жатабыз. Карама-каршы тараптын агрессиялык маанайы канчалык реалдуу? Бүгүн акырындык менен тынчтык орноп, июнь окуясындагы катачылыктын маани-маңызын түшүнүү пайда болуп атат деп айтса болот. Негизи окуя кыргыз жерине от жаккысы келген саясатчылардын таасиринен болгонун түшүнөсүз. Ал жерде кылмышкерлер да, экстремисттер да, саясатчылар да болгон. Буга баа берилип жатат.

Ушуга жалгашкан маселе, мисалы, эл, саясатчылар окуяга ким жооп берет деп көп сурашат. Мен берген жооптор туура эмес кабалданууда. Бул тергөөдө кеткен катачылыктар. Ак үйдөн маскачандар адамдарды аткандыгын биз бардыгыбыз көргөнбүз. Муну биз танбайбыз. Эмне үчүн алар кармалган жок? Алар кайда жоголушту? Бул биз үчүн да маанилүү суроо.

Мен материалдарды иликтедим. Менде хронологиясы турат, Бекназаров ар кайсы жерде билдирип келген, адегенде 11 снайперди кармадык деп июнда билдирген, андан кийин 15ти кармап, аларды баллистикалык экспертизадан өткөрүп жаткандыгы тууралуу айткан. Бул убактылуу өкмөттүн жооптуу мүчөсүнүн өзүнүн сөзү.

Мен Коопсуздук комитетиндеги бардык материалдарды карап чыктым. Бирок материалдар жок. Алар эмне үчүн убагында иликтенип, такталган эмес? Бул ошол кездеги орган жетекчилерине чоң суроо. Бүгүн болсо Атахановго Комитеттин иликтөөлөрүндө снайперлер жок дедиң деп жатышат. Мен фактыны айттым. Ак үйдөн атылган окту бүт кыргыз эли билет. Маселе башкада. Мен дагы ушул суроону тиешелүүлөргө, анын ичинде Бекназаровго бергим келет: эмне үчүн материалдар жок?

"Азаттык": Суроо бердиңизби?

Атаханов: Мен сураган жокмун. Андан сотто сурашты. Бир-бир жарым ай мурда материалдар кайда, эмне үчүн жок деп сурашты. Бизде алар жок. Мен өзүмдүн мекемем үчүн жооп берем.

"Азаттык": Мен бул суроону берейин деп аттым эле, өзүңүз козгоп калдыңыз, көзгө атар мергендер жөнүндө эки ача пикир жүрөт. Чынында эле апрель, июнь окуяларында мергендер, анын ичинде чет өлкөдөн жалданып келгендер болгонбу же болгон эмеспи, конкреттүү айта албайт экенсиз да?

Атаханов: Мен тергөөнүн башында турган адам катары колдогу материалдардын негизинде гана айта алам. Атылганы белгилүү, тасмага түшкөн, токсонго жакын киши коркконунан өлгөн жок да, алар октон өлүштү. Ал жөнүндө тартип коргоо кызматтарын көзөмөлдөгөн жооптуу адамдар билдирүү жасашкан. Бирок мен сакталып калган материалдар боюнча жооп берүүгө мажбурмун. Снайперлерге байланышкан материалдар эмнегедир Коопсуздук комитетинде жок болуп чыкты. Эмне үчүн элдин баары көргөн снайперлерди кармашкан эмес? Алар кайда? Бул – башкы суроо.

"Азаттык": Кийинки талылуу маселе - апрель-июнь окуяларында элдин колуна өтүп кеткен куралдар. Алардын көбү кайтарылбай турат. Күч жетпей жатабы же каражатпы?

Атаханов: Проблема бар. Бул - тартип коргоо тармагынын алсыздыгы, кесипкөйлүк жетишпей жатат. Колунда куралы барлар менен ишти тереңдетүү керек. Экинчиден, курал тапшыргандар үчүн акыны көбөйтүү керек окшойт. Азыркы баа абдан төмөн.

"Азаттык": Сиз жана да бир аз козгоп кеттиңиз. Тереңирээк токтолсоңуз, терроризмге, экстремизмге каршы күрөштүн бүгүнкү абалы кандай?

Атаханов: 2011-жылы, быйыл ушу убакка чейин 22 кылмыш ишин козгодук. Өзгөндөгү операция ийгиликтүү болду, жардыруучу заты бар террордук топ жок кылынды. Январда болсо качууга аракет кылган “Жайшүн махди” террорчул уюмунун өкүлдөрү табылды. Алардын баары кармалышты.

Терроризм бул – жалпы каскак. Террорчуну кармоо үчүн техникалык мыкты жабдуу керек. Өкмөт менен Жогорку Кеңешке ыраазыбыз. Алар терроризмден коргонуучу техникаларды алууга каражат бөлүп беришти. Алар – радиоканалдардан террорчул аракеттерди тосуп алуучу, жардыруулардан коргоочу жана аларды аныктоочу каражаттар. Биз заказ бердик. Жардыргыч заттарды табуучу жана аныктоочу криминалистикалык лаборатория түзүп, жабдып атабыз.

Комитет тыңшайт, маалымат коопсуздугун коргойт

"Азаттык": Ушундан улам тыңшоочу аппараттар жөнүндө да сурагым келип жатат. Бакиев бийлигинин тушунда жогорку технологиядагы тыңшоочу аппараттар алынып келингендиги, аны мыйзамдаштыруу аракеттери коомчулукка белгилүү. УКМКнын техникалык жабдуу деңгээли азыр кандай?

Атаханов: Биз бүгүн башкача жайгдайда жашап жатабыз. Парламентаризм бардык бийлик бутактарын бири-бирин карап туруусун шарттайт. Бир да бийлик одоно мыйзам бузууга барбайт. Бул жерде жарандар утуп атышат. Себеби саясий аңдуу жок, ал мүмкүн эмес. Тыңшоо мыйзамдын негизинде гана, сот макул болсо ишке ашат, макул болбосо – жок.

"Азаттык": Сөзүңүзгө аралжы, сиз тыңшабайт деп, жаранды, мисалы, мени кантип ынандыра аласыз?

Атаханов: Анда эртеби-кечпи, мени камашат. Ал жерде ондогон, жүздөгөн кишилер иштешет, алар кантип маалыматты ката алышат. Инструкцияга негиздебей, туура эмес санкция берип, өзүн эч ким салып бергиси келбейт да. Бул - кылмыш.

Ошентип, экинчи айтайын дегеним, биз СОРМ боюнча чечим кабыл алдык. Бул оперативдүү иш-чаралардын мыйзамдашкан системасы. Жогорку Кеңешке кайрылдык, өкмөт колдоду. Мунун жоопкерчилиги Коопсуздук комитетинде болот. Буга чейин болгон эмес. Тыңшоочу аппаратураларды менчик фирмалар, айрым уюмдар алып келип атышат. Бакиевдин убагында тыңшоочу аппаратуралар Коопсуздук комитетинде эле эмес, Мамлекеттик күзөт кызматында да болгон. Анын бир бөлүгү Коргоо министрлигинде болгондугу тууралуу да оперативдүү маалымат бар. Башкача айтканда колунан келгендин баары тыңшоочу аппарат менен жабдылган. Эгер СОРМ кабыл алынып калса, жоопкерчилик бир гана органда болуп калат.

"Азаттык": Кантип көзөмөлдөйсүңөр?

Атаханов: Мыйзамдын негизинде. Лицензиялоо жүргүзүлөт. УКМКга милдеттендирилсе, УКМК гана ишти алып барат. Сиз жанараак берген суроого кайрылсак, маселен, террордук чабуулдардын 60-80 пайызы телефон тыңшоолор аркылуу кармалат. Бул эми терминдерди аныктоочу атайын компьютердик программа аркылуу ишке ашат. Бул бүтүндөй бир татаал илим. Дүйнөдөгү бардык атайын кызматтар дал ушул программа аркылуу иштешет.

"Азаттык": ШКУнун Астана жыйынында интернет-агрессиядан коргоочу киберпол сыяктуу орган түзүү демилгеси көтөрүлдү. Интернет аркылуу бизде кандай ыктымал коркунучтар бар?

Атаханов: Абдан чоң коркунучтар бар. Бүгүн Кыргызстанга каалаган блоггер, программист каалаган программа аркылуу адамдардын психологиясына, жүрүм-турумуна таасир этүү үчүн каалаган максатта кире алат. Сиз жакында эле премьер-министрдин Казакстандын өкүлү менен сүйлөшүүсүнө күбө болдуңуз. Бул карандай жасалма.

"Азаттык": Текшердиңиздерби?

Атаханов: Жок, биз азыр текшерип жатабыз. Бирок психоаналитиктердин тыянактарына караганда, бул даана эле жасалма материал. Бул бир нече өлкө аркылуу келген. Биздин өкмөттү ким жаманатты кылып, ага ким таасир этип жатканын билишибиз керек да. Бул бир гана чабуул. Эгер мындай бир нече чабуул болсочу? Мындай чабуул ар бир кишиге каршы коюлушу мүмкүн. Анда кандай кылабыз? Маалымат коопсуздугунун системасы болушу керек. Кээ бир маалымат каражаттары сөз, ой эркиндигин чектегени жатат деп атышат. Ал мүмкүн эмес.

Бирок Брейвик 90 кишини өлтүргөндөн кийин жарандарды коркунучтардан сактоо керек деген маселени Норвегия ойлонуп калды. Брейвик аммонит, аммоний сыяктуу жардыргыч зат жасачу элементтерге интернет аркылуу заказ берген. Ошондуктан Кыргызстан Маалымат мейкиндигин коргоо жөнүндө мыйзам чыгарышы керек.

"Азаттык": Сиз маалымат коопсуздугу боюнча концепция жөнүндө айтып жатасызбы?

Атаханов: Ооба. Экөө бир эле.

"Азаттык": Анда ошол концепциянын өзөгү тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
Бир эле суткада жалган акциз марка менен 150 миң бөтөлкө арак таптык. Бул факт ачылгандан кийин салыктардын өлчөмү үч эсе көбөйдү.

Атаханов: Маалыматты коргоо көп элементтерден турат. Кеңири белгилүү түрлөрүнүн бири – сөздү коргоо. Медиа ушуга тынчсызданып жатат. Маалымат каражаттарын коргоо мыйзамы иштелип чыккан, аны эч ким буза албайт. Мындан тышкары маалымат-техникалык коргоо бар, башкача айтканда телеканалдарды коргошубуз керек. Же биз кантип башка өлкөлөрдүн маалымат кызматтары биздин мейкиндикке кирип кетишинен коргонобуз. Башкача айтканда, бул көп аспекттүү маселе.

"Азаттык": Ошондой болсо да, сүткө оозун күйгүзгөн айранды ууртап ичет дейт. Буга чейин ар кандай шылтоолор менен журналисттерге, медиага көп жолу чектөөлөр болгон. Анын ичинде “Азаттык” да бар. Албетте бүгүн салыштырмалуу эркиндик бар. Ошентсе да, Концепция кабыл алынгандан кийин маалымат каражаттарында эркиндик сакталат деген кандай кепилдик бар?

Атаханов: Билесизби, компьютердин маалыматтык мүмкүнчүлүгү ар бир 18 айда алмашып турган. Азыр 6 айда бир алмашып калды. Маалымат мейкиндиги тез алмашып жатканда коргонуу системасы өтө ийкемдүү болушу шарт. Дагы бир жолу айтайын, сөз эркиндигин эч ким чектебейт, ал алкакты эч ким бузбайт, бирок адамды басмырлап, сөз менен өлтүрүп атса, эгер, калп башка өлкөдөн максаттуу түрдө башкы адам ресурсуна багытталып келип жатса, анын тең салмактуулугун жоготуп, кандайдыр бир аракеттерге чейин көтөрүп жатса, биз коргонушубуз керекпи же жокпу, кандай дейсиз? Элди мындайдан коргообуз керек.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

Атаханов: Сизге да рахмат, бакыбаттык болсун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG