Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

“Арай көз чарай» талкуусунда бул жолу борбор шаардагы бейбаштыктан тарта терракт коопсуздугуна чейин сөз болмокчу.

Студиянын коноктору: Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов, Бишкек шаардык мэриянын алдындагы «Бишкек свет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмил Тулкиев жана шаар тургуну Мавлюда Сеиталиева.


"Коопсуз шаар" жана "коопсуз жол"

«Азаттык»: Шаардагы мыйзам бузуу фактылары, кылмыш иштери боюнча тенденция кандай, кылмыштар өсүп атабы, же азайып атабы?

Капар Батырканов: Былтыр азыркы министрибиздин демилгеси менен шаардагы коопсуздукту сактоо боюнча «Коопсуз шаар» деген пилоттук долбоор түзүлгөн, ал 5 пунктан турат. Ага ылайык, 14 көчөнүн кесилиштерине, мектептерге видео аркылуу байкоо салуу, райондук ишканаларды компютерлештирүү боюнча иштер жүргөн. Быйыл ошонун баарын эсептеп, 4-августта «Коопсуз жол» деген пилоттук долбоор башталган.

Шаар тургундары милицияга, МАИ кызматкерлерине көп нааразы болуп атышат. Ушуну башкача кылалы деген ой менен жасап атабыз. Шаарды 40 чарчыга бөлгөнбүз, ошол жерге бизде 40ка жакын унаалар чыгып атат. 102 телефонуна чалганда биздин кызматкерлер түз жеткендей болсун деп атабыз. Жөн эле командирлер барып текшербесин деп, ЖПС навигация койгонбуз.

«Азаттык»: Шаардагы кылмыш иштери көбөйүп баратканынан улам ушундай долбоорлорду киргизүүгө мажбур болуп атасыздарбы?

Капар Батырканов: Заман өзгөргөнүнө жараша бул иштерди жасап атабыз. Шаарда 195 светофор бар, ошонун баарына видео фиксация койгонбуз. Өнүккөн өлкөлөрдө МАИ кызматкерлери турбайт көчөлөрдө, видео аркылуу гана көзөмөлдөшөт. Коррупциядан алысырак болсун деп атабыз.

«Азаттык»: Бейбаштык, талап-тоноочулук, каракчылык, зордуктоо сыяктуу фактылар боюнча быйыл тенденция кандай?

Капар Батырканов: Быйыл анча-мынча өсүш бар. Бул милициянын иш аракетинен эмес, өлкөбүздөгү абалдан болот. Эгер тынч абал болсо кылмыштуулук азая баштайт.

«Азаттык»: Адатта кылмыштардын көпчүлүгү түн ичинде, караңгы жерлерде болот деп айтылат. Бишкек көчөлөрүнүн канча пайызы жарыктандырылган. Эмне себептен Бишкекти жаркыратып коюуга мүмкүн эмес?


Жарык жетпеген көчөлөр


Эмил Тулкиев: Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн жарыктандыруу иштери 50-жылдардан эле башталган. Азыр 60 пайызга жетпеген көчөлөр жарыктандырылган. Бизде шаардын баарын жарыктандырып коёлу деген оюбуз бар. Бирок каражатка жараша шаардын баарын жарыктандырганга мүмкүнчүлү жок. Бизде борбор көчөлөр жакшы эле жарыктандырылган.

«Азаттык»: Мавлюда айым, сиз кечинде бала-чакаңызды көчөгө чыгаргандан коркпойсузбу, өзүңүз шаар кыдырасызбы?

Мавлюда Сеиталиева: Мен жашаган тарапта электр жарыгы жок. Ошондуктан балдарды чыгаргандан коркосуң. Кечинде келатканда чөнтөк телефон менен чалып, бири-бирибизди тосуп алабыз. Жакында сиңдимдин баласынын телефонун алып коюптур, көчө караңгы, ким экенин көрбөй калыптыр.

«Азаттык»: Коопсуздукка жалгыз эле милиция эмес адамдардын өздөрү да кызыкдар болуш керек деп Капар мырза айтып кетти. Мисалы короодо чоочун киши жүрсө милицияга билдиресиздерби?

Мавлюда Сеиталиева: Милицияны көп адамдар жактырбайт. Жакында кошунабыздын үйүнөн акчасы жоголуптур. Милицияга чалбайсыңбы десем, мен кошуналарга чыктым дейт. Биринчи кезекте милицияга чыгыш керек эле да.

«Азаттык»: Адамдар өздөрү чалып, айтып, кылмышкерлерди кармаганга жардам берген учурлар барбы силердин тажрыйбаңыздарда?

Капар Батырканов: Андай фактылар көп болот. Биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Азыр ар бир бизге түшкөн телефон чалуулар бизде текшерилет. Азыр күч бар, 3 нөөмөт менен 8 сааттан иштейт.

«Азаттык»: Шаардын баарын жарыктандырууга канча каражат кетет? Планда барбы мынча пайызын мынча жылга чейин жарыктандырабыз деген?

Эмил Тулкиев: Шаардын баарын жарыктандырыш үчүн көп каражат керек. Бишкек шаарынын бюджетинин көбү социалдык жака каралат. Андан канча акча артса жарыктандырууга жөнөтүлөт. Ошонун негизинде бизде акча азыраак болуп атат.

«Азаттык»: Былтыр Бишкекте жардыруу фактылары катталды. Эл көп чогулган жерде, майрамдарда адатта милиция күчөтүлгөн тартипте иштегенге өткөнү кабарланып калат. Алар кандай иштешет, коопсуздукту күзөткөнгө кандай кошумча чаралар көрүлөт, былтыркыдай жардыруу коркунучтары болуп кетпейби деген да чочулоолор бар, ушуга негиз барбы?

Капар Батырканов: Милиция күчөтүлгөн тартипте майрамдарда иштешет, шаардын парктарында, стадиондо, киши көп чогулган жерлер текшерилет жана ал жерде турган патрулдар бар.

«Азаттык»: Адатта Кыргызстанда каражат жетпегенде эл аралык донор уюмдар жардам берип келет. Сиздерге да кайрылгандар болдубу инфраструктураны жакшыртууда. ЕККУ Ошто, Жалал-Абадда көчөлөрдү жарыктандырууда жардам берип жүрөт.

Эмил Тулкиев: Азыркы учурда андай жардам жок. Жалаң эле бюджеттин акчасы менен каралып келатат. Бирок келечекте ошондой ойлор бар.

«Азаттык»: Эмил мырза, соңку ирет кечинде, түн ичинде көчө аралап бастыңыз беле?

Эмил Тулкиев: Күнүгө басма, бул менин жумушум.

«Азаттык»: «Коопсуз шаар» деген долбоордо бир пункт бар экен түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат деген. Бул өзүн-өзү актабаган чара деп айтып атышат. Анткени 80-жылдары да ушундай болгон, анда өзүнчө жашырынып спирт ичимдиктерин саткан жайлар пайда болгон. Бул коопсуздукка чын эле жардам береби?

Капар Батырканов: Коопсуздукка жардам берет. Той болгондо спирт ичимдиктери жок болсо, эшикке дүкөнгө 100 грамм ичем деп чыгат, ошол жерден согуш-уруш болуп кетет. Чоң дүкөндөр менен сүйлөшсөк, алар жаап коёбуз дейт. Жаш балдар спирт ичимдиктерин албасын деген да кирген долбоорго. Ал дароо болбойт экен. Ага убакыт керек, мониторинг өткөрүш керек экен.


Мектеп рэкетчилигин кантебиз?


«Азаттык»: Жаңы окуу жылы башталды, мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү үчүн кандай чараларды көрүп атасыңар?

Капар Батырканов: Шаарда былтыр окуу жыл аягында директорлор, милиция кызматкерлери чогулуп жаш өспүрүмдөр менен иштеген. Быйылтан баштап 4 мектепте долбоор жасап атабыз. Мектептин ичинде балдар жөн жүрбөсү үчүн спорт, кол өнөрчүлүккө үйрөтөлү дегенбиз. Мектеп рэкетин класстын мугалиминен баштап директорго чейин катып, көрсөтпөгөнгө аракет кылышчу. Азыр директорлор менен сүйлөшүп, коркпой алып чыккыла педсоветке, телевидениеге тарттыралы, элге көрсөтөлү деп сүйлөштүк.

«Азаттык»: Милициянын колуна түшкөндөн көрө бандиттин колуна түшкөн жакшы деп көп айтышат. Анткени бандит акчасын алып алат, бирок тийбейт деп. Милиция чөнтөгүн кагат, сабайт, анысы аз келгенсип алып барып камайт дейт. Ушул сөздөр канчалык негиздүү. Мисалы базарларда чөнтөкчүлөрдү милициялар өздөрү калкалап, үлүшүн алып турат деген сөздөр бар.

Капар Батырканов: Баарын факты менен айтыш керек. Биз милицияны өз ичинен тазалайбыз. Экинчиден, айта турган кишилер айттырып атат анын баарын.

«Азаттык»: Мавлюда айым, коопсуздукту толугурак көзөмөлдөш үчүн дагы кандай чаралар керек деп ойлойсуз шаар тургуну катары. Эмнелер жетишпей атат?

Мавлюда Сеиталиева: Милиция кызматкерлери катуу тартипти сакташса. Биз илгери милицияны алыстан көргөндө эле коркуп, сезип турчубуз. Азыр милиция өтүп баратканда ичип аткандар ичип эле отура берет жол боюнда. Жаш балдар да коркпой калды. Катуурак болсо милицияга ата-энелер деле кийин рахматын айтат. Мамлектибизде да катуу тартип болбосо жакшы болбойт.

Капар Батырканов: Союз учурунда Коммунисттик партия, комсомол, элдик көзөмөл бар болчу, баары катуу карачу. Ата-энелер балдарын да туура тарбиялаш керек.

«Азаттык»: Шаарда кооптуу делген райондор барбы?

Капар Батырканов: Андай катуу бөлгөн болбойт. Көзөмөл шаардын борборунда болот, ошондой эле кичирайондордо болот. Азыр 30га жакын милиция бөлүмчөлөрүн ачыш керек, өз конушундагы милицияга баргандай болуш керек тургундар.

«Азаттык»: Чоң рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG