Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Транзиттик борбор чыгып кетүүгө камынууда


"Манастагы" транзиттик борбор.
"Манастагы" транзиттик борбор.

АКШнын Транзиттик борбору “Манас” аба майданына жалпы баасы 30 млн. доллар турган имарат жана техникаларды калтырып кетүүдө.

Бул тууралуу 2-июнда “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард журналисттерге билдирди. Ал эми 3-июнда имараттар жана техникалар кыргыз тарапка расмий өткөрүлүп берилет. Ал ортодо Бишкекте Транзиттик борбордун бир жарандык кызматкери 4 жылга соттолду.

Транзиттик борбор: 12 жылдын иши

Мындан 12 жыл илгери ачылган “Манастагы” Транзиттик борбор толугу менен жабылуу алдында турат. Бул жылдар аралыгында ал коалициялык күчтөрдүн Ооганстанда тынчтыкты орнотуу миссиясында башкы ролду ойногон. АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Милларддын айтымында, Ооганстанда кызмат кылган жоокерлердин 98 пайызы Кыргызстан аркылуу ары-бери өтүп турган.

Жон Миллард
Жон Миллард
- Биздин Транзиттик борборду Ооганстандын аба дарбазасы катары билишет. Биз бул 12 жыл аралыгында өтө зарыл жана кайталангыс төрт башкы максатты аткардык. Алар: абадан май куюу, жүктөрдү жана жоокерлерди ташуу, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү. 12 жыл ичинде биз май куюучу учактар менен Ооганстандын аба мейкиндигинде 33 миң жолу май куйдук. Биз ошондой эле 5 млн. 300 миңдей жоокерди ташыдык. Мындайча айтканда, Ооганстанда кызмат кылган коалициялык күчтөрдөгү жоокерлердин 98 пайызы биз аркылуу өткөндүгүн сыймыктануу менен белгилесек болот.

“Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор 12 жыл аралыгында Ооганстанда тынчтыкты орнотуу миссиясына катышкан 26 мамлекеттин жоокерлери үчүн кызмат аткарган. Транзиттик борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленчү. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллардан ашык каражат төлөп келген.

30 млн. долларга бааланган имарат, техникалар

Аталган борбор Кыргызстанга жалпысы 30 млн. доллар турган имараттарды, шаймандарды жана техникаларды калтырып кетүүдө. АКШнын мыйзамы боюнча 30 млн. доллардан ашык баадагы буюм-тайым же имарат, техниканы калтырууга болбойт. Ошондой эле атайын келишим болбосо, аскердик техника калтырууга да мүмкүн эмес. 30 млн. доллар деп бааланган сумманын ичинде Транзиттик борбордун аймагында салынган 200дөй темирден жана чатырдан салынган имараттар, 65тей транспорт техникасы, ток чыгаруучу генераторлор жана телевизор сыяктуу зарыл болгон үй жана кеңсе эмеректери бар. Транзиттик борбордун кызматкери, подполковник Роберт Гробер буларга токтолду.

Транзиттик борбордун кызматкерлери.
Транзиттик борбордун кызматкерлери.
- Бул жерде 200дөй имарат бар. Алардын жалпы суммасы болжолу 30 млн. доллар турат. Булар темирден жасалган имараттар. Ошондой эле өзүңөр көргөндөй чатыр имараттар да бар. Булардан тышкары кыштан салынгандары да бар. Темирден жасалган имараттарды 25 жылга чейин пайдаланса болот. Ал эми чатырларды 5-10 жылга чейин колдонууга мүмкүн. Айрым транспорт каражаттарын жана генераторлорду да калтырабыз. Азыр бул жерде эмнени көрүп турсаңар, ошолордун баары калат десек болот.

Ал эми борбордо 400гө жакын жоокер калган. Алар дагы келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетмекчи. Роберт Гробер өзү болсо АКШнын Аризона штатына, мекенине кетерин кошумчалады. Буга чейинки борбордо кызмат кылган аскерлердин жана техникалардын бир бөлүгү Румыниядагы аскерий базага, айрымдары АКШга көчүрүлгөн.

Транзиттик борбордо болсо жергиликтүү 700дөй киши эмгектенчү. Алардын бири - котормочу Валентина Турабекова:

- Мен бул жерде татыктуу иштедим жана маянам да татыктуу болчу. Бул жерде иштеп жаткан жана иштеп кеткен кызматкерлердин баары өкүнүп кетишти. Анткени мында иш тартиби абдан ыңгайлуу, айлык акы да жакшы. Ошондуктан бул жерде иштеген жергиликтүү 700 киши жана алардын үй-бүлөсү үчүн чын эле кыйын.

Транзиттик борбордун кызматкери соттолду

Ошентип, Транзиттик борбор толугу менен жабылып жаткан чакта Бишкектин Свердлов райондук соту АКШнын жаранын, Транзиттик борбордун кызматкерин 4 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кести. Маалыматка ылайык, “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун жарандык кызматкери, менеджер, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиус (Mccrea Branden Cornelius) ушул жылдын 9-мартында Бишкекте 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп кармалган. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү айтылган.

“Манастагы” АКШнын аскердик базасы алгач 2001-жылы декабрда ачылган. 2009-жылы жаңы келишим түзүлүп, анын аты Транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктайт. Бул күнгө карата анда бир да америкалык аскер калбашы керек.

XS
SM
MD
LG