Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Борбор Азия регионунда Өзбекстанды кошпогон энергетикалык шакекче куруу демилгеси көтөрүлүүдө.

Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан кире турган ал шакекчени куруу канчалык реалдуу?

Энергетикалык шакекчеден Ташкенди четтетүү демилгеси

Тажикстандын “Барки точик” энергетикалык холдингинин бөлүм башчысы Уйгулла Ходжаевдин орус маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан бирдиктүү энергетикалык шакекче түзүүнү жактап жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, бул долбоордун жүзөгө ашырылышына Москва дагы кызыкдар. Анткени муну менен Орусиянын интеграциялык долбоорлоруна катышпай жаткан Ташкенди "жазалоо" мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Кыргызстандын “Электр тармактары” акционердик коомунун башчысы Медет Айткуловдун айтымында, Казакстан - Кыргызстан - Тажикстандын электр энергетикалык байланыштары азырга чейин деле үзүлгөн жок:

- Энергетикалык байланыштар бар. Тажикстан - Кыргызстан - Казакстан туташкан. Бирок Өзбекстанды бөлүп, өзүбүзчө шакекче түзөлү деген ой жок. Үч мамлекет биригип, өзүбүзчө шакекче түзөлү деген маалымат менде жок. Андай маселени талкуулай элекпиз.

Кыргызстандык эксперттердин маалыматы боюнча, Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан энергетикалык шакегин куруу маселеси өткөн жылдан бери көтөрүлүп келатат. Бул шакекте негизги ролду "Датка - Кемин" жана "Хожент - Айгүл-Таш" жогорку чыңалуудагы электр зымдары жана көмөкчү чордондору ойноого тийиш.

Кытай менен Орусия да кызыкдар

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Казакстан да бул шакекченин курулушуна кызыкдар экенине токтолду:

- Алматынын тегереги дүркүрөп өнүгүп жатат. Ошондуктан электр энергиясына талап аябай жогору. Тартыштык абдан көп. Экинчиден, биздин Токтогул ГЭСинен келип аткан электр энергиясы абдан арзан. Алматынын тегерегинде бир килловатт саат электр энергиясынын баасы 6 цент. Биз болсо биринчи жолу 2.8 центтен сатып жатабыз. 2.8 цент да аларга арзан.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, Өзбекстан өзүнүн ички энергетикалык шакегин түзүп алган. Бул Ташкендин Жаңы Ангрен газотрубиналык электр станциясын ишке киргизүүсү менен ишке ашкан. Бирок Ташкен айрым учурларда Кыргызстандын электр энергиясына муктаж болуп калат.

Энергетика боюнча адис Расул Үмбеталиевдин маалыматы боюнча, жаңы энергетикалык шакекчеге Кытай менен Орусия да катышууга кызыкдар:

- Эми азыр Тажикстан - Кыргызстан - Казакстан - Орусия - Кытайдын ортосунда сөз болуп атат. Менин оюмча, бул туура. Анткени кыш жана жай айларында электр энергиясын кээ бирөөлөр көп өндүрөт, кээ бирөөлөр аз өндүрөт. Ошондуктан энергетикалык шакечени түзсө болот. Бирок "Датка - Кемин" курулуп бүткөндөн кийин гана ал жөнүндө сөз кылууга арзыйт.

Үмбеталиевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 500 килловатт чыңалуудагы электр зымдарын тартуу зарыл. Бул үчүн дагы каражат керек.

Кыргызстан үчүн азырынча Өзбекстан чок ортосунда турган электр энергетикалык шакекчеден чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Кыргызстандын айрым чиновниктеринин газ кризисине жооп кылып, Чоң Наманган каналын оңдоо үчүн жабуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөзүнө Ташкен тарап бирдиктүү энергетикалык шакектен чыгуу мүмкүнчүлүгү менен жооп берип, Бишкектин талуу жеринен кармап койду. Бирок "Датка-Кеминдин" курулуп бүтүшү менен Кыргызстандын электр энергетикалык коопсуздугуна, башка шакектерди түзүүсүнө жол ачылмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG