Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети терроризмге тиешеси барларга жазаны күчөтүү демилгесин көтөрүүдө.

Антитеррордук борбор иштеп чыккан мыйзам долбоорун Кыргыз өкмөтү жаңы жыл алдында өз токтому менен бекитип, Жогорку Кеңештин кароосуна берди.

Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунда адам өлүмүнө кириптер кылган террордук аракеттер үчүн өмүр бою абакка кесүү, стратегиялык аймактарда жасалган теракттар үчүн 15 жылдан 20 жылга чейин жаза чектөө сыяктуу жоболор бар.

УКМКнын алдындагы Антитеррордук борбордун директорунун орун басары Таалай Жапаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, демилгенин көтөрүлүшүнө Ооганстандагы, Сириядагы кырдаал, кошуна Казакстан, Тажикстандагы өткөн жылкы террордук аракеттер, Кыргызстанда катталган былтыркы фактылар негиз берди:

- Мурда бизге алыс, тээтиги жакта болчу нерсе деп ойлочу элек. Мына, былтыр эле бизде эки топ кармалды. Үйүнөн көп курал, жардыргыч заттар табылды. Террордук топтордун анча-мынча аракеттери биздин мамлекетте да бар.

Коопсуздук комитетинде азыр Кыргызстан үчүн кооптуу, террорчул-экстремисттик деп саналган 13 уюмдун тизмеси бар:

- Алар 13 болду. Биз быйыл (2012-жылы – ред.) "Жайшүл махди", "Ансарулла", анан салафилердин "Тахрир жихаддык" бөлүмү, Мундун сектасы бар, ошолордун баары боюнча сотко кайрылып, тизмеге киргиздик.

Жапаров атаган уюмдардын катарындагы "Жайшүл махди" уюму Бишкектеги спорт ордосундагы жардыруу, шаардык милициянын короосунда табылган жардыргыч зат, үч милиционердин, Стрельников айылында коопсуздук кызматкеринин өлүмү, АКШ жаранына кол салуу үчүн айыпталып келатат. Бул окуялардын алгачкысы 2010-жылы катталган. Аталган окуяларга байланыштуу учурда төрт кишинин ишин Октябрь райондук соту карап жатат.

Анткен менен соттолуп жаткандардын адвокаттарынын бири Акин Токталиев Кыргызстанда терроризм коркунучу жок, ошондуктан мыйзамдарды катаалдаштыруу кажет эмес деп эсептейт:

- Чет мамлекеттен акча алыш үчүн эле бирөөлөр бейбаштык кылып, сакалчандар чыгып койсо эле алып барып тыга коюп, башка-көзгө уруп, "сен террористсиң" деп иш козгоп атышат. Терроризмди өздөрү жаратып атышат. Болгон эмес, болбойт дагы. Адамдын укугун бузуп, тебелеп-тепсеп, кыйнаганда гана терроризм башталат. Ансыз башталбайт.

Мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков, тескерисинче, мыйзамды күчтөндүрүүнү кубаттайт жана атайын кызматтардын тынчсыздануусунда жүйө бар деп эсептейт. Адистин баамында, кезинде Фергана өрөөнүнөн кыйла жарандар террорчул уюмдарга кошулуп кетип, кийин аларды жок кылуу операциялары башталган кезде Борбор Азия аймагына жашырынууга аргасыз болушкан:

- Алардын түпкү жашыруун уюмдары биздин эле Кыргызстан мамлекетинин түштүк аймактарына көп жайгашкан. Убагы келгенде алар өздөрүнүн кадамдарын жасайт.

Мындай жагдайда күрөштүү күчөтүү зарыл дейт адис.

Кылмыш-жаза кодексинде терроризм коомдук коопсуздукту бузуу, элди коркутуу, бийликти же эл аралык уюмдарды кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга мажбурлоо максатында жардыруу, өрттөө сыяктуу аракеттерди жасоо катары сыпатталган.

Укук коргоочулар мыйзамдар терроризм менен бейбаштыкты айырмалоого кудуреттүү жана бийлик ошол мыйзамдарды так аткарууга милдеттүү болушу керек экендигин эскертип келишет. Артур Медетбеков бийлик терроризмге каршы күрөш чараларын саясий же башка кызыкчылыктарга пайдаланышына жол бербеш үчүн жарандык коом, маалымат каражаттары, жалпы коомчулук активдүү байкоо жүргүзүп турушу керек дейт. Адис ошондой эле терроризм коркунучуна коом жапырт каршы турушун каалайт:

- Акыркы убакта терроризм эл аралык деңгээлдеги абдан чоң рекламалык товар болуп кетти, ошол эле Борбор Азиядагы, Кыргызстандагы кээ бир жаштар кантип кирип кеткенин билбей, кээ бир учурда аргасыздан террористтик уюмдарга өздөрү жардам берген учурлар көп болгон.

Кыргызстанда терракт катары бааланган алгачкы окуя 2002-жылы “Оберон” базарында болуп, анда 7 киши мерт болуп, 30га жакын киши жараат алган. Жардыргыч заттарды күч түзүмдөрүндө иштеген адамдар сатып, аларды карапайым адамдар ташып, бирок кесепеттерине маани беришкен эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG