Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Сарпашев кызматтан четтешин саясатка байлады


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кызматынан убактылуу четтетилди.

Сарпашев өзүнө каршы аракеттерди алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырып, кызматтан кетишине кызыкдар күчтөр бар экенин билдирди. Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектеги Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда бул факт боюнча өкмөттө мекемелер аралык атайын комиссия түзүлдү.

Тайырбек Сарпашев мындан туура беш күн мурун берген маалымат жыйынында чырлуу жер боюнча өзү түшүндүрмө берип, мыйзам бузуу болду деген дооматты четке каккан. Ал эми 13-февралда маалымат жыйынында өзүнө карата айыптоолордун артында президенттик шайлоого аттанган саясий күчтөр тураарын айтты:

- Азыр комиссия түзүлдү. Ал комиссия анык изилдеп чыгыш үчүн убактылуу кызматымдан четтеп турууга арыз жаздым. Мындай иштер жакында пайда болду. Шайлоону эскиче өткөргүсү келген саясий күчтөр бар. Анткени алар көнүп калган комиссия менен сүйлөшкөнгө оңой. Мага карата 2014-жылы дагы ушундай иштер болгон.

Сарпашев: Cаясий күрөшкө даярмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Ошондой эле Сарпашев жакында Максим Бакиевдин жерине байланыштуу күнөөлүүлөр ачыкка чыгарын кошумчалады.

Максимдин жеринен башталган чыр

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин камакта турган мүлктөрүнүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Анын жыйынтыгында камактагы мүлктөрдүн сатылып кетишине Сарпашевдин катышыгы бар экени айтылган. Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу маселеси парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында көтөрүлгөн.

Аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Сарпашевдин билдирүүлөрүн актануу деп баалады:

- Президенттик шайлоого эч кандай байланышы жок. Сарпашев мыйзамсыз документтерге кол койгон. Кызматтан алып койбой, кылмыш ишин козгош керек болчу.

Сарпашев саясий курмандыкпы?

Алдыдагы президенттик шайлоону утурлай саясий күчтөрдүн тымызын жүрүштөрү башталды деген талдоочулар да жок эмес. Өлкөдө саясий күрөш күчөп турганын эске алганда мындай пикирлерди четке кагууга болбойт дешет серепчилер:

- Бул кандайдыр бир саясий оюн болуп жатат деген ойго түртөт. Сарпашев эки жылдан бери иштеп турганда Башкы прокуратура бул ишти эмнеге алып чыккан эмес? Президенттик шайлоого жакындаганда ар кандай саясий оюндар болуп жатышы толук мүмкүн, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Тайырбек Сарпашевди кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлгөн учурдан бери бийликтин партиясы болгон КСДПнын депутаттары жана өкүлдөрү ачык пикирин билдирип же коргоп чыга элек. Ушундан улам экс-депутат Улукбек Кочкоров мындай деди:

- Бийлик кээде ушундай кадамдарга барышы керек болуп калат. Азыр бийликтин айрым иштерине нааразычылыктар арбын болуп жатат. Аны басыш үчүн кимдир бирөөнү садага чабышы керек. Бул киши ушундай саясий курмандык болуп жатышы мүмкүн. Бирок, кызматтан алуу менен гана чектелет. Кылмыш иши козголгон күндө деле аягына чыкпайт. Биз бул тажрыйбаны Иса Өмүркуловдун окуясынан көргөнбүз.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Тайырбек Сарпашев саясатка бизнестен келген. Ал 49 жашта, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган жана 2000-жылдарга чейин “Түшүм”, “Саят”, ”Градиент” өңдүү фирмаларды жетектеген.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болгон, Отун-энергетикалык комплекстер комитетин жетектеген.

Тайырбек Сарпашев соңку беш жылдан бери өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалап келет жана жалпысынан беш премьер-министр менен иштешти.

2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр болгон. Андан кийин биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган жана бул кызматта бир жыл иштеген. Мамлекеттик каттоо кызматына 2015-жылдын ноябрь айында келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG