Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Ошто кармалгандар Сирияда машыгып келгенби?


Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктарга түспөлдөш адамдар.
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктарга түспөлдөш адамдар.

Ош шаарында Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалып, сурак берүүдө.

Шектүүлөрдүн унаасынан колдо жасалган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын айрымдары Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. Учурда аларга карата бир нече беренелер боюнча айып тагылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кармалгандар Кыргызстанда бир нече террористтик аракеттерди пландап жатканы аныкталганын айтты:

- Атайын операциянын жүрүшүндө Ош облусунун алты тургуну кармалды. Алардын ичинен бир нечеси Сирияда атайын аскердик даярдыктан өтүп, ал жакта согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталды. Калгандары жергиликтүү криминалдык топтордун мүчөлөрү болуп чыкты. Кармалган топ Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатышкан. Ал үчүн колунда бар адамдарды тоноону пландап жүрүшкөн.

Ошентип Ош облусунун Кара-Суу районунда бирөөнүн үйүн тоноого барган жеринен кармалган топ террордук аракеттерди ишке ашырууга даярдык көрүп жатат деп шектелүүдө. Топтун мүчөлөрүнүн көбү Ош шаарынын тургундары. Алардын эң улуусу 33, кичүүсү 21 жаштагы жигиттер.

Кармалгандардын бири Сириядагы лагерлердин биринде атайын аскердик даярдыктан өтүп келгенин мойнуна алды:

- Мен 8-сентябрда Түркияга учуп барганмын. Бизди бурадарлар тосуп алып, Сириянын чек арасына чейин жеткиришти. Биз Сириянын чегине киргенден кийин Аль Бухари жамаатынан атайын адамдар келип, өз борборуна алып барды. Ал жамааттын эмири Салафиддин ажы Юсуфтун 150-200дөй адамы менен кошо курал атуу боюнча даярдыктан өттүк.

Шектүү Сириядагы Ибрагим атуу кол башчыдан Кыргызстанда кандай аракеттерди көрүү боюнча атайын тапшырма алып келгенин айтып, сурактагы кебин мындайча улантты:

- Ибрагим бизге Кыргызстанга барып, каражат чогултуп жарымын Сирияга жөнөтүп, жарымын Кыргызстанда курал-жарак топтоого жумшайсыӊар деген тапшырма берген. Баары ойдогудай болсо топ түзүп, Кыргызстандын аскердик бөлүктөрүнө кол салууга ниеттенгенбиз.

Колго түшкөн алты жаран учурда Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Тергөө иштерин мындан ары жүргүзүү вазыйпасы Ош облустук ички иштер башкармалыгына жүктөлүп, материалдар өткөрүлүп берилген.

УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов кармалгандарга каршы бир нече беренелер боюнча айыптар тагылганын айтат:

- Курал-жарак сактоо, тоноо, террордук ишмердүүлүккө коомдук чакырык жасоо, экстремисттик уюмдардын символикаларын сатып алуу, сактоо жана кылмыштуу топту уюштуруу деген айыптар коюлууда.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин Байкоочулар кеңешинин мурдагы төрагасы Кайрат Осмоналиев "Азаттык" менен маегинде кармалган топ Сирияда машыгууда өткөн делген маалыматтар далилдерди талап кыларын белгилеп, буларга токтолду:

- Негизи кыргызстандыктардын Сирияга барып, даярдыктан өтүп келгени таӊ калыштуу эмес. Кошуна Казакстанда деле мындай окуялар катталып атат. Ал эми УКМК деген аябай олуттуу мекеме да. Ошондуктан УКМК мындай маалыматты жакшылап далилдеш керек.

УКМК террорчулукка шектелгендерди кылмыш кыла электе кармашкан. Бирок алар “шектүүлөрдүн аракети адам өмүрүнө коркунуч келтиргендиктен улам кылмыштын алдын алууга туура келген” деген жүйөөнү карманууда.

Соңку бир жыл ичинде Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан Сирияга аттанган жарандар тууралуу маалыматтар көбүрөөк айтыла баштады. "Азаттык" бул маселеге буга чейин да бир канча жолу кайрылган.

Шектүүлөр суракта

(УКМКнын оперативдүү тасмасы)

"Бизди Сириядан Ошко жиберишкен"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

XS
SM
MD
LG