Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Террорчу делгендердин соту токтоп турат


Беш-Күнгөй айылындагы террорчул делген топко каршы операциядан кийин, 5-январь, 2012.
Беш-Күнгөй айылындагы террорчул делген топко каршы операциядан кийин, 5-январь, 2012.

Террорчул деп шектелген “Жайшул-Махди” уюмуна байланышкан сот иши былтыр жайдан бери токтоп турат.

Мындай маалыматты террорчулардан мерт болду деген милиция кызматкерлеринин ата-энелери коомчулукка 12-мартта жарыялашты. Алар соттук териштирүүлөрдү тезинен акырына чыгарууну атайын уюштурулган маалымат жыйыны аркылуу бийликтен талап кылышты. Ал эми сот органдары бул иштин токтоп турушунда жүйөөлүү себептер барын белгилешүүдө.

Кечиккен сотко нааразы болгондор

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 39 жаштагы кызматкери Алмаз Сулайманов өткөн жылы 4-январда Бишкек шаарындагы 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн кире беришинен ок жаңылып, ажал тапкан. Аны укук коргоо органдары террорчул адамдардын колунан мерт болду деп билдиришкен.

Алмаз Сулаймановдун энеси Гүлнара Сулайманова бул боюнча сот жараяны токтоп турганына нааразы.

- Азыр бул иш сотко ашкан. УКМКда иш козголуп, сотко өткөрүп беришкен. Бирок ошондон бери соттон дайын жок. Биздин өтүнүчүбүз сотту бүтүрүп, Абдрахманов дегенди кесип берсин. Бул ишти Бакыт Кенжегулов деген кармап жатат. Ал сопсоо болуп турса да, аны оорукчан деп жатышат.

Алмаз Сулаймановдун артында үч баласы жетим, келинчеги жесир калган. Аны менен бирге милиция кызматкерлери Пиридинбай Исманов жана Самат Жээнбековдор да мерт болушкан.

Гүлнара Сулайманова бийликке карата өз талаптарын мындайча ачыктады.

- Адегенде бул балдарды жакшы эле баркташкан. Анан эле азыр көңүл бурулбай жатат. Бизге батыраак сотту чечип, ошондой эле балдарыбызга баатыр деген наам берсин.

Укук коргоо органдары милиция кызматкерлерине кол салгандар “Жайшул-Махди” террорчул уюмунун мүчөлөрү экендигин айтып, алардын экөөсүн Бишкектин түштүк жагындагы Беш-Күнгөй айылына жакын жерде жүргүзүлгөн атайын операцияда жок кылышкан. Бирөөсүн болсо тирүү кармашкан. Аталган уюмга тиешеси бар деп жалпысынан он чакты адам кармалган болчу.

Экспертизанын чечимин күткөн сот

Бул боюнча сот отуруму 2011-жылдын 1-июнунда башталып, бирок айыпталуучу Бакыт Кенжегуловдун адвокатынын өтүнүчү менен белгисиз мөөнөткө жылган.

Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев Бишкек шаардык Октябрь райондук сотундагы бул соттук жараян боюнча буларды маалымдады.

- Акыркы соттук жараян өткөн жылдын 1-июнунда болгон. Анда соттолуучу Бакыт Кенжегуловдун адвокатынан Кенжегуловго соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү келип түшкөн. Судья бул өтүнүчтү канааттандырып, экспертизанын чечими чыкканга чейин соттук жараянды белгисиз мөөнөткө жылдырган. Азыркы учурда ошол чечимди күтүп жатышат. Чечим чыгаар менен соттук жараян кайра жанданат.

Бакыт Кенжегуловдун жубайы да жолдошун дарыгерлер текшерип жатканын, ага жүйөөлүү себептер бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Мен калп ооруду деп айтпайт элем. Калп ооругандыкы билинип калмак да. Андай болсо адистер деле айтышмак.

Бул иш боюнча 11 адам айыпталууда. Аларга 2010-жылы сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулукта АКШ жаранын тоноого, ошондой эле жогорудагы милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы бар деген күнөөлөр коюлуп жатат.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул балдардын террорчулукка катышы бар экенин далилдөө кыйынга турат деп эсептейт. Анын оюнча, бул балдар күнөөсү жок эле айыпталып жатат.

- Бул иш боюнча күнөөлүүлөрдү далилдөөчү фактылар жок. Кандайдыр бир беренелерди моюндарына алдырышы мүмкүн, алдырбай койбойт. Бирок далилдер жок.

Айыпталуучулар да биринчи соттук отурумда өздөрүнүн эч кандай террористтик уюмдарга мүчө эместигин айтып, коюлган айыптарды четке кагышкан болчу.


“Жайшул-Махди” уюмунун сот иши токтоп турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG