Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Шаарда ар бир мектепке милициянын балдар бөлмөсүн ачуу демилгеңиз тууралуу айтып бересизби?

Турганбаев: Шаарда жүз мектеп бар. Бирок өспүрүмдөр менен иштеген 71 гана инспектор бар. Дагы 29 адам жетишпейт. Азыр бир ар бир мектепте бирден инспекторду бекитип берүүнү пландаштырып жатабыз. Андан сырткары ар бир мектепке бирден балдар бөлмөсүн ачалы деп жатабыз. Ал жакта жумуш эртең менен сабак башталгандан кечинде сабак бүткөнгө чейин уланат. Мектептеги тарбия иштери боюнча директордун орун басары менен чогуу кылмыштуулукту алдын алуу иштерин жүргүзөт.

Тентек балдарды ошол жерден каттайт, алардын ата-энелери менен сүйлөшөт. Башкача айтканда, милицияны элге, мектепке жакындатпасак болбой жатпайбы. Азыр бир эле инспектор 2-3 мектепти караган учурлар болот. Баарынан Ленин районунда мектеп көп экен - 29 мектеп. Азырынча бул райондон башкаларында инспекторлор толукталып эле калды. Акимдер менен сүйлөшкөнбүз. Алар мектеп директорлорун чакырып алып, балдар бөлмөлөрүн ачкыла деп сүйлөштү. Мен билгенден атайын токтом да чыгарышты.

“Азаттык”: Буга чейин убактылуу ыкчам топтор түзүлгөнү маалымдалды эле. Шаардыктар айрыкча жаңы жыл тоскон күнү милиция жакшы иштегенин кеп кылышууда. Бул топтор азыр да иштеп жатабы?

Турганбаев: Азыр күнүнө түнкүсүн кайгуулга 23 машина чыгып жатат. Анда бирден МАИ, экиден кайгуул-күзөт кызматкери бар. Кечки саат 9.30дан эртең мененки 7ге чейин иштешет. Мындай топторду 29-декабрда түзгөнбүз. Ошондон бери кылмыштарды изин суутпай ачып жатат. Мына түндө эле Дордойдо бирөө мас болуп алып, өзүн өзү өлтүрөм деп атканда беш мүнөттө жетип барышты.

Азырынча убактылуу деп түзүп койдум. Эми ИИМдин жетекчилерине Кайгуул-күзөт кызматтын базасында такай түнкү ыкчам топтор болсун деп сунуш кылып жатам.

Андан сырткары шаардагы төрт районго бирден жылып жүргөн милиция бекетин ачууну караштырып жатабыз. Эгер ачылса, мисалы, жанагы ыкчам топ бир кылмышкерди кармагандан кийин аны РОВДга алып барып убара болбойт. Кылмышкер кармалгандан кийин жылып жүргөн милиция бекети барат. Ал жерде тергөөчү болот, кагаздарды ошол жерден толтурат. Башкача айтканда, ыкчам топтор өзүнө бөлүнгөн аймактан эч кайда жылбайт.

Дагы бир саамалык: кайгуулга чыккан милициянын унааларына JPS системаларды орнотолу деп жатабыз. Аны орноткондон кийин машиналар кайсы жерде жүргөнүн, кандай иштеп атканын көзөмөлдөсө болот. Эксперимент кылып 1-2 унаага орнотконбуз. Азыр бир компания менен сүйлөшкөнбүз, майрамдар бүтсө, ар бир машинага орното баштайбыз.

Ошондой эле аймактык милиция бекеттерин ачканы жатабыз. Мисалы, азыр бир участкалык милиция 4 миң адамды тейлейт. Төрт же эки участкалык милицияга бирден күркө-үй койдуруп берген жатам. Анын ичин жылуулап, телефон коюлат. Мисалы, Свердлов районунда конуштарда 15тей ошондой күркө-үй керек. Кудай буйруса, 20-январга чейин орун камдайбыз, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да бул демилгени кубаттап, “милицияны жерге түшүрүп берсеңер жакшы болот эле” деп сүйүнүп жатат.

Ал участкалык милициялар да эртең менен ишин ошол жерден баштайт. Кечке чейин өзүнө тиешелүү аймакты көзөмөлдөйт. Эгер, мисалы, үй-бүлөлүк чыр-чатак, же дагы башка окуялар болуп кетсе, ыкчам топ ал жакка чейин барбайт, участкалык милиция эле арызын алып, каттап иштейт.

Мен участкалык милициялар менен сүйлөштүм, алар “ооба, азыр бизге бөлүнгөн жерлерде 3-4 саат эле иштеп атабыз, мисалы, Бакай-Ата, же дагы башка конуштарга барабыз, эки-үч саат кыдырабыз, бирок иш ордубуз алыс болгондуктан кайра келебиз, ал жакта көчөдө 7-8 саат жүрө бербейбиз да. Эгерде ошондой күркөлөрдү коюп берсеңер эртеден кечке-чейин кирип-чыгып ишибизди кыла берет элек" дешти. Ошондо элди да билет, эл арасында эмне болуп атканынан да кабардар болот. Бул сунушту мэр да колдоп жатат.

Азыр “Коопсуз короо” деген долбоорду да караштырып жатабыз. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна кароо-күркөлөрдү орнотуу боюнча. Мындай долбоор Алматы, Москва өңдүү ири шаарларда бар. Короолордо кылмыштуулук 80 пайызга чейин азайып жатат.

Милиция кызматкерлерине шарт түзүп бербесек, алардан кантип ишти талап кылабыз? Реформанын эң биринчи кадамдары ушул да. Шарт түзүп бергенден кийин маянасы, социалдык камсыздандыруу кетет. Милицияларды үй менен камсыз кылуу деген маселе турат. Мисалы, кайгуулда турган милициялардын абалы абдан эле начар. Борбор шаардын милициясы болгондон кийин ошолордун баарын оңдошубуз керек. Ошолордун баарын камсыздап бергенден кийин ишинин үзүрүн талап кылсак болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG