Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Талиеванын ордуна Максүтов көрсөтүлдү


Маданият министрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Алтынбек Максүтов "Көчмөндөр оюнунун" режиссеру болгон. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. 11-сентябрь.
Маданият министрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Алтынбек Максүтов "Көчмөндөр оюнунун" режиссеру болгон. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. 11-сентябрь.

“Ар-намыс” фракциясы режиссер Алтынбек Максүтовдүн талапкерлигин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөттү.

Өлкөнүн маданият тармагын жетектөө ниетин билдиргендерден КТРКнын мурдагы башчысы Кубат Оторбаев жана КТРКнын радио боюнча жетекчи орун басары Кайрат Иманалиев өз арызы менен талапкерлигин алып салса, обончу Исрадин Аманбаев менен режиссер Садык Шер-Нияз бир туугандары ЖК депутаты деген жүйө менен жарыштан четтетилди.

Тандоонун 2-туруна Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева жана эстрада ырчысы Урмат Усенов да чыккан, бирок режиссер Алтынбек Максүтов 13 добуш менен жеңип чыкты. Ал эми Эл артисти Роза Аманова баштаган талапкерлер 1-турдан өтө алышкан жок. “Ар-намыстын” 12 депутаты мурдагы министр Камила Талиева ордунда калсын деп добуш берген.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев министрдин орду үчүн соодалашуу болду дегенди четке кагат. Ал Максүтов кайсы критерийдин негизинде тандалганын мындайча түшүндүрдү:

- Алтынбек Максүтов өз күчү менен карапайым чоорчудан баштап, филармониянын көркөм жетекчисине чейин жеткен. Үч жогорку билими бар. Акыркысы Москвадагы Щепкин атындагы театралдык институт. Анын соңку мезгилдеги үч эле чоң эмгегин айтсак жетиштүү. Биринчиси - 12 мамлекеттен коноктор катышкан “Кийиз дүйнө” эл аралык фестивалын бюджеттен бир тыйын албай өткөрүп, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө таанытты. Экинчиси - Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына байланыштуу концертте акыркы жүз жылдагы кыргыздын корифейлеринин образын алып чыкты. Үчүнчүсү - жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунда” башкы режиссер болуп, негизги сценарийди ушул жигит жазды.

Садык Шер-Нияз неге ыза?

Маданият министри кызматына ат салышкандардын бири режиссер Садык Шер-Нияз “Ар-намыс” фракциясы талапкерлерди тандоодо саясий шоу кылганын айтууда. Ал парламент өкүлү бир тууганы болгону үчүн жарыштан четтеп калганына нааразы.

- Биринчиден, менин Алтынбек Максүтовго эч каршылыгым жок, аны жакындан тааныйм, өсчү жигит. Өзүм жөнүндө айтсам: мен бүгүн ыза болдум аябай. Анткени кечинде чалып, эртең онго келиңиз деп чакырышкан. Костюм-шым кийип, даярданып келсем, сиз кирбейсиз, тизмеден чийип салышты дешти. Муну мыйзам чыгаруучу палатанын мыйзамсыз иши катары баалайм. Баш мыйзамда бир тууганы депутат болсо, министр боло албайт деп жазылган эмес да. Бул чоң укук бузуу.

Каныбек Иманалиев эки депутаттын бир тууганы тизмеден эмне үчүн чийилгенин мындайча түшүндүрдү:

- Депутаттын тууганы, партиялашы, жердеши кызматка келбесин деп эл өзү талап кылып жатат. Муну Садык Шер-Нияз жакшы билет. Ал эле эмес, Урмат Аманбаеванын бир тууганы Исрадин Аманбаев деле жарыштан четтеп, унчукпай эле кетпедиби. Шер-Нияз болсо депутаттарды сөктү. Сөгүнгөн киши кантип маданият министри боло алат?

Ал эми “Ар-намыс” фракциясы тарабынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Алтынбек Максүтов кызмат ордуна бекип калса, тармакты жаңыча ыкмалар менен башкарарын убада кылууда. Өзүнүн айтымында, маданият тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар.

- Министр болуп бекип калсам сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өзүмдү көрсөтөм. Азыр маданиятка менеджмент, маркетинг жана заманбап техника менен иштөө жетишпейт. Менин жаштардан турган командам бар, ошолор менен жакшы иштерди жасайбыз буюрса. Биринчи кезекте маданий ишмерлердин аң-сезимин көтөрүп, жаңыча иш алып барабыз. Буга чейин филармонияда да, “Макал Арт” чыгармачыл бирикмесинде да ушул ыкмалар колдонулган.

Максүтов: маданиятта менеджмент жетишпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин процедура боюнча өкмөт башчысы жактырып, парламент бекитет. Мыйзам боюнча премьер-министр фракциянын чечимин четке кага алат. Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG