Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

А. Медетбеков: Жардыруу аракеттери бул – коркутуп-үркүтүү


Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 11-июлу.
Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 11-июлу.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Бишкекте жардыргыч зат табылышын табышмактуу сыр деп баалайт.

“Азаттык”: Буга чейин, 30-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанында жардыруу болду. 25-декабрда болсо Бишкектеги ички иштер башкы башкармалыгынын алдына, милицияны каратып туруп жардыргыч заттар тагылган унаа таштап кетип атышат. Эксперттер мындайды өлкөнүн коопсуздук системасын жакшы билген адамдар жасашы мүмкүн деп атышат. Сиз кандай ойдосуз, алар кимдер болушу мүмкүн, кандай версиялар бар сизде?

Артур Медетбеков: Эми ачыгын айтыш керек, бул жерде Американын жаранын беткапчан, камуфляж кийген беш адам коркутуп-үркүтүү жолу менен тапанча такап туруп машинесин уурдап кетишкен. Анан 8-10 сааттан кийин ал машине жардыргыч заттары менен Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) алдынан чыгып атпайбы.

Бул жерде эми версиялар абдан көп болуп атат. Себеби бул өзүнчө эле табышмактуу сыр болуп атпайбы. Кандайча эле уурдалган, издөөдө жүргөн машине 10 сааттан кийин жардыргыч заттар тагылып, ИИББнын алдына барып калды? Себеби, эгер муну диний экстремисттик же террордук топтор жасаган болсо, булар абдан тажрыйбасыз. Анан экинчиден, алар өздөрүнүн башын салган адамдар катары бул жерде туура эмес иштерди кылышкан деген ойлор пайда болуп атат.

Эгерде алар чындап эле жардыра турган болсо, ошол жердеги ИИББнын кызматкерлерине зыян келтиребиз деген ойлору болсо, анда алар башка убакытты пайдаланып, башка жагдай, башка ыкма менен да колдонуп жасашы мүмкүн болчу. Ошондуктан бул жерде коркутуп-үркүтүү болуп атат деген ой пайда болуп атат биринчиден. Экинчиден, мунун аркасында өзүнчө табышмактуу, өзүнчө уюштургуч топтор пайда болуп, ошолор кандайдыр бир деңгээлде ушундай сырдуу операцияларды жасашы мүмкүн деген версиялар пайда болуп атат.

“Азаттык”: Булар тышкы күчтөр болушу мүмкүнбү же ичкиби? Экстремисттик, сепаратисттик топтор тууралуу айтылып атты эле.

Артур Медетбеков: Бул жерде табышмактуу сыр пайда болуп атат. Анткени булар тез арада эле жардыргыч заттарды алып келип, анан издөөдө жүргөн машинени ИИББнын алдына коюп, анан милициялар чыга калса үч бала качып кетип атпайбы. Эми бул жерде карап көрсөк сырткы күчтөр эмес, ички күчтөр деген ишенич көбүрөөк болуп атат. Же ички күчтөрдү кандайдыр бир деңгээлде сырткы уюштургуч күчтөр пайдаланып, ушуларга атайын тапшырма берген деген дагы өзүнчө бир версия чыгып атат.

“Азаттык”: Сиздин кесиптешиңиз Мирослав Ниязов коопсуздук системасынын мындай кейиштүү абалга келгенине мурдагы бийликтер себепчи болгонун айтып атат. Сиз ошол бийликтер тушунда коопсуздук кызматынын тутумунда жүрдүңүз да. Чындап эле эски бийликтер учурунда коопсуздук кызматтары өз функциясын аткарбай, ошол учурда эле кейиштүү абалга келип калган беле?

Артур Медетбеков: Мындай жардырууларды эске салсак, мурдагы бийликтер тушунда 2002-жылы 27-декабрда ушундай эле жардыргыч заттарды пайдаланган жардыруу болгон. Себеби террордук топтор АКШ элчилигин, анан “Пинара” мейманканасын жардырабыз деп аракет кылып, ал жерде болбой калган, ишке ашпай калган. Анан алар жардыргыч затты “Оберон” базарына алып барып буюмдарды сактоочу жайга коюп, ошол жерден жардыруу иштерин өткөргөндөн кийин бир нече кишилер өлүп, көп кишилер жарадар болгон.

Эгер азыркы убакты ала турган болсок, ошондой эле иштер кайталанып атат. Жардыргыч заттар коюлуп, спорт ордосунун астында жарылды. Ош шаарында шектүүлөрдү кармоо учурунда жарылып кетти. Азыр болсо ИИББнын алдына жардыргыч заттарды коюп кетишкени өзгөчө табышмактуу болуп атат. Эгер жардыргысы келсе башка жерде эле жардырып, көп зыян, жаракат кылмак. А бул жерде кокутуу-үркүтүү иштери жүрүп атат. Ал эми биздин коопсуздук кызматтары чынын айтыш керек, бардыгына жетише албайт. Анын үстүнө террорго, диний экстремизимге, жардыруу иштерине байланыштуу атайын адис кызматкерлердин, чыныгы профессионалдардын саны аз болуп саналат. Кийин дагы көбү башка жумуштарга кетип калышты.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG